Ал эми адам жан дүйнөсүнө тиешелүү, жашоо менен Акыретти таразалаган аяттар абдан көп кездешет. Анткени, тамак-аш адамдын табиятынан издеп таап алуучу нерсе. Ал эми ыйман ой жүгүртүү, көп аракеттердин, изденүүлөрдүн натыйжасынан келип чыгат.
Чынында, адам кардын тойгузганга караганда жан дүйнөсүн байытууга көбүрөөк муктаж. Азыркы күндө өнүккөн өлкөлөрдө өз жанын кыйгандар көбөйүүдө. Аларда тамак-аш, жашоо тиричилиги жетиштүү. Бирок эмне үчүн алар өз жанын кыйып, жашоодон түңүлүүдө? Себеби, алардын жан дүйнөсү ачка, алар жашоодогу бардык жыргалчылыкты жасап көрүштү, акыры эмнени кылаарын билишпей, ушундай кадамдарга барууда. Жашоо алар үчүн кызыксыз болуп калды. Алардын үмүтү ушул жашоодо гана эле...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 13