Төп келишпей өткөн баскан жолдорум,
Так жазалбай тагдырымды колдорум.
Айнек сымал талкаланып баратам,
Анда сен, дагы да сен ойлорум.
Же кабарың, же дайының билбедим,
Жер жүзүнөн келет сени издегим.
Эхх айтасың күчүм жетсе кана эми,
Эң башкысы жүрөгүмдөн чийбедим.
Уктум сени кетиптир деп чет жерге,
Ушул турмуш шарт түзбөдү кетпеске.
Билсем кана алып сени калмакмын,
Биздин тагдыр мынча татаал эхх десе.
Күт дебедиң не кыламын эми мен,
Кейигенден күтүүгө мен жеңилем.
Үйдөгүлөр үй бүлөөлү болсоң дейт,
Үнүм чыкпай ичтен сыздап эзилем.
Мейли анын бир айласын чечемин,
Мен жашоомдун табам бүткүл эсебин.
Кайда жүрбө сен аман бол анан да,
Кантсең да эми тапкын менден бекемин.
Мен алсызмын, мен андыктан татыксыз,
Мен анан да көптөр сага ашыкпыз.
Кызыгы жок сүйгөнүңө жетпеген,
Кызыгы жок турмуш өзү бакытсыз.
Сенсиз эми кантип бакыт табамын,
Сенсиз мага, мага билбейм баары суз.
А.Э.Н
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 15