КЕЧИРГИСИ КЕЛСИН?..”
Аттиң, жаштык деген кандай сонун?! Иштейм десең күчүң, дымак десе дымагың бар. Жаш кезде баарыбыз жаштыгыбызга таянабыз. Баарын өзүбүз кылып аларыбызга ишенебиз, колубуздан келбечү иш жоктой сезилет.
Ал кезде ойго карылар үйү кайдан келсин? Дайыма эле жаш, сулуу бойдон, бир калыпта жүрө берчүдөй элестетебиз да өзүбүздү. Мен үй-бүлө күтүү, балалуу болуу туралуу эч ойлонгон жокмун. “Турмушка чыгып ал” деп кеңеш айта бергендерди “менин турмушка чыгып-чыкпаганымдын силерге эмне ысык-суугу бар?” деп жаман көрчүмүн. Ата-энемден жаштайыбыздан ажырап калган элек. Үйдүн улуусу болгондуктан тапкан-ташыганымдын баарын бир туугандарыма берчүмүн. Аларды үйлөп-жайладым. Минтип жүрө берип билинбей убакыт, убакыт менен кошо жаштыгым өтө берди. Үй-бүлө күтүү тууралуу ойлогондо эбак кеч болуп калганын түшүндүм. Ал кезде мен курдуулар үй-бүлө күтүп, алды неберелүү да болуп калган экен.
Адам жалгыздыктан тажайт экен. Акыры жакын тааныштар аркылуу бир киши менен тааныштым. Анын аялы дүйнөдөн өтүп кетиптир. Бирок анын балдары менен батышып жашай албай койдум. Жашап кетүүгө канча аракет кылбайын, ажырашууга туура келди. Бул учурда туугандарымдын баары өз турмушу менен алек эле. Ар кимдин өзүнүн үй-бүлөсү бар, ар ким өз түйшүгү менен алек. Кыз тууганыңа барып күйөө бала менен, эркек тууганыңа барып келин менен батышып жашагандан тартынат экенсиң. Батирлеп жашай баштадым. Жок дегенде өз үйүм болсун деп иштеп аракет кылдым. Өмүрүмдүн көп бөлүгү тытынып иштөө менен өттү. Чогулткан акчама бир бөлмөлүү чакан батир алып, ошол жакта жашап калдым.
Кудайдан баары үчүн тиленип, бирок өзүм үчүн эч нерсе суранбаптырмын. Кудай мага үйдөн дагы айтпаптыр. Мага үйдү саткан киши акчаны алгандан кийин дайын-оту жок болуп кетти. Андан улам сатып алган үйдүн документин бүтүрө албай калдым. Ошентип билинбей жылдар өтө берди, бир күнү бирөө келип үйдү менден талашып алат деп деле ойлобоптурмун. Жумуштан келсем үйдүн каалгасы ачылып калыптыр. Кирип барсам, бир аял, бир киши жүрүптүр.
– Силер кимсиңер?- дедим жулунуп кирип барып.
– Биз бул үйдүн ээсибиз.
– Бул үйдүн ээси менмин.
– Эже, сиз эмне деп жатасыз? Бул үйдү биз алганбыз, документтерибиз дагы бар,- дешти. Чын эле документтери бар экен. Көрсө, тиги киши үйдү менден кийин дагы бирөөгө сатыптыр. Мен колума эч бир кагаз жаздырып албай акчамды кармата бериптирмин. Сотко арыз жазганым менен, эч нерсени далилдей алган жокмун. «Батирди ижарага бергем, убактылуу жашап жүрчү» деп мага саткан киши танып кетти. Мунун баары мага катуу сокку болуп ооруп калдым. Бул учурда сиңдим, иним алмак-салмак карап жүрүштү. Убакыттын өтүшү менен алардын бала-бакырасы, жубайлары мени жактырбай башташты.
“Кет” деп айтышпаса дагы үй ичиндеги кыймылдары, мага жасаган мамилелери менен туюндурушчу. Акыры ары-бери түрткүнчүк болбоюн деп өзүм карылар үйүнө келдим. Кимдин эле карылар үйүндө күн кечиргиси келсин? Мындай турмушту эч бир жанга каалабайм. Ар бир адам жакшы жашоого татыктуу да. Ал жакшы жашоону биринчи өзүңө-өзүң ыраа көрүшүң керек экен. Өзүмө эч нерсени ыраа көрбөй жүрүп менин көргөн күнүм ушул болду. Жакындарың үчүн кандай эмгек кылба, баары бир бүктөмдө калат тура.
Айтайын дегеним, уулсуңбу, кызсыңбы, биринчи өз жашооңдун өзөгүн түз. Туугандарга да күйүмдүү болгон жакшы, бирок эртеби-кечпи, ар бири өз жашоосу менен кетет. Сенин ысык-суугуңа күйүп, эч кимиси сенин жаныңда өмүр бою калбайт экен…
Калича.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев