Түрк тилдүү элдердин арасында популярдуу болгон бул ырдын автору белгилүү обончу композитор Туголбай Казаковдун айтымында, бул ырды жаратканга өтө көп эмгек жумшалып эки жыл дегенде жазылган ыр экен.
Обончу бул ырды студент болуп окуп, жатакада жашап жүргөн кезинде бир досунун окуясына таасирленип жараткан экен. Досунун суйлошуп жүргөн кызы.турмушка чыгып кеткенде, ал катуу стресске кабылып, өзүнө кол салгысы келип, жатакадан поезд жолуна чуркаганда болочок обончу аркасынан чуркап, экөө бирин бири кубалашып Балыкчыга кеткен поезд жолуна жеткенде, досунун багына, поезд өтүп кеткен болот. Ошо жерден күн катуу күркүрөп жамгыр чакалап төгүп жиберет. Досунун кайгысын тең бөлүшкөн жаш обончуга ошо жерден ырдын биринчи кайрыктары сөзү менен кошо келет.
Ырдын эки сабы ошо жерден жаралып, ыр толугу менен эки жыл дегенде жарык дуйного чыккан. Биринчи.эле ресторанда ырдалып, кийин Дооронбек Садырбаевдин " Кнопка" аттуу кыска метраждуу телефилинде жаңырып, ошондон кийин гана чоң сахнага чыккан экен.
Табигаттын кереметтүү кубулушу болгон жамгырдын дабышынан улам томонку кайрыктар эске түшөт:
Жамгыр төктү эч басылбай,
Биз келаттык кол шал болуп.
Жол кароого көз ачырбай,
Бет алдымдан шамал согуп.
Жамгыр философиясы аркылуу калың журттун көңүлүн буруп, жүрөгүнөн түнөк тапкан, ыр ышкыбоздорунун кызыгуусун жараткан "Жамгыр төктү" ырын укпаган, билбеген болбосо керек.
Жылдар учат канаттудай,
Жамгыр төгөт эч басылбай.
Жамгырларда эскерербиз,
Туңгуч сүйүү унутулбай.
Адамдын жан дүйнөсүнүн эң бир назик кылдарын бирден терип черткен не деген кайрыктар! Бул ырдын кандайдыр бир сыйкырдуу күчу бардай. Чыгарманы укканда жагымдуу обон менен алгачкы аруу сезим бири бири менен жуурулушуп калкылдаган кусалык алкымына которулуп келип каректерге ысык жаш термелет. Бул ырда ар бир сөз маани, мазмун, ага удаа келген обон жүрөктү элжиретип миң түркүн ойго жетелейт. Жан дуйного дүрбөлөң түшүргөн мынчалык кооз, мынчалык аярлуу кылып обонго салыш табият берген талантка да аздык кылса керек. Обонуна сөзү дал келип, балалыкты, жаштык менен сүйүүнү, кездешүү менен коштошууну, кубануу менен кайгыны, дегеле адамдын жан дүйнөсүндөгү миң түркүн сезимдерди жетелеп дал чекеге алып келип туюп бергендей сезилет.
Күн күркүрөп жамгыр токту,
Ошол күндөр кайда кетти.
Жаштыгымдай же кечээги
Кайрылбастан кете берди.
.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 8
Арыбагыла жакшылар!
Салам Нурдин иним, кандайсын ден соолук иштерин жакшыбы?
Жаз келгени белгиси.
Жакшы көргөн асылын,
Бергиси жок, бергиси.
Муңун айтып күн түнү,
Жаады, жамгыр тынбады.
Жакынына жете албай,
Жаздын гүлү сыздады.