13 - бөлүм
Түшкө жакын чоң казанга суу жылытып, Канатты жуундуруп, таза кийимдерин кийгизип, бир аз кир кийимдер чогулуп калгандыктан сыртта кир жууп олтурсам кошунам Сабринса эже ийигин көтөрүп жаныма келди. - Келиңиз эже үйгө кириңиз.
- Кой сен мага убара болбой, ишиңди кыла бер! Мен жаныңда бир аз сүйлөшүп олтурайын деп келдим эле - деди.
-Макул анда - деп, жаныма кичинекей олтургучту коюп, олтуруңуз - дедим.
Ал олтуруп олтурбай жатып:
- Жаңылбасам кечээ күнү Эрнистин кызы келгендей болдубу?
- Ооба ошол сиз айткан кыз келди.
- Ии баса, ошол кызбы- дедим артынан көрүп..
--Ээ кыз эмес эле башка бүткөн балээ окшойт .
- Ал сага дагы тийиштик кылдыбы?
- Ооба - деп Сабринса эжеге жашырбай баарын төкпөй, чачпай айтып бердим.
- Ии ошондой жапжаш туруп, эч кимге баш бербеген тарбиясы жок, уятсыз бетпак экен да тообоо- деп жакасын кармады.
"Айылга айтсаң ашырат, кошунага айтсаң кошот", ошондуктан сырларыңды туш келгенге айтпай, үйдөгү болгонду сыртка чыгарбай, тиричилик кылыш керек - деген таенемдин сөзүн эстеп, айтканыма өкүнүп калдым.
Бирок бардыгын ичиме сала берип, бир күн жарылып кетейинби?, - айта берем - дедим кайра оюмда.
- Сабринса эже менин сизге айткандарымды эч кимге айтпайсыз да.
- Кайдагыны айтпачы! айтып эмне кылам?
- Зубайда сен ошол кызга каттуу тургун! Сени дагы баягы байкуш Карачачтай кылып, күн бербеймин- деп ойлосо керек да, сен бошошпой, өзүнө жараша жооп кайтарып, жолун көрсөтүп кой! Сыйлаган сыйды билбесе, өзүнөн көрсүн.
Ушул жагымсыздыкты, Эрнистин өзү тыйып коё албайт бекен? Ошол чычкандай кызды башына чыгарып албай - деп Сабринса эже кейигендей түр көрсөттү.
- Билбеймин эже менин да башым катып калды. Мени алдап, азгырып, ортомчу болуп, алып келген кайын эжеме барып айтсам бекен? - деп Сабринса эжеге карадым.
-Ооба барып айтып, ал кыздын демин кайтарып тизгинин кагып койбосо, тийиштик кыла берет окшобойбу?....
-- Кызык эмнеге кызы бар экендигин менден жашырышты экен? Эптеп эле мени кандай болбосун көндүрүш керек болгон окшойт да, алардын оюнда.
Аңгыча үйдүн арт жагынан Эрнистин камазынын үнү угулуп, Сабринса эже "кой мен барайын, Зубайданы эмне деп башын катырып олтурат дебесин" - деп кой, айга карабай кыйпычыктап тура калып, забордон ашып өтүп кетип калды. Камазды короонун сыртына токтотуп Эрнис дарбазаны ачып короого кирди.
Жуулган кийимдерди жайып жүргөн элем келдиңизби ? - дедим бурулуп.
- Ооба келдим. Анын жүзүнөн бир нерсеге санааркоо, тынчсыздануу сезилип, аябагандай көңүлсүз эле.
Каттуу үшкүрүнгөн бойдон үйгө кирип кетти.
Мен кийимдерди жайып бүтүп артынан кирдим. Эрнис жантайып жаткан калыбында, балаң кайда көрүнбөйт- деди.
- Азыр эле сыртта ойноп жүргөн эле чакырайынбы?- деп эшикти ачып жөнөй бергенимде, токто Зубайда сага айта турган сөзүм бар эле олтургун - деди жанын жаңсап көрсөтүп. Мен кайра бурулуп келип олтуруп анын оозун карап калдым.
- Биз Россияга жүк алып кеткени жатабыз. Ошондуктан балаңды ээрчитип алып, каалаганча айылчылап, жүрүп келгиле. Бул жерде калсаңар, мен көпкө жүрүп калсам, силерди коркуп нетип калдыбы- деп санааркаймын.
Бол кийинип, даярдангыла мен силерди шаарга чейин жеткирип койсом андан ары айылга өзүңөр кетип каласыңар. Мен өзүм барганча жүрө бергиле, мен өзүм келгенде силерди алып келемин-- деп бизди шаштыра баштады.
-Сиз кете бербейсизби?, биз анан- дегениме, бол эми сөздү көбөйтпөй-- деди да колума бир пачка акчаны карматты.
Кызык - деп аябай, таң калып, Канатты сырттан чакырып келип, аны кийиндирип, анан өзүм кийинип алып, сырттагы жайылган кийимдерди, алып кирип терасскага жайып, анча-- мынча сырттагы заттарды үйгө алып кирип, жоо куугандай бутум бутума тийбей чуркап жүрдүм.
Ичим уйгу- туйгу. Эмнеге бизди шаштырып, жатасыз - дегим келди, бирок анын жүрөгү сыгылып бир нерсеге тынчсызданып сиркеси суу көтөрбөй ашыкча сөз сүйлөтө койбой, зиркилеп тургандыктан айтканынан чыгалбадым. Даяр болдуңарбы? ,-деди. Ооба - деп балам экөөбүз элтеңдеп, анын жеңил машинасына олтурдук.
-Ал машинасын от алдырып, жөнөп калдык.
-Кете берсеңиз биз шашпай анан барат элек да бара турган жерлерге, эмне эле мынча шаштырып. Алыска кетип жатсаңыз сиздин да кийим- кечеңизди камдаш керек эле да.
- Аа мен өзүм салыштырып алам кам жебе - деди.
Шаарга жакындаганда, бизди, менин ишканамдын алдына калтырып кетиңиз эжеңизге жолугуп айта турган сөздөрүм бар - дедим.
Ал кыйпычыктай калды да мен командировкадан кайтканда, бирге үйүнө эле барабыз. Азыр айылыңа эле бара бергин мен сени базардын тушуна таштап коём базардан аны муну алып, таксиде кетип каласыңар -- деди. Мен унчукпадым.
Бизди базарга жакын жерге түшүрүп жатып: мен келгенче, туугандарыңа айылчылап жүрө бергиле мен өзүм келип алып кетем- деди дагы кайталап.
Мен түшүнбөдүм... Эмнегедир шектене баштадым.
Ар дайым сапарга жөнөгөндө, мен кааласам, каалабасам да бизди ушинтип тентирете берсе, кандай тиричилик болот - деген ойлорум менен баламды жетелеген бойдон базарга кирип шашпай аралап, ар нерсени көрүп, ала тургандарды алып, таксиге олтуруп, апамдын үйүнө бардык. "Аай иий тообоо бүгүн түшүмө кирген элең, азыр дагы сени ойлоп олтурдум эле - деген бойдон апам кучагын жайды. Кыйкырып, өкүрүп ыйлагым келип турса дагы, апама сездирбегенге аракет кылдым.
Апам менин жүзүмө кайра-- кайра бүшүркөй, чочулай карап; көңүлүң суз эмне болду? Жай элеби? Жай эле..ее.
Баары жакшы..ыы - дедим жүрөгүм күйүп, жүлүнүм сыздап турса да, жасалма күлүп. Ошол кезде көздөрүмдөгү муңду жашыра албай, карегимден мөлт дей түшкөн көз жашымды аарчый койгонго үлгүрдүм. Бирок эненин жүрөгү баарын сезет тура...Апам менин айтканыма ишенбей улам менин көздөрүмө жалтаңдап карап үшкүрүнүп жатты....
Таажы Аязова
Уландысы бар.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев