Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Алгач базарга бардык. Мага кийим алдык. Өмүрү кийип көрбөгөн кийимдер. Кайын энем менен кайын сиңдим ушундай сонун көйнөктөрдү алып берди. Экөөнү дагы көп сатуучулар таанып калыптыр, жакшы арзандатууларды кылып беришти. Андан чыгып алып кафеге кирдик. Ичи кооз, тамактары бир укмуш. Алдыма буйрутма кылган тамакты алып келип койгондо, ыйлап
жибердим.
— Сага эмне болду? Жакпай калдыбы? Башкасын аласыңбы?
— Жеңе эмне болду?
Экөө чый-пыйы чыгып калды. Же сүйлөй алсамчы. Көз алдыма атам менен чоң энемдин ачуу сөздөрү келди. Чуу чыбыктан таяк жеген жерлеримден калган тактар ачышып кетти.
«Башың иштейби», «колуңан эмне келет», «буга боло берет», «жыр