Предыдущая публикация
ЭГЕР БИЗДЕ АКЫЛ, ЫЙМАН БОЛГОНДО
Ыйман үчүн жандан да кечээр элек,
Намаз окуп шайтанды жеңээр элек.
Жүзүбүзгө чачырап ыйман нуру,
Кечиктирбей зекетти берээр элек.
Эгер бизде акыл, ыйман болгондо ?
Ата-эне эмгегин актаар элек,
Көкүрөккө ыйманды сактаар элек.
Көчө бойлоп эринчээк, болбой такыр,
Үй-бүлөөдөн бар бакыт табаар элек.
Эгер бизде акыл, ыйман болгондо ?
Жамансың деп кемсинтип жетимдерди,
Көңүлдөрүн калтырып сөкпөс элек.
Билдирбестен ата-эне ордуларын,
Көл-шал кылып көз жашын төкпөс элек.
Азгырылып байлыкка батып алып,
Болоор болбос оокатка көппөс элек.
Эгер бизде акыл, ыйман болгондо ?
Автор: Ильязбек Нармаматов.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 35
Ээлип жүрөк көнүлдөр деп жүрбөйтпүз,
Эрегишип бирибизге бирибиз,
Ээ жаа бербей кырчылдаша кетпейтпиз.
Эчен жолу көнүл жүгүн артынып,
Эссиздикке ээлеп турса келбеспиз...
Сонун ыр жазыпсын ,баламжан.
Бар бол, өсөөр бала ушундай өсөт.