12~ Бөлүм !
Кечинде Эльгизанын үйүнө шашып Айкөл келе жатты... Кечке уктагандыктан башы ооруп, көңүлсүз эле... Айткан дарекке жете келди...
Көп кабатуу үйдүн онунчу кабатына көтөрүлүп, 145~нөмерлүү үйдүн эшигин какылады.
Элгиза эшик ачты . Ачык маанай, жүзүндө аялдык бакытты көрүп турду. Өзгөчө махабатка толгон көзү...... Ансайын сулуулугуна көрк кошулуп, жаркылдайт..... Төшү ачылган кара жылтырак көйнөгүн кийип, чачын бийик тарап, жасанып алган... Жоон тросу көзгө ташталат......Кымбат баалуу атыры үй ичин толтуруп киргенде буркурап , адамга жагымдуу жыт тартуулайт......
~~Кел жаным! Кечиктиңго ~деди шарактап күлүп.
~~Келдим, ким бар тиги жакта.?
~Саша эле бар. Жүрү кирип олтур...
~~Эльчин келген жокпу ~деп кулагына шыбырады...
~Жок ,эми келет. Биз сени келет деп айтпадык. Келгенден соң озү түшүнөттүр.
~~Мен кете берейинчи , кызыктай абалдамын... Көңүлүм тартпай жатат.
~~Жүрчү , сен чындыгында жинди немесиң. Ушунча келип кетип каласыңбы жүрү....
Колунан жетелеп алып кирди..... Саша олтурган төрүдө... Чакан стол жасалып, Кыргызстандын куручунөн аш демделип, устүндө казы басылып, бир мискейде толтура курут турат... Эң кымбат Армияндардын беш жылдык « Жаң~Жаң» деген коньягы, Виски Белуга арагы , ар түркүн жашылча жемишер. Түркүн салат, кымбат баалуу кызыл балыктар тарелкага тизилип турат.... Тартынып, кирип бир чекеден орун алган Айкөлгө Саша шампан арагын, гүл сыяктуу оролгон кооз бакалга куюуп сунду.....,
~~Мен ачкамын, тамактанып алайын ,~деп колунан алып, столдун четине койо койду... Демделген аштан , жеп ыссык чай ичип олтурушту. Кепке тартып, өткөн кеткенден сөз ачып, кичинеден шампан арагынан ооз татып , бул арада үчө кызыйда түшүштү... Айкөлдүн жүзүн күлкү аралап, ачылып, күлүп аралашып кетишти Саша экөө тез эле тил табыша...
Көп өтпөй эшик тыкылдады...
Эльгиза шашыла туруп эшик ачты....
~~Келиңиз Эльчин Мырза . Күттүрүп кайда жүрөсүз?
~~ Келдим сулуу, ажарың көздү уялтатко! Кана менин кымбатуу досум. ?
~~Сизди чыдамы кетип жанатан бери күтүп жатат. Сиздин көптөн бери какшап айтып жүргөн бардык суранычыңыз бүгүн орундалат. Кыргызстан күрүчүнөн аш, казы сиз үчүн!!
~~~Оо ! Чырагым! Эмне каалайсың ! Айтчы сыраз орундалат. А бул сенин сулуулугуң үчүн, а бул аш үчүн, а бул досумду бактылуу кылып жашартып, сүйүп жүргөнүң үчүн деп беш миңдиктен үчөөнү карматты...
~ Шашылбаңыз ! Анан да сизге күтүлбөгөн белек бар !
- Ха ха ха сен кыйтырсың . Мага жагатта абдан жагатта мүнөзүң!!! Эмне белек?
---Тарам ! Тарам ! Пампарам ! Хехе хе Мына Айкөл менин белегим!
~~Оо ! Мына менин эң ардактуум ! Ак куум !~ деп келип колунан өөп койду....
~ Ырахмат силерге Саша , Эльгиза сидерди дайым эске аламын. .....
Бир күн ыраазы кыламын- деп көзүн кысты.
~~ Кел Мырзам олтур, тамактан жаңңылап алып келгиле менин эң жакын досум келди ....
Кел досум , тамактан алдын бирден алып жиберели. Арак , коньяк, виски ,кайсынысынан болсун....! ?
~~Коньяк, бирди көңүлдөн чыгарып куйчу . Бүгүнкү күн мен үчүн өзгөчө , кана алгыла .!
Кымбатууларым! Силер менин эң жакын инсандарымсыңар ! Ушул жылда дагы да ийгиликтер коштоп, келечетеги ой максаттарынарга жетишип, көрө албай жүгөн душмандарыңарды багындыргыла !!! Силердин сүйүүнөр өчпөсүн. !
~~Ураа! Айтканыңыз келсин , эң жакшы калоо тилектер ! Көтөргүлө бакалыңарды ! Түбүнө калтырбай алып ийгиле ! ~ деди наздана каткырып Эльгиза... Кылыктанып, Сашанын ар жак бер жагына өтүп, мойнуна асыла калып, ээркелеп , өөп жыттап айласын алты кетирди...........
Жашы элүүгө таяп калган акчалуу эркектердин көздөрү жаш денеден өтүп, кучагына тарткысы келип, шашышты....
Жаш селкилер атасындай эркектердин жашы көрүнбөй, караган сайын акча көрүнүп, ансайын жагынуунун амалын ойлошту....
Мас болуп калган Айкөлдү Эльчиндин кучагына салып берди.... Көптөн бери көзү өтүп, кучагына тарта албай жүргөн Эльчин Айкөлдүн , дене мүчөсүнө , жүзүнүн сулуулугуна, жаш денесинин жылуулугуна мас болуп, жакындаган сайын жүрөгү катуу согуп, денесине майда калтырак басып, диванга басып жыгылды... Эриндери чапташып ,эзелтен сүйүшүп ,жүгөн жакын таныштардай биригишти...... Таң агарып атканда кызуу уйкуга кетишти....
Мына ошол күдөн баштап, Айкөл Эльчиндин карамагына өттү.... Бир айда ресторандын директорунун орун басарына айланды...
Күндөгүдөй баары кызуу жумушта.... Тилегенда тамак бышырып, кухняда иштеп калды. Айкөл жумуш боюнча деп күндүзү чыгып кетип ,кеңири Эльчинге жолугуп , ашыктыктык отуна жалындап күйүп , таза сүйүүсүн бири бирине арнап жүрүштү...
Тилеген өз атасынын өлгөнүн да уккан жок... .... Ата~энеси тууралу ой да келген жок. Дуба дубана кылып койот ~ деп илгерки адамдар бекеринен айтышпаган туура....
Сезими жок, бир инсанга айланды да калды...............
Чак түш. Зал толо адам. Келген адамдар кезек күтүшүп, тамактануу үчүн тизилип, эшик алдында турушат. Тилеген бутту бутуна тийбей , келген буйуртмаларды бышырып, жүрөт... Улам~улам чыйкылдап, темир апараттан буйуртманын кагазы уланып чыгып жатты....
Баарынын көңүлдөрү ачык ! Канчалык адам көп болсо , маянасы да көп болот эмеспи...
Аңгыча залдан кыйкырган аял кишилердин үндөрү угулуп калды... Көзү түшкөн Тилеген , колундагы бычагыны ыргытып , залга жүгүрдү... Эльчиндин аялы менен кызы.эки тараптан Айкөлдүн чачын жулуп, ызы чуу , болуп жаткан....
Тилеген , эки тарапты ажыратып, Айкөлдү билектен алып, жумушунда таштап чыгып кетти....
Бакырган аялга да кызына да кулак салбады... Баарын билген, бирок Аллахтын мага берген жазасы деп Айкөлгө ынсап ,ыйман тилеп олтурган....
Үн сөсүз экөө ээрчишип батирине барышты..
Ыйлап жаткан , Айкөлгө боору ооруй кучактап ,өзүнө тартты...
~Кечирип кой! Мен күнөөлүү ! Ыйлаба эми ал.жерде иштебейбиз. Башка жумуш караштырамын...
~~Мен ошол жерде иштеймин. Менин көтөрүлүп кеткеними көрө алышпай жатат... Акча көп, эл көп баары өз жайында аларга дагы эмне керек?
~~Бир нерсең жакпай жаткандырда. Эмнеге сени Эльчинге жабыштырып жатат. Бир нерсеңер барбы?'
~~Акылдан азгансыңго ! Сен да ошолор тарап болуп жаткансыңго . ,!
~~Жөндөн жөн аларда келип сага кол көтөрбөсө керек.... ?
~~Ооба, жүрөмүн. Мен ошондой шуркуямын. Болдубу ? Жактыбы сага ? Билип туруп эмне сурайсың? Баарын билип туруп, эмне жашап жүрөсүң ?
Артыман ээрчибегин. Намыс барбы сенде? Издебегин. Тойдум жададым... ~деп эшикти каттуу жаап сыртка чыгып кетти...
Үйдөн чыгып, Эльгизанын батирине жол тартты. Эльгиза да Айкөлдү күтүп жаткан. Ошол күндөн баштап, Айкөл Эльгиза менен чогу жашап калды... Жумушка да чыкпай , батирде эс алып жатты.... Эльчин тамак ашын даярдап, колуна акча карматып кетип жатты....Тилеген экөөнүн тагдыры эки жакка бөлүнүп кетти...
Эки бөлмөлүү батирдин ичи иреттелип, өз ордун таап коюлган буйумдар.. Терезе текчесиндеги гулдөр, күн эчак көтөрүлүп, парданын жылчыгынан күн нуру төгүлүп, үйгө жарык кирип калган... Айкөл чозула басып, уйпаланган чачын артка тарап, жуунганы душка кирир кетти.... Эшик илмегини илип албай , бөлмөдө эч ким жок деп жуунуп жаткан кезде эшик ылдам ачылып, Таджик улутундагы бир жаш улан кирип келди...
Айкөлдүн бакырганына карабады. Жулкунуп бошонуп кетүүнүн амалын көздөп, канча жолу аракет кылса да каарылуу колдордон бошоно албады.. Алы жетпей анын оюндагысы менен болуп берди... Эч нерсеге түшүнө албай Элгизаны күттү .. Түн жарымда мас абалда келди курбусу...
Шыгыратып , күлүчү менен ачып, кухняда олтурган Айкөлдүн астына жыла басып келди...
~~Бул эмне жоорук! Сенден мындай нерсени күтпөгөн болчумун....?
~~Эмне бакырасың? Элүүдөн ашкан чалдардын кумарын кандырып, алардын каарылыгын көтөрүп, өз жыргалыбызды унутуп баратабыз. Күчтүү жигит менен бир жыргасын дедимда.. Эмне капа болосуң?
Сен жыргалын бир тартып алсаң , Эльчиндин акчасына эле өзүңдү курман кылып жүргөнүңдү билесиң. Жашоонун жыргалы кайда экенин билбейсиңда курбум....
~~Эмне каалайсың менден ? Кандай аялга айланып баратабыз?
~~Сенден эч теке керек эмес. Биз эчак эле сен айткан адамга айланып бүткөнбүз.. Башына түшпөгөндөр жаман жүрүшөт. Ммм бузукулар? Шуркуялар - дейт. Аа ал эми өз башына түшкөндөр ырас кылыптыр дешет. Анан дагы бир варианты бар. Бул кесипти да эптегендер кылат. Ааа сени жакшы жыргал жашоону корсун деп жатамын. Өзүнүн кыдырын билсин деп жатамын. Отко тартсам бокко качасың. Эртең кыргызстанга барсаң кара казан кармап көө болуп, шоруң катат. Түзүгүрөөк үстүңө бир чүпүрөк ала албай. Биздин балдардан мындай сый ды көрбөйсүң. Сүйлөшүп койсоң менчиктеп алып, уруп тээп, жада калса иштеген акчаңа да ээ болуп алат... Каалашынча колдонуп, анан бир күнү сызга отургузуп , Көтүңө бирди тээп таштап кетет.......
~~~Эмне болгон сага .? Акылыңа кел. Андан көрө Эльчин менен Сашаны саап, ичип жашаганыбыз оң!
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 63