_*Уландысы...*_
Бул суроого Ибилис мындай деп жооп берди;
-- Билбейсиңби эй, Мухаммед! Бирөө бар,
мал-мүлкүн, байлыгын жанындай сүйөт. Ал Аллахка чын ыкластан берилген пенде эмес... Бирөө бар ал байлыгын да, бийлигин да, элге көрүнүп алкыш алганды да жакшы көрбөйт. Мына ушул адам Аллахка чын ыкластан берилген пенде. Мен мындайлардан дароо качам . Кайсыдыр бир адам байлыкты, элге көрүнүп алкыш алганды жакшы көрүп, жүрөгү утурумдук дүйнөнүн түркүн түстүү азыгырыктарына ыктап турган чакта мен сизлерге жогоруда сыпаттан берген пенделердин арасынан ал мага эң көп моюн сунган пенде болот.
Билесиң го, мал-мүлккө болгон сүйүү эң чоң күнөөлөрдөн бири.
Билесиң го, эй, Мухаммед! Башчылыкка болгон сүйүү да эң соң күнөөлөрдөн бири.
-- Эй, Мухаммед! Билбейсиңби менин жетимиш миң балам бар...
Булардыр ар бирин ар башка жерге дайындаганмын...
Ошол ар бир балам менен бирге дагы жетимиш миң шайтан бар...
Алардын бир бөлүгүн аалымдарга жөнөттүм....
Бир бөлүгүн жаштарга жолдодум...
Бир бөлүгүн болсо, карыяларга, олуяларга салдым...
Бир бөлүгүн улгайган аялдардын башына балээ кылдым. ..
Жаштарды айта турган болсок, арабызда эч бир түшүнбөстүк жок. Алар менен аябай жакшы келишебиз...
Кичине балдарды айта турган болсок, биздикилер алар менен да каалагандай бирге ойлошот...
Биздикилердин бир бөлүгүн ибадат кылуучулардын башына дарт кылдым, бир бөлүгүн болсо ибадат кылып, дүйнөгө кызыкпагандардын башына азап кылып жибердим. Алар булардын жанына барып, бир абалдан бир абалга кирип, бир дөбөдөн аркысына барып дайыма кыдырып турушат. Ушундай шекил алышат, ар түрдүү айла-амалдарды кимдир бирөөгө акаарат кыла башташат...
Мына, ушинтип алардан ыкластуулукту алам. Алар ушул жагдайлар аркылуу мындан ары ыклассыз ибадат кылышат. Бирок алар мындан бейкапар.
_*Уландысы бар...*_
*Шайтандын азгырыгы*китебинен алынды
*ИСЛАМ ДИНИЙ МЕДИА ПОРТАЛЫ*
*Бизге катталыңыздар:*
Whatsapp :
+ 7 925-237-91-01
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Нет комментариев