5- бөлүм
Ошентип дарбазадан аттап чыгЫп кеткеним үчүн , кечирилгис күнөөгө батып, жан- дүйнөм күйүп- жанып, эт жүрөгүм көөдөнүмдө туйлап, жүлүнүм сыздап, баламды боорума кысып кучактап алып, көзүмдүн жаштары жамгырдай төгүлүп жатты. Башыма кыямат кайым түшкөндөй, алай- дүлөй бороондо калгандай, баламды дагы кароого чамам жетпей, кулагым чуулдап, башым айланып, сулк жатып калдым. Эмнеден жаздым экен?
Балким кайын энемдин кареги менен тең айланып, оту менен кирип, күлү менен чыгып , өзүмө дагы карабай, тиричиликке башым менен сайылып, жүдөмүш болуп жүрүп, баламды төрөп бардык мээримимди балама төгүп, Эрниске көңүлүмдү бөлбөй калдым бекен? Айтор кайын энем айткандай жалган тагдыр экен.
Балама бешик алып барышканда, кошо барган туугандарым дагы ишенишпейт; Кантип эле?, эч кимисинен көңүл коштукту байкабадык эле го тообо-- дешип таңданышты. Кээ бирлери көз тийди дешти. "Чыккан кыз чийден тышкары" - деп айтылган накыл сөздүн маанисине эми түшүнө баштадым.
Заматта бардыгынын көз карашы мамилеси өзгөрүлүп, тескери боло баштады. Жайлуу жерге чыккан элең ошол жерде тынып тынчысаң болмок. Ошолордун сызган сызыгынан чыкпай, тиричилик кыла бербей, эми балаң менен гөргө батасыңбы?- дейт таенем нараазы болуп. Мен эч нерсе айталбай, ким сүйлөсө ыйлай берем. Көзүң оюлгур дагы ыйлап коёт , албарсты сенин тилиң жаман дейт таенем кайра жанымды кашайтып. Кайсы жерге барсам эле, өзүмдү күнөөлөшүп, жемелей беришти. Себеби жакында эле бешик тойго барышканда алардын сый- урматына бөлөнүп, алардын арам ойлору жоктугуна күбө болуп, анык көздөрү жеткендиктен, алар жакшы адамдар эле өзүңдөн кетсе керек дешти. Мен кайсы бирине түшүндүрмөк элем. Күйөөм башкасына көңүлү ооп бузулуп кетти десем, дагы ишенишпейт, сени өзү сүйүп жактырып алганын билебиз го....
Көп өтпөй, Эрнисти үйлөнүптүр деген сөздор угулду. Досу Аким экөө бир күндө үйлөнүп, экөөнүн үйлөнгөн аялдары кыйышпас достор имиш. Мына сага !
Менин күйбөгөн жерим күл болуп, акылымдан айрылып кала жаздап сыздап, боздодум.
Эгерде ата- энең чогуу жашаган болсо, башыңа кыйындык түшүп калса, жардам беришет экен. Бирок тилекке каршы, менин ата- энем менин жаш кезимде айрылышып кетип, атам башка аял менен, апам башка эркек менен жашагандыктан, мага андан бетер кыйын болду. Өгөйлөрдөн тартынып, баламды көтөрүп алып ар жерде калдым. Чоң ата, чоң энемдин үйүнө барсам, алардыкында да көп тура албаймын. Себеби неберелери менин баламды уруп койсо, күйбөгөн жерим күл болот. Менин балам ыйлап жатса, чоң атам менен чоң энем күлүшүп, балдар ошентип мушташып, тиштешип чоңоёт - дейт. Эгер менин балам аларды уруп ыйлатып койсо, тим эле өздөрүнүн неберелерине боорлору ачып, болушуп жаман болушат. Ким эле менин баламды эркелетип жакшы сүйлөп койсо, кубанып калам. Чоң атам балаңды атасына берип, кой! Карга да баласын аппагым - дейт дегенде, жети өмүрүм жерге кире түштү. Ошол бойдон алардын үйүнө барбай койдум. Таенемдин үйүнө барсам, жекирип жектей берип, ал жерде дагы туралбаймын.
Ушинтип кыйналып жүрбөй турмушка чыгып алгын дегендери да болду.
Андай сөздү айткандарды жер жеберине жеткирип кагып коём. Мага антип айтпагыла - деймин кызаңдай ачууланып!
Балам эмнегедир көңүлү ачылбай ыйлай берди. Догдурга текшертип көрсөм сары ооруу болуптур дешип, догдурга жатып калдык. Бир айча дарыланып анализи таза чыгып, үйгө кайттык. Бирок кайсы үйгө барам?
Чоң атамдын үйүнөбү?, таенемдин үйүнөбү?, атамдын үйүнөбү? , апамдын үйүнөбү? Кайда барсам болот? - деген суроо менен аялдамада канча саат олтурганым белгисиз акыры тобокел кылып, апамдын үйүнө жол тарттым.
Үйдө апам, балдары менен сөрүдө чай ичишип, тамактанышып олтурушкан экен. Инилерим, сиңдилерим уулумду колумдан алышып, өөп жыттап көтөрүп кетишти.
Мен кечки тамакты жасап, апам сөрүдө машинасы менен курак курап олтурган эле. Аңгыча эле машинанын сигналы басылып, инилерим дарбазаны ачып жатышкан. Мен өгөй атамдын келгенин билип, эмнегедир тартындымбы ким билет?, үйгө кирип кеттим. Бир аздан кийин, акырын кайра чыктым. Өгөй атам бак тарапта жүрүптүр. Жаңы эле жайдарылана күлүп- жайнаган апам ыйлап олтурганын көрүп чочуп кеттим.
-Эмне болду?
- Ырайымсыз акмак! Медербек чуркап барып, бутуна жабышып, ата -- десе, колуна алып эркелетип койгондун ордуна тизеси менен түртүп жиберди - деди да көйнөгүнүн жеңи менен көз жашын сүртүп, дагы ыйлай баштады. Аябай жаман болдум. Батпайт- деген ушул экен да деп ойлодум. Кечээ эле бактылуу болуп жашап жатканымда, өгөй атам менин үйүмө тез- тез машинасы менен барып, балама мээримин төгүп эркелетип, күйөрман таята болуп жүрбөдү беле? Тообо адамдар ушунчалык тез өзгөрөбү? Кайда барсаң Мамайдын көрү" - дегендей, апа ыйлабаңыз бул гоо өгөй экен. Өзүмдүкүлөргө да батпай калдым го...
Кайын атам ар кимден айттырып, келинимдин өгөйлөрү бар, анын үстүнө келиним ким бирөөгө турмушка чыкса, ал дагы менин небереме өгөйлүк кылбай койбойт. Менин көзүм тирүү туруп, неберемди бирөөлөрдүн тепкисинде калды деген сөздү көтөрө албаймын. Келинимди кепке келтирип, сөзгө көндүрүп , алып берсең- деп, апамдын кошунасы Курбан эжеге да дайындап жүргөн экен.
-Апа Курбан эжеге чыгып айтыңыз да, Медерди атасына алып барып бериңиздер!, - дегенимде, апам;
-аай балам кандай чыдайсың - деп чырылдай кетти.
- Чыдабаска аргам калбады. Апам менин айткан сөзүмө ишенкиребей, бир саамга карап турду да, жакшылап ойлонуп көр дагы- деп өзү дагы ойлонуп олтуруп калды.
Эртеси күнү Курбан эже менен апам менин уулумду көтөрүп алып кетишти. Мен чыдабай үйдүн бурчуна жашынып алып ыйлап жаттым. Медерим кичинекей колдорун булгалап, апаааа деген бойдон кетип жатты. Ыйлай берип шишип кеттим.
Апам менен Курбан эже Медеримди атасынын үйүнө калтырып кайра келишти.
Өзүмдүн жанымды коёрго жер таппай, ичим күйүп эле бараткандай чыдабай жаттым.
Араң бир жума чыдадым да, эртең баламды барып көрүп келем деп, делгирип таң атканча уктабай чыктым. Эртеси эрте туруп Эрнистин айылына карай жол тарттым. Бирок анын үйүнө бастырып барыш кыйын болгондуктан, кайын энемдин инисинин үйүнө барып, келинин жумшадык. Медеримди көрбөсөм болбойт, алып келип берчи деп сурандым. Ал барып кайра өзү келди. Кайын энем; азыр уктап жатат башка убакта келсин деген имиш. Бул сөздү укканда өзүмдү- өзүм кармай албай, чуркаган бойдон коргонго кирип бардым. Медерим эшиктин алдында жүргөн экен тыпылдап. Балама карай өзүмдү таштаганымда, ашканадан кайын энем чыга калып алдымды тосту .Аны түртө салып баламды кучактап алып качып жөнөдүм. Кайын энем артымдан жетип, бут тарабынан тарткылай баштады. Мен колтугунан кармап тартып жаттым. Аябай чырылдап корккондой болуп ыйлаганынан жүрөгү козголуп калбасын деп коюп жибердим .Эң кичүү кызын чакырып кармата салып, мени менен урушуп жатты. Кайын энем деп сыйлап, эч качан өйдө карабаган жаным, эми кашкайып туруп, тартышып, айтышып турдум. Качан көргүсү келсе, көрүп кете берсин- деп алдапсыңар мен силерди сотко берип, баламды кайра аламын- дедим. Ачуум менен райондун сотуна барып жазылып алдына кирдим. Баарын айттым да баламды алып бериңиз деп буркурап ыйладым. Макул аларды чакыртабыз- деп аты жөндөрүн жазып алды. Сиз дагы чакыруу болгондо келесиз деди.
Сот болду. Кайын атам; эгерде келинимдин ата- энеси менин неберемди ыйлатпай, бөпөлөп багабыз деп кепилге туруп, тил кат жазып беришсе, анан жашай турган жерлери дагы менин небереме ыңгайлуу болсо, аны дагы көрүш керек деди. Жоок баламды кандай болбосун кайтарып беришсин -- дедим көшөрүп! Албетте менин ата- энем эч качан тил кат бербей турганын билип туруп, ошол сөздү айтып, менин айламды курутту. Ансыз деле кишинин баласы деп коркушат.
Алар Медеримди ала келишиптир. Мага кел - десем чырылдап кайын атама жабышып алып, жаа бою качып, шерменде кылды. Сот эмкисинде, менин да ата- энемди кошуп чакырып анан чечебиз - деди. Мен атамдын үйүнө келдим . Сырттан кирип келсем, атамдын бир тууган инисинин баласын бешикке бөлөшүп өгөй энем терметип олтуруптур. Өгөй энем төрөбөс аял болгондуктан нечен жылдардан бери атам экөө гана жашап жүрүшкөн эле. Мен баламды алып келемин-- дегенди угушуп атайын уюштурулган тоскоолдук экенин дароо сездим. Мына сага , багы жокко дагы жок деген-- дедим ичимден. Чоң энем кубанычтуу үн менен шаңкылдады.
- Сүйүнчү бер инилүү болдуң - деди.
-Кандайча? - дедим .
- Мукуш баласын атаңа бала кылып берди .
- Ай неге? Эмнеси болсо дагы атамдын өзүнүн небереси эмеспи?, мен Медерди алып келем дедим эле го!
- Кой кызым Медериң кишинин баласы!- дегенде, араң турган жаным өзүмдү- өзүм баса албай ыйлап жибердим. Алар өздөрүнүн үйүндө чалкып бактылуу өмүр сүрүп, жатышып, деле кыйналып турган мени түшүнгөн бир жан болбосо.... Кандай ата- энесиңер?,
Мен атамдын үйүнө барганымда, кеч болуп калган эле ошондуктан ал жерде конуп калып эртеси таң эртең туруп кетип калдым. Ошол бойдон балам чоң ата, чоң энесинде чоңоё баштады. Алайын деймин айлам жок. Ар дайым сырттан акмалап сүрүштүрүп ар кимден сураштырып, жетим көпөлөктөй айланып , чырылдап жүрө бердим....Мезгилдер учкан куштай зымырап өтүп жатты...
Автор Таажы Аязова
Уландысы бар.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1