Предыдущая публикация
Алтын уям асылым мектебим,
Сагынып өзүңдү көп эстедим.
Кайтып сага жүргүм келет кайрадан,
Баруунун мен амалын эч билбедим.
Сенде калды окуучулук күндөрүм,
Эске түшөт тентек кылып жүргөнүм.
Алгач мен аттаганда босогоңду,
Достош албай,кыйналып сүрдөдүм.
Мектебим учат сенден жакшылар,
Намысыңды сактаар кызың бар чыгаар.
Жылдан жылга өсө бергин өнүгүп,
Коштоп жүргөн мойор Жапар деген атың бар.
Мектебим эсибиздесин түбөлүк,
Сени даңктап урмат кылып жүрөлүк.
Атыңды чыгаарабыз буйурса,
Ага чейин биз эмгек кылып өсөлүк.
Алгалай бер Жапар Шабиров мектебим!!
Автор;Болотбек кызы Бегимай
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 38