Бумерангты ыргытсан, кайра өзүнө кайтып келер күчү бар. Ар бир туура, туура эмес жазаган ишибиз кайра өзүбүзгө бумеранг болуп кайтып келет. Боорукерлик жана эки жүздүүлүк эки карама каршы адамдык сапат. Мына ушу эки карама каршы сапаттар жөнүндө сөз болмокчу.
Эки жуздуулук. Ар күнү ар кандай эмоциялар менен күнүбүз коштолот. Кээде отуруп алып адамдардын эки жуздуулугун көрүп өзүмдү өзүм жаман сезем, анткени эки жүздүүлүк, карасантайлык, жүзү каралык - бул адамдын эң жаман сапаттарынын бири деп эсептейм. Жашоодо эки жуздуулугун көрсөткөн адамга эң күчтүү жаза - бул унчукпоо. Мындан артык жаза жок. Эгерде ал адам сенин жакындарынан болсо, анда ал сенден кандай жооп болорун аябай кутот. Канча көп убакытка чейин унчукпай, аны көзгө илбесен, ошончолук ал адам тынчсызданып айласы кетет. Ал дайыма сенден сокку күтүп жашайт, анын жашоосу тозоко айланат. Ал телефонго түшкөн ар бир чоочун номерден кооптонуп турат. Сенин соц.сетьдеги баракчаларынды карап, ар бир жүктөгөн постуна көз жүгүртүп сенден жамандыкты күтөт. Эгерде, сен орусча айтканда, подлость жазаган адамды жазалагын келсе, сен ал адамдын денгеелине түшүп жооп кайтарам деп убара болбо, анткени ал өзүнөн өзү коркуп журуп жүдөп, айласы кетип, жашоосу тозоко айланган. Сен акылдуу бол. Акылдуу адам майда-чүйдөдон алыс болот, негативке көп көңүл бурбайт, башын оорутпайт, анткени билет жашоо - бумеранг, туура эмес жазаган иштердин акыбети кайтат, бул жалганда гана эмес акыретте да жооп берет. Акылдуу адам кектебейт, кекчилдиктен алыс болот. Ал жөн гана оз жашоосун улантып жашай берет, анткени ал БАКТЫЛУУ АДАМ.
Боорукерлик. Бардык боорукер адамдарда бир өзгөчөлүк бар - алар биздин жашообузду өздөрүнүн келиши менен кооздойт. Боорукерлик - бул каакым кукумдай! Алгач жүрөктө жаралат, анан каакым кукумдун улпулдокторундой болуп ар тарапка учуп, сенде болгон боорукерликти айланага чачып көбөйтөт. Сен берген боорукерлик кайра өзүнө эки эсе, үч эсе коп болуп кайтып келет. Боорукерлик - бул жүрөктөрдүн ортосундагы көпүрө. Бул озунчо бир аалам,.сенин жан дүйнөндогу уюп турган жылуулук. Бул жакшы созго, жакшы мамилеге муктаж болгондорго жардам беруу. Боорукерлик көңүл коштук эмес. Бул ар түстүү кооз дүйнө, табигаттын жана турмуштун кооздугу. Боорукерлик - бул берешендик, жүрөгүнөн чыгарып адамдарга берген жардамын, жылуулугун, камкордугун. Айланандагыларга, жакшы коргон адамдарга, жакындарына, деги койчу бүт ааламга боорукерлигинди аяба, анткени жашоо - бумеранг, эмнени чачсан, ошол нерсе кайра өзүнө кайтып келет. Көңүлдөр оорубасын! БООРУКЕР бололу!
Кордунуздорбу, адамдагы жакшы сапат анан жаман сапат. Бул экөөнө тең бумеранг иштейт. Жаман иш кылсаң, жамандык менен кайтып келет, жакшы иш кылсаң жакшылык менен кайтып келет.
Жасмин Амирова.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев