3–бөлүм......
Эх! Бир кем дуйнө !Арсыз дүйнө! Арман дүйнө!
Мээрим көзүн ачпай даалайга чейин жатты. Башы каттуу ооруп, колуну кыймылдаталбай жатканын арааң сезди. Кулагынын астына жылуу кан агып келип , жерге жайнады. Бир заматта жер астын - үстүн болуп, кулагы тунуп эч темке укпай калды..... Оо дүйнөгө сапарга даяр эле. Жашайм деген үмүтөн, жашабай каламын деген ишеничи көбүрөк болчу... Ичинен тилегенгени
––«Ээ кудайым жанымы алып кетчи?!» –деп ич ичинен бул жалган жашоонун сыноолоруна туруштук бере албай, жаш жаны ооруп турду. Андан арткысын билбейт капкараңгы туңгуюкка кирип баратты. Бир кун өттү арадан . Мээрим өзүнө арааң дегенде келди. Жаткан палатасында эч ким жок болчу. Көзүн ачып, өзүнө келе албай акталган шыпты бир даалайга чейин тиктеп, жатты. Мурдакы күнү болуп өткөн окуяны элес булас эстей баштады. Унаанын каттуу келип он кол тараптка тийгенин эстеп , көзун жумуп алды. Журөгүндө коркуу сезими түнөк алган болчу. Ангычакты Кымбат апа менен Зулайка кирип келишти. Зулайканын көзу тоодой болуп шишип кеткен. Кечетен бери өзүн күнөөлөп ыйлай берип.
–––Мээрим ! Ай Мээрим кагылайыным, айланып кетейиним. Эмне болду ? Неге мындай кылдың кызым . Атаң мени тирүүлөй гөргө тыгып кетти эле эми сенби? Унаанын алдына атырылып чыкканында мени ойлодуңбу ээ жинди кыз ? –деп өксүп Зулайка ыйлап жатты. Тизелеп олтуруп , Мээриимдин колун өөп, кайра –кайра жыттап көз жашын төктү. Эмне болсо да эне да. Кызынын соо калганы жашоого дагы бир жолу умут берди.
Мээрим бат эле өз апасынан тажап чыкты.
Колоңсо атырынын жыты тез эле башын оорутуп көңүлүн айлантырып, кускусун келтирди. Көзүн ирмеп , көюп сүйлөөгө дарманы келбей жата берди. «Эртерек чыгып кетсе экен»– деп «ак» эткенден «так» эттип. Бир бурчта карап турган Кымбат апага көзү түштү. Кунөөлү адамдай жер тиктейт. Ак жолугу, кызыл майда гүлдөрү бар көйнөгү көйкөлүп , жүзүндөгү ыйманыны нур сымал чачырап ого бетер адамдын жүрөгүнө ,көнүлүнө жылуулук тартуулап ажарын ачат.
Акырын басып келип, Мээримдин чекесинен сылап, өөп ,
–Амансыңбы кызым? Эч жериң оорубай элеби?
–Жок –деп унун акырын чыгарып жооп берди.
Аңгычаңты атырылып Зулайка :
–– Колуңузду тартыңыз менин кызымдан сизди деп ушул абалга кезикти. Бир жери бирдемке болсо жоопко тартыласыз. Чыгымдын баарын төлөңүз. !
Менин акчам жок!. Жетимдерими зоорго багып жатканымда төбөмө кудайдын каргышы тийди. Багып жатканымда ушул шумдук эле жетпей турган. Силердин акчалуулардын айынан минтип какшып отурамын. Жер жутсун ! Ылайым жер жутсун!
––Ай Зулайка! Айланайын, ооба өзүм төлөйм, эч кабатыр алба. Баары жакшы болот. Кырсык кабак каштын ортосунда деп бекер айтылбайт экен. Мындай болушун ким билиптирдейсиң!? Сөзүңдү ондо айланайын , оозуна кара таш! –деп колундагы жүз аарчыны бир эки бүктөп ыйлап жиберди.
––Жок, жок ыйлабаңыз айтып койом да мен кечиресиз. Ачууга алдырдым демиш болду. Зулайка ушуну эле күтүп турган төлөшүн билип жаны жай ала тушту.
Мээрим апасынын кылыгына нааразыдай көз караш кылып карап койду. Бул корунушко конуп та калган. Ыйман , абийир , намысты акчага алмаштырып койгон эчак эле. Көрүнгөн айлындагы эркектин астында жатып тагдырдын татаал сыноосуна кабылган. Умар көз жумуп калган кезде балдары абдан жаш болгон. Ыйлап –сыктап жан багып , журду. Өзү сулуу, бото көз жан болгондуктан далай кишилер уйлмөнмөкчү болуп сөз айтырды. Балдарыны ойлоп , жетпес турмушка бышып, сыртта эркек, уйдө аялдын милдетин так аткарып жургөн кезде айылдын өкмөтү Нуралы жолдон урду. Нуралы эзелтен Зулайкага көз кырыны салып жүрчү. Суйкайган сулууну астында кыңшылап жатканын эстеп көргөн сайын шилекейин тарта албай тамшанып калчу. Ошондой күндөрүндө жолдошунун каза болгонун укканында жеңишке жетишкендей абдан кубанган. Көп өтпөй эле айылда атагы чыккан аракка берилип, өзүнүн денесин сатып, эле оозунда элпек болуп жургөн Чынарадан айтырат,
–«Мага экинчи жубай болуп турмушка чыксын эгер каалабаса көңүлдөшүм болсун. Эч бир жан билбейт. Балдарын багамын, баар жоктон камсыз кыламын»–деп айтырган. Айтырып жок деген сөзүнү угуп , абдан ачуусу келип өчөшүп та калган болчу.
«Сага бирди көргөзөмүн , менин шагымды сындырдыңбы эми кор болосун »–деп.
Зулайка да эң биринчи адам , эне , аял. Эгер адам баласынын башына оор түйшүк түшсө. Чыдайсың! Ал эми балдарың ачка калса сен баарына даярсың. Адамдардын каардуу сөздөрүнөн тажап балким ушул жолго түшүп кеткендир. Айтор айтсаң себеби көп.
Тар көйнөгунөн баскан сайын балтыры көрүнүп, оору канадагы эркектер Зулайкага шилекейлери куюлат. Эңкейип , туфлисин аарчып жатканда апапакай кош алмадай көкүрөгү баарына көрүндү.
Аялын күтүп олтурган Мураста жанында олтурган чоочун эркекке карап :
–Вай эненди тигини карачы ,жөн эле басса калсаң ,жалындырып, дап даярго деп туртуп койду. Экөө каткырыкты калын салып жанынан өтүп бараткан Зулайкаганын баштан аяк көз жиберип койду.
Зулайка да көздөрүн өзүнөн үзө албай жалдырап тиктеген эркектерди сынап өтүп бара жатты. Көзүнө жакшы кийинген акчалуу адам урунбады. Тыкылдап башкы даарыгердин эшигин каккылады.
–Саламатсызбы. Кирүүгө мүмкүнбү?
–Келиңиз эже ! Саламатчылык.
––Ой кечиресиз 16–палатада жаткан оорулу кыздын апасы боломун. Кызымдын ак акыбалы кандай , билуугө келдим.!?
– Аллах сактаптыр эже. Колу сынган. Башы катуу чайкалган. Бөйрөгү да эзиле тушкөн , бирок коркпоңуз баары жайында даарыласа болот. Кызыңыз аябай күчтүү кыз экен. Жаш да. Тез эле бутка турат. Баарына чыдады. Азамат баатырлык көргөзүп , чон бир эжени сактап калыптыр. Угуп алып эрдигине таңыркадым. Кандай эне тарбиялады экен бул кызды деп.
––Атасын тарткан. Мени кайдан тартсын. Өнү да кылык жоругу таамай атасы. Атасы милиция кызматкери болгон. Байкуш алда баатырларча курман болгон. Өлгөн өлүп кетти. Азыр аны эч ким эскербейт. Аты да чыккан эмес. Жашып ыйлап кирди.
–Ой эже кечиресиз , эски жаратыңызды билбей козгоп койгонум учун. Кечирип койюнуз.
––Эч теке эмес. Жоок , менда ушундай арсыз жашык болуп калдым. Рахмат сизге.
–Колубуздан келгенин кылдык. Калганы Аллахтан эжеке.
–Жумуштан качан бошойсуз? Чай алып берейин.
––Ой жоок рахмат . Тим эле коюңуз эже.
––Кой мен алып беремин. Кечинде чыксаң мен келемин. Тамактанабыз. Барбасаң капа боломун. Кызымды сактап калдың. Эми жашыбыз теңдей го сен да сизда бир ооздон чыгат сен эле дей берейли бири бирибизди.
––Ой эже барамын деп айта албайм. Аракет кыламын.
––Мейли капа боломун . Деп чыгып кетти.
Чыгып кеткенден кийин, Жаныш башын чайкап уккан кулагына көргөн көзүнө таң калды.
–Ой бай кылыгыны , он сегиздеги секелек кыздайго тим эле назданат көзүн сүзүп . Барсам барыпмында. Жата кананы да өзү төлөчүдөй түрү бар деп жигиттик калоосу күчөп жылмайып алды.
Зулайка бат баттан басып Мээрим жаткан палатага келип , кызыны көрүп шашып чыгып кетти. ....
Арадан бир канча убакыт өттү. Мээрим күндөн күнгө айыгып өзүнө келип калды. Күн алыс апасы , Кымбат апа келип карап , алмакташып түнөп та кетип жатышты. Ошондой күндөрдүн биринде оору канада дагы бир чоон көйгөйлүү иш чыкты. Мээрим уктап жаткан. Бүгүн апасыны жанында болгон эле. Көзүнү ача салса жанында апасы жок. Сыртта бакырган аялдын үнү. Чочуп кетип сыртка чыкса баардык оорулуулар каридордо турушкан . Ортодо жарым жылаңач чачтары жулунуп апасы тизелеп олтурат. Ыйлап жаткан келин чачын жулуп , уруп жатат. Көргөн көзүнө ишене албады. Апасына жүрөгү ооруп барып болушкусу келди айласы да , кучу да ,дарманы да жок болчу. Ыйлаган аялдын сөздору жаш жанын сындырып жатты. Сай сөөгүнөн өтүп , мээсине жазылып жатты.
–Акмак!Шуркуя жалап! Бул жерге адамдар дарыланганы келет. Жакын адамын айыгып кетуусун жараткан Алладан жалынып олтурушат. Таза жерди да арам кылып, эркектердин башын айлантырып жаткан сен акмактын айынан таза жардам берүүчү периштелер да учуп кетип жок болушту. Уялбайсыңбы шерменде менин жолдошумдун бөлмөсүндө жылаңач жаткандан. Өлүп калбайсыңбы !? Шуркуя тезинен кызыңды алып жок бол. !! Уруш көпкө созулду. Арасынан бир аял чыга келди колун кезеп ;
–Туура айтасың . Мен кече да күбө болгонмун. Башкы даарыгер менен кучакташып өбүшүп турганын аялыго дегем. Бирок уят үйүндө кылса болмок деп басып кеткен болчум. – деди.
Баары шыбырашып, наалат айтып таркап кетишти. Көз жашыны көлдөтүп өз апасынан наамыстанып Мээрим карап турган. Ангыча арт жактан Кымбат апа келип жерде олтурган Зулайканын устунө жолугун жаап алып кирип кетти.
Жолдо үн сөзсүз ээрчишип бара жатышты эн бала. Оору канадан кууп чыгышты. Мээрим барибир калбайт болчу. Бирок аялдардын каргышы, сөзү жандарына батып кетти. Зулайка эчтеке билбегендей бара жатат. Мындай көрүнүш адатка айланган . Атасы барындагы мезгили менен азыркы убагын салыштырып болбойт. Мээрим канча ыйлады , канча суранды бул жолдон кайтара албады. Курбу кыздары жигит жандап, жасанышып , окушуп журүшөт ал эми Мээрим акча табып үй бүлөөсүнү багуу учун ар жерде жалданып иштеп , мал базарда муздак чай, жарма , өзү бышырган оромо, чозмо сатып акча таап келет. Тең туштары абалыны тушунушпой мыскылдашканынан сабакка да барбай койгон. Жүрөгү таза абдан намыскөй кыз. Бирок бул тагдырдын талкалоочу сыноолору кыйнап , жаш өмүрүн сындырып келе жатат. Зулайканы бир чети аяп та кетет. Карышкырдан да адам затты жырткыч келет дегени туура экен. Ошол жырткыч сымал адам заттарынын торунан чыга албай ушундай абалга түшүп олтурат. Эркек бузулса оңолот. Айланып келет. Ал эми аял бузулса коом бузулат дегени туура экен. Балдары да ата энеси да көзүнө көрүнбөй ал жолдун сызыганан чыга албай келе жаттат. Кээде тагдырдан өч алгансыйт. Эрте курман болгон жолдошунан өч алгансыйт. Ушул абалга дуушар кылган айыл өкмөтү Нураалыдан өч алгансыйт. Өзүнүн ,балдарынын тагдырын талкалап жатканын сезбей.
Жүрөгү ооруп, жанында бара жаткан кызына боору ооруй түштү. Эмне кылып койгонун эми сезди. Ичинен ыйлап бара жатты. Тышынан
Билдирбешке аракет жасаганы менен . Көз алдына биринчи алданганы келип , өткөн өмурунө , алданып калган жаш жанына , жүрөгү ооруп келе жатты.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 50