15 - бөлүм
Аябай жаным карайып, албууттанып Эрнистин жакасына жармашып бар күчүм менен ички бөлмөнү көздөй түртүп, эшикти жаап;
-А сен болсо, сыйыңдын барында туягыңды шыкылдат!
Ал ички бөлмөгө карай жулунду.
- Сен эмне сөзгө түшүнбөйсүңбү? Кайда жулунуп баратасың? Жогол арсыз! Качанкы ажырашкан эрге кайра жабышкандан уялбайсыңбы?
- Ошол кызыңды да сен жөнөтүп жатат окшойсуң.
- Ооба мен жөнөтүп жатамын. Колуңдан эмне келет? Карачачты да сыйың менен кеткин - десек кетпей, акыры өлүп тынды. Эми сени дагы жок кылабыз.
Айт качан кетесиң?
-Мен кетемин деп эмес, өмүр бою жашаймын- деп тийгенмин - деп, ой- жайына койбой түрткүлөп сыртка чыгардым да эшикти дароо жаап, ичинен кулпулап койдум.
Ызаланган бойдон терезени каккылап, -Эрнис мени жеткирип кой, менин сумкамды алганча чык- деп кыйкырып жатты. Мен сумкасын сыртка ыргытып жиберип эшикти кайра жаап алдым.
Үйдү тегеренип, терезени ургулап жатып, бир кезде, жымжырт болуп калды. Эрнис болсо, көмкөрөсүнөн жаткан бойдон козголбоду. Кыйла өткөндөн кийин сыртка чыгып, үйдү айланып карап чыктым. Кеткенине көзүм жетип кайра кирдим.
Мына ошол күндөн баштап, Эрнисти "сиз"- деп атоодон калдым. " Кыз кезинде жакшы эле жаман катын кайдан чыгат"- деген сөздүн маңызына ошондо түшүндүм.
Тартынбай өз оюмду ачык айтып, тарсылдап ичимде кандай ич күптү болсо, жашырбай ачык айта турган болдум.
Ийинимди кысып, тартынчаак болбой, тарсылдак болгон дагы жакшы экен- деп ойлодум.
- Орустар "наглость второй счастье"- деп бекеринен айтпаган окшойт.
Эрнисти сенсиреп сүйлөгөнүмө да этибар бербегендей акырындап көнүп бараткандай эле.
Ал түгүл, мени менен мамиле кылган кошуналарга да, сыр алдырбай сыпайы мамиледе болуп, айланамдагы ушакчыларга да катаал боло баштадым.
Анча-- мынча адам мени менен, ойлонуп мамиле жасамай болушту.
Менин сыртымдан Эрнистин кобра катыны - деп лакап да коюп алышыптыр!
Тообо өмүрүмдө укпаган сөз!
" Акырын бассаң аксак дешет, каттуу бассаң таскак дешет дегендей - деп дагы бир ушакчыдан угуп күлүп койдум.
Эрнис камазын айдап, мен үй тиричилиги менен алектенип, Канатбек мектепке барып, келип сабагын жакшы бааларга окуп жүрдү. Улам чоңойгон сайын, адептүү, тартиптүү, кыздай созулуп ыймандуу болуп өсүп жаткан Канатбекти карап өзүмчө кубанып коём.
Мезгил учкан куштай зымырап көзгө илешпей, төрт жылча убакыт өтө түштү.
Биздин жашообуз, тиричилигибиз кыйла оңолуп, Эрнис, Канат үчөөбүз бири-- бирибизге үйрөнүп, боор басып, калдык. Күндөрдүн дагы бир күнүндө, боюнда бар жаш келин менен узун бойлуу жаш жигит кирип келишти.
Аны дароо тааныдым. Баягы Эрнистин кызы - дедим ичимде жактырбай.
Алардын артынан Эрнис кирди.
Жүрөгүм сыгылып, аларды " кел"- деп да айтпадым. Себеби бир келгенде кел --десем, кел дебесең да келемин деген сөзүн эстеп, унчукпадым. Эрнис болсо, мага жалтаңдай карап;
- Мына бул бала, казакстандык күйөө бала экен. бул болсо, кызыбыз Айназик - деди. Мен болсо, ии - деп койдум да унчукпай олтура бердим.
- Чай коюп, тамак жасабайсыңбы?
- Эч нерсе жок- деп алаканымды жайдым да, ордумдан туруп, сыртка чыгып, кошунабыз Сабринса эженин үйүнө кирип олтуруп алдым. Канатбек да артымдан келип алды. Бир кезде, машинанын жүргөнү угулуп, Канатбек сыртка чыгып, кайра кирип, " аларды атам машинасына салып алып кетти" - деди. Мен үйгө кайра чыктым.
Түш оой кеткен Эрнистен кабар жок. Түн бир оокумда келди. Уктап калган экенмин. Эшиктердин ачылганынан улам ойгонуп кетип ордумдан турдум.
- Келет элең го эртеңби, бүрсүгүнбү? - дедим кекетип...
Ал дагы ачуусу келип араң турган экен. - Ошол чычкандай кызга теңелип, өчөгүшүп, күйөө балага уят кылдың?
- Жакшы болуптур уят кылсам. Мени сыйлабаганды мен да сыйлабаймын!
- Ал менин кызым. Мен сенден айрылсам айрыламын, кызымдан айрылбаймын го.
- Ар дайым чыр чыгарып жүргөн кызың бар экен, көңүлүң калбаган аялың бар экен ошону неге мага оо башта айтпай жашыргансың? Ошол кызың келген сайын уруш жаңжалды баштап кетет.
Жададым- дедим.
- Жадасаң өзүң билесиң. Мен кызымды күйөөсү менен алып келемин!
Апасы каяктагы казакка тийип...- деп нараазы болуп, " эриң менен атаңа кетип жогол'- деп кубалап жатыптыр. Мен аларды алып барсам апасы үйүнө киргизбей койду. Айлам куруп Үлпат эжемдин үйүнө алып барып койдум - деди үшкүрүнүп...
Үйлөр кеңири, болсо, келишип жашасак болот го! Тиги времянканканы бошотуп берсек жашап турушат эле го.
- Мен сенин кызың менен эч качан келишпеймин.
Күйөөгө тийгенден кийин кетсин ошол күйөөсүнүн журту Казакстанга!
-Ээ ал дагы детдомдун жетим баласы экен.
Эрнис экөөбүз кыжылдашып, бир чечимге келе албай, бири-- бирибизге эрегишип, бири-- бирибизди күнөөлөп, акыйнек айтышып түндүн бир оокумуна чейин уктабадык! Мен анын кызынын күйөөсү менен келип жашашына карандай каршылашып таман тиреп туруп алдым.
- Эстүү жансың жакшылап ойлонуп көрсөң...
-Мен сенин кызыңдан көңүлүм калган.
-Анда сенден кечирим сурасынбы?
-Кереги жок!
-Түшүнсөң азыр ага кыйын.
-Анын үсүнө ай күнү да жакын окшойт- деп жакында неберелүү болооруна кубанган түрү бар!
-Ошондо менин каршылыгыма карабай алып келем- дечи.
- Башка айлам жок, мени да туура түшүн!
-Мм....даа анда, мен кетейин балабыз да жок- дедим.
- Эгер кызым менен мамилеге келе албасаң өзүң билесиң. Зарым бар, зорум жок-- деди.
Ошентип Эрнис экөөбүз жакшылыкча ажырашмай болуп чечиштик.
Чындыгында өзүм дагы андай жашоодон чарчап жадап бүткөн элем. Ушул жерде тиричилик кылып жашап калганга аябай каттуу аракет кылдым. Бирок болбоду. Ичим күйүп өрттөнүп бараткандай болду. Булардын адаттагы дагы бир пландары болсо керек- деп да ойлодум. Ойлогондо не ооз оорутуп, сүйлөгөндө не? Булар баарыбир көздөгөнүнө жетмейинче койбой турганына көзүм жетти. Мага тынчтык керек!
Кийимдеримди, керектүү заттарымды бууп түйүп, жөнөгөнү жатканымда, биротоло кетип жатканымды көрүп, билип Канатбек "кетпеңиз апа, анда мени дагы алып кетиңиз"- деп чырылдап ыйлап, Эрнис экөөбүздү тең ыйлатты.
- Кечир балам мен кетишим керек!
Кучактап жүзүнөн сүйдүм.
Мен даяр болдум дегенде, Эрнис машинасын жүргүзүп, менин жүгүмдү багажникке салып, колума көп суммадагы акчаны узатты.
Акчаны унчукпай алдым. Өзүмдө да чогултуп жүргөн акчам бар эле.
Машинага түшүп жөнөгөндө, Канатбек чырылдап ыйлаган бойдон калды. Ичимден бир нерсе үзүлүп кеткендей эле болду. Мен дагы шолоктоп ыйлап бараттым.
-Сабыр кылып турсаң болмок.
-Мына эми, кызыңды, күйөө балаңды, аялыңды чогултуп, бир бүлө болуп жашай бергиле! Менин боорум ачып кыйылганым бир гана Канатбегим эле - деп дагы шолоктоп ыйладым.
Мен шаарда түшүп калып, айылга барбай, курбум Айымкандын үйүнө бардым. Айылга барсам, дагы эле баягыдай " өзүң жамансың- деген жемеден жемеге калаарымды билип, эч кимге айтпай, дебей, буюмдарымды Айымкандын үйүнө калтырып коюп авиа кассага барып, Москвага билет алдым. Ошол күндүн эртеси эле аэропортко такси менен барып, учакка олтуруп учуп кеттим. Терезеден аппак булуттардын арасында сүзүп бараткандай каалгып, бул жолу Канатбегимди калтырып, жүлунүм сыздап, жүрөгүм күйүп ыйлап бараттым.
Таажы Аязова
Уландысы бар.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев