Баалаганы бардык жагынан көрүнүп, билинип турат: иш-аракетинен, сүйлөгөн сөзүнөн, көз карашынан. Ал сүйүктүүсүн таарынтып алгандан, сезимдерин оорутуп алгандан кооптонуп турат. Эгерде ал чындап суйсо бир секундага да сүйгөнүнүн сезимдерин өчүшүн каалабайт. Чыныгы эркек эч качан сүйүктүүсүнө таарынбайт. Ал жөн гана сабырдуулук менен ачуун тарашын күтөт, анан кайра мурункудан да бекем сүйүп баштайт. Ал сүйүктүүсүнө бардык нерсе кылганга даяр. Бардык жактан колдо көрсөтүп, колунан келгенин аябайт, жардам берет, акча табат. Сүйүктүүсүнүн ар бир муктаждыгын аткарган ал үчүн чоң бакыт.Ал эмес, сүйүктүүсүнө төшөктө да эң мыкты өнөктөш болуп берет. Бирок өзүнүн гана чындап сүйгөнүнө. Ал мен сени сүйөм деп какшаган эркек эмес. Ал такыр башка. Ал дайыма сүйүктүүсүнүн жанында жүргөн, көзүнун кареги менен тең айланган, унчукпай сүйгөнүн бактылуу кылган эркек. Алар шагыл таштардын арасында катылган асыл заттардай болуп жылтырап турушат. Качан гана жашооңдо ошондой чыныгы эркекти жолуктурганда, сен бактылуу боло аласын! Бирок биз озубуз да, айымдар, ошондой чыныгы эркеке татыктуу бололу. Барга коппой, жокко чөкпөй, эркекти сыйлай билели, себеп дегенде аял эркекти сыйласа - эркек ааламга сыйлуу, а эгерде эркек аялды сыйласа анда бул бактылуу жашоо.
Ошондуктан баарыныздар озунуздордун суйунуздорду таап, жашооңуздарды дайыма бакыт таалай коштоп журсун.
Жасмин Амирова.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 3