Предыдущая публикация
Эжелер, ай мончоктой карындаш,
Улут үчүн ар бириндей, табылбас.
Оо дүйнөгө, отко күйүп учканын,
Ойго салсам чууруп агат тамчы жаш.
Кечиргиле, мекениңдин алсызын,
Кечиргиле, жумушсуздук камсызын.
Жашасакда бир силерсиз улутташ,
Унутпайбыз бул күндөрдү, сан кылым.
Жаткан жери, жаны болсун жаннаттан,
Бул Алланын буйругу го? тандаткан.
Башка жерде баш калкалап, эми да,
Улут саны кемибесин, жан баккан...
Кабырганын кайышканын ким танат?!
Эстегенде жүрөгүңдөн кан тамат.
Өйдө жакта отургандар качандыр,
Уялгандан "МЕКЕН ҮЧҮН" жанданат...?!
Эстегиле ким аркылуу келгенди,
Эстегиле убаданы бергенди.
Талаа түзгө эгин данын чачкандай.
Чачыраган, чогулткула элдерди...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 177
ЫЛАЙЫМ АЛЫС БОТОН ЖУРТТАН КЫЙНАЛЫП КАЙТЫШ БОЛГОН АКЫРКЫ МУСУЛМАН БИР ТУУГАНДАРЫБЫЗ УШУЛАР БОЛСУН.БАШКА КЫРСЫК ЖАНА ЖАН КЕЙИТКЕН ЖОГОТУУЛАР БОЛБОСУН ДЕП КУДАЙДАН ТИЛЕЙМ!!! БААРЫБЫЗ АЛЛАХЫМ БОЛОК ЖЕРЛЕРГЕ ЧАЧЫП КОЙГОН ОЗ ЫРЫСКЫБЫЗДЫ АМАН ЭСЕП ИШТЕП ЭЛИ ЖУРТУБУЗГА УЙ БУЛО ЖАКЫНДАРЫБЫЗДЫН БООРУНА АЛТЫ САНЫБЫЗ АМАН БОЛУП КЕТЕЛИ!!!БААРЫНЫЗДАРГА САКТЫКТЫ ТИЛЕЙМ!САКТЫККА КОРДУК ЖОК!!!!
Бир боорлор эжеке, карындашым
Туболуко унутулбайт элесинер
Бейишинен берсе экен Аллахым.