Предыдущая публикация
Жазуучулар үйү, БГУ, кечелер,
Китепкана, театр, сахна, көчөлөр.
Жооп мына, биздин тарых ушулар,
Качан?Кайдан? Кантип? Кандай десеңер.
Барчу жерлер, басчу жолдор, багыт бир
болуп жүрүп бир топ мезгил агыптыр.
Биз жаңыдан таанышканда төрөлгөн
бөбөк бүгүн бешке чыгып калыптыр.
Акыл айтып, собол салып ашыкча,
Сурапкачан той болорун ашыкпа.
Биз баягы салган чыйыр жол менен,
Багыт алдык бизди күткөн бакытка.
Акырындап ошол чыйыр жол менен,
Баратабыз бизди күткөн бакытка. (2016. Май)
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 36
Баргыла Аллахым буюрган жана силерди куткон бакытка!