Предыдущая публикация
Айылым бир керемет дүйнөсүң,
Абайлачы көз артышып жүрбөсүн.
Бүркүт учат тээ бийикте айланып,
Анан сени ырым кантип сүйбөсүн?
Айылым гүл адырың жыттанган,
Төбөңдөн жарык чачып,нур тамган.
Кусалыктан жүрөгүмдү жаралап,
Сагынычтан кызың сага ыр жазган.
Айылым Орто-Өрүктүм бак-таалайым,
Ак калпактуу аталар аскадайым.
Мээрим берген энелердин ак сүтүн,
Эмгек ,ырым менен даңктаймын.
Автор;Болотбек кызы Бегимай
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 71