1-ноябрда Кыргыз Славян Университетинде жогорку окуу жайынын студенттери арасында эл аралык компьютердик программалоо боюнча (International Collegiate Programming Contest - ACM - Kyrgyzstan Subregion) Кыргызстандагы регионалдык туру болуп өттү.
Аталган программалоо боюнча турнирге 40 команда катышып, ар бир команданын курамын 3 катышуучу түзгөн.
Турнирге Эл аралык "Себат" билим берүү мекемесинин мектеп окуучулары сынактан тышкары катышкан. Сынак компьютердин жардамы аркылуу өтүп, суроолор атайын серверге жиберүү менен текшерилген. Башкача айтканда, билимди текшерүүдө адам фактору болгон эмес.
Бардыгы 9 суроо берилди. “Себат” командасы алардын ичинен 8 суроону туура чыгарышкан. Сынактын жыйынтыгы менен «Себат” лицейлеринин атынан катышкан команда биринчи орунду жеңди.
“Себат” лицейлеринин командасынын курамындагы окуучулар - 11-класттан Азирет Кенжалиев, 10-класттан Амангелди Жусубалиев менен Залкар Токтоназаров жеңүүчү деп табылды.
“Биздин окуучулар негизинен Кыргызстандагы жана Европадагы мектеп программалары менен англис тилинде билим алышат. Бул жеңишти, демек, окуучуларыбыз компьютердик программалоо боюнча эл аралык сынактарга дагы катышууга багыт алып бара жатат деп, кубануу менен кабыл алдык. Бул “Себаттын” эле жеңиши эмес, жалпы Кыргызстанда окуп жаткан студенттердин ийгилиги деп ойлойбуз”, - дейт “Себат” билим берүү мекемесинин башкы директорунун орун басары Ислам Иманалиев.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев