Адам буту жете албас аска тоолор. Алыстан үстүнө апакай кардан тон жамынып, бир караган көзгө кадырлуу, ак - сакалдуу карыядай элес калтырат.
Анча -мынчага болк этпей салмактуу болуп, чокусу асман тиреген зоонун жалама боорунда, адам ойго келбес чоң үңкүр. Адам буту басып баруу мындай кой, оюна да келбеген көрүнүш. Бул жерге жетүү үчүн шашкан жигит шамалдай зуулдап канча күн өткөргөнү бир өзүнө маалым.
Түндүн бетин жамынган үңкүрдүн ичинде караңгылыктан башка эч нерсе жоктой. Үн чыкса тээ алыска чейин жаңырып токтойт. Сыягы бул жерде эч ким жашабаган сыяктуу ой келет. Бирок андай эмес!
Ичине кире бериштен бир эки айлана учкан жарганаттар бул жерде кандайдыр бир адам эмес, жырткыч, макулук бар экенин айгинелеп турат.
Терең үңкүрдүн ичи караңгы көрүнгөн менен, ары тарабындагы өчпөй жагылган шам чырактар үңкүргө бир аз болсо да күңүрттүктү жашырып
тургандай туюлат.
Көздөгөн жерине келген жаш жигит эми гана терең дем алып, үңкүрдүн оозунда бир - аз тура, андан соң ичкери көздөй кадам басты.
Күү-шуу үңкүр ичинен өзүнчө бир коркунучтуу үндөр коштоп турат.
Жигит ары карай басты. Сыягы бул жерде өзү да жашагандай, бул үңкүр өзүнө тааныштай.
Ары жакта жаткан толтура баш сөөктөр, канчанчы кылымдагы экенин эч ким айкын, айтып бере албоосу турган кеп.
Чырылдап учуп чыккан жарганаттар жигиттин ары, айланып, бери айланып, келдиңби дегендей коштоп учушат.
Колуна дубалда илинүү турган шамдардын бирин ала дагы кадам басты.
— Адатта менин уйкумду жөн бузбайт элең, бир нерсе болгонун сезип турам.
Аркы коюу караңгыдан чыккан жоон үн жигитти титиретип жиберди. Үн чыккан тарапты карай, дароо тизелей отура кетти да, башын өйдө көтөрбөгөн калыбында үн катты.
— Кожоюн сизге жакшы жаңылыгым бар.
Мен сиз бүтүн өмүр издеген нерсеңизди таптым.
Куу- шуу чыккан үн жигиттин үшүн ого бетер алып, титиретип турду. Сыягы жаш жигит эмне тууралуу айтып жатканын дароо түшүнгөндөй.
Коюу караңгылык түбүнөн шытыр -шытыр этип чачтары желкесине түшө түйүлүп, узун, жерге сүдүрөлтө кийген желбегей жамынып, жүзү бир канчага барып калса да, бетиндеги бырышы көрүнбөгөн, далылуу бей тааныш жан коюу туман менен бирге чыга келди. Анын туш тарабына айланып учкан жарганаттары анын каалоосу менен, учуп, анын каалоосу менен кончуудай. Узун карага боёлгон тырмактары, денесиндеги бир каны жок купкуу болгон колдоруна жарашпай, адамдын үшүн алып, денесин титерет.
Жүзүндөгү жылуулук жок! Эч кандай, адам мындай турсун, жырткычка да аёо сезими жоктой.
— Сен чын эле мен ойлоп турган нерсени айтып жатасынбы?
Кожоюн дал өзүн.
Ордунан жылбай тизелеп отурган жигитке акырын басып келди да, далыдан алып өйдө тургузду.
Жигит кожоюну эмне кыларын сезип,ар бир кыймылына үнсүздүк менен жооп берип турду.
Узун тырмактарынын бирөөсүн жигиттин мойнуна батыра акырын тилип өттү.
Кан сызылып аккан убакта тырмагына тамган канды, оозуна сала даамдап алды.
Мындай жол менен жигиттин, ошол күндөгү жолуккан бей тааныш кыздын элесин көрө койду. Жүзүнө маска тагына, эл ортосунда кубана бийлеп жүргөн кыздын элеси кожоюндун жанында жүргөн сыяктуу, сезилип, ал тургай сулуунун жүрөгүнүн кагышынан өйдө угулуп жатты.
Чимириле бийлеген кыздын ийиле бергендеги жаркыраган тумары көзгө көрүнө түштү. Көзү чанагынан чыгып кетүүчүдөй чакчайа түштү.
— Ооба! Ооба дал өзү.
Кантип сүйлөп жибергенин да билбей, кыз өзүн жалт караган убакта, дароо өзүнө келе түштү.
Тамагынан аккан канды аарчый калган жигит кандай тапшырма буйруурун күтүп үнсүз турган.
— Азаматым. Ишке жарадың. Жолго аттанабыз. Алдын мен күч топтошум керек!
Кожоюнунун сөзүн айттырбай түшүнгөн жигит, башын ийкей үңкүрдөн чыкты да, жалама зоонун боорундагы үңкүрдөн ылдый карай секире, кожоюну үчүн олжо таап келүүнү көздөй жөнөдү.
******
Түн бир оокум: Кандайдыр күбүр шыбыр үндөр, Сирена жаткан бөлмөнү көздөй угулат да, кайра барып жок болуп кетет. Таттуу уйкуда жаткан Сиренага сыртта эмнелер болуп жатканын сезилбейт.
********
Ээн калаадагы жалгыз үй. Жанында бир айыл эл жашаса дагы, жалгыз калган үй эмнегедир элден, айылдан обочороок салынып, жанына эч ким даап бара албаган сыяктуу кошуна колоң деген адамдар да жок!
Айыл эли бул үйдү сыртка эле бөлүп салгандай. Жапыз, жыгачтан салынган үйдө кимдер бар? Же ким жашаары белгисиз.
Сыртта жалгыз, сулуу назик аял гана, ары жактан бир нерселер менен алек болуп, кээ күнү үйүнөн чыкпайт. Тааныбаган адамга бул аялга, эл эмнеге мындай мамиле кылаары, же коркушаары түшүнүксүз, эгер кошкушса эмнеге?
Кээ бир убакта жер төлөсүндө отуруп, бир нерселер изилдеп түнү менен үйүнөн чыгып кетет да, күндүзү эч нерсе болбогондой жашай берет.
— Ушунтип жүрүп байкуш эринин башын жеди! Өз тиргилиги менен алек болуп жүргөн сулуу аялды, тээ бери жакта отурган аялдар карап алып сөз кылып башташат.
— Бул келин коркунучтуу абдан, тээ тигиндеги кошуна көрүптүр имиш, түнү бою бир жактарга барып келет экен
Деп бирөөсү күбүрөнсө дагы бири — Ии деп кабагын түйө шыпшынат.
— О кокуй бул келинди бир бакшы деп айтышат. Ким билет балким ичиндегиси да байкуш эриники болбосо керек.
Өздөрү менен өздөрү күбүрөнүп,кээде элейип таң калып карашып, ушактын түбүнө түшүп алгандай сүйлөп киришет.
Эми мынтип жалгыз калганын кантебиз. Көчүп кетсе болмок дейт дагы бири.
Бирок келин булар менен иши жоктой. Өз тиргилигин өзү өткөрүп жүргөнү ушул. Сүйүктүү жубайы көз жумганы бери ушундай жашоодо жашап жүрөт.
Булардын сырын эч ким билбейт. Күйөөсү эң сонун жар. Үйгө камкор, болгону менен сыртта эмне иш кылаарын эч ким билчүү эмес.
Ал кезде элдин көбү кара көлөкө сыяктуу жырткычтар, Айдын сыяктуу бөрүлөр бар экени үч уктаса түштөрүнө кирбеген, билбеген заман. Бейпилчилик турмуш, бирин -бирине жардам дегенде ичкен аштарын жерге койуп, чогуу, биримдикте күндө майрам, кечкисин кыз жигиттер түркүн оюн- зоок уюштура, бири -бирине сүйүүсүн билдиришип үйлөнүп, жайланып жашаган күндөр.
Аял дагы өз жубайы менен дал ушундай таанышып, экөө бирин -бирин көрбөсө тура албастай ашык болгондо, сүйгөнү өзүнө үйлөнүп, эми таттуу турмуш кечиргендерине аэ убакыт болгондо кандуу ажал алды да кете берди.
Күйөөсүнүн эч ким билбеген жашыруун сырын аялдан башка эч ким билчүү эмес.
Дал ушул элдин бейкутчулугуна жолдошунун салымы өтө чоң.
Ушул эркин, бейкутчулук жашоону бузуп, акыркы күндөрдө кызыктай окуялар байма -бай каталчуу болду.
Бир күнү айылдын эли топтолуп кошунанын үйүн көздөй жөнөп баратканын аял да байкап жолдогу бирөөсүн токтотуп кызыгып сурап алды.
— Айта аласызбы? Бул жакта эмне болду?
— Сураба эмне болгонун. Асылдын кызы катуу ооруга чалдыгыптыр. Өзүн билбей жатат дейт көрүп койуу керек. Жүрү сен да.
Аял канча кызыкса да, барууга буту тартпай жанындагы аялга рахмат айта үйүн көздөй жөнөдү.
Үч күндөн соң тиги Асылдын оорулуу деген кызы,айыкпай көз жумду. Өңү бети бозоро баары ыйлап, жерге берген бул сулуунун кантип, эмне себеп болуп өлгөнүн эч ким билбей кала берди.
Түн : Эшиктин катуу кагылган үнүнөн улам ойгонгон келин эшикти ача, жолдошунун чарчаңкы мүнөэүн көрдү.
— Жакшы келип алдыңбы?
Үйгч кирген келин сүйүктүүсүнүн кийимин ала ары илгичке илип жатып сурап алды.
— Сен сапарда болчусун. Бизде жаман жаңылык, Асылдын кызы каза тапты. Байкуш кыз гүлдөй кезинде кандай оору жолукту эле.
Өзүнчө кейинип алган аял күбүрөнүп сүйлөнө берди. Күйөөгө тамак берип жатып.
— Эмне оору экен? Качан жерге берилди?
Күйөөсү жайгашып жатып суроо узатып жиберди. Сыягы кыздын өлүмү жигитке тааныш сыяктуу.
— Бүгүн жерге берилди. Жүзүндө кашык калбагандай купкуу байкуш кыз.
Аялы чын эле ичинен жаш кыздын өлүмүнө кейип, көөп убакыт сүйлөп отурду.
— Бүгүн кечинде калчы үйдө. Турмуш курганыбызга аз эле болду, сен дайыма жанымда жоксун. Жалгыз коркот деп да ойлонуу жок сенде. Эмне бүтпөгөн иш сапары билбейм.
Кейип-кепчип сүйлөнүп алган келин, чын эле Түн уйкусу төрт бөлүнүп кыйналып жатканын айтып алды.
— Мейли капа болбочу! Мейли бүгүн үйдө калам. Мен дагы чарчадым, эс алсам дейм.
Мындай сөздү кулагы уккан келин кубана түшүп, жоллошун бекем кучактай отура кетти.
Түн бир оокумда чыккан үндөн аял ойгонуп кетти. Жанында жолдошу жок! Балким сыртка чыгып кетти деген ой менен кайра жаздыкка башын жаздай кетти.
Бирок жанагы үн дагы кайталанды. Же күлүп жатканы, же ыйлаганы белгисиз, караңгы түнжөгү терезеден чыккан үн ким?... Аялга бей тааныш!
Эшикти акырын ачкан аял сыртты көз чаптыра карап алды да чолчуп кетти.
Алдында көздөрү алайып канга толо, оозунун тегерек четинин баары колдору, көйнөгү боз топурак менен кызыл канга боюлуп, чачарынын баары сапсая, кудум эле кече жерге берилген кыз бет алдында турган.
Эмне деп сүйлөп, же үн чыгарганы белгисиз, колундагы бир үзүм этти мүлжүй, уламдан -улам аялга жакындайт.
Буттары тушалып, калтырай артты көздөй кетенчиктей бергенде артынан турган киши оозун баса калды.
— Чу-ш-ш
Эч ким укпасын! Үн чыгарба!
Артында күйөөсү турган. Ал чочулаба деген сыяктуу ымдай, акырын баш ийкеди. Аны көргөн кыз калың бактын арасын көздөй качып жөнөдү.
— Эшикти эч кимге ачпа деп үйүнө киргизген киши жанакы кыздын артынан карай кууп жөнөдү.
********
Сирена кызым эшикти ач! Сирена сырттан чыккан үндөн улам уйкудан көзүн ачты. Кудум эле өзү ошол жерде жүргөндөй сезилип, башы зыңылдап ооруп да калыптыр.
— Булар эмне таң атпай!
Күбүрөнүп сүйлөнүп ала эшикти ача салып көргөн көзүнө ишенбей, туруп калды.
—Куттуктайбыз! Куттуктайбыз бүгүн он сегизге толушуң менен.
Ызы чуу түшө, баары ошол жерде колунда көтөргөн таттуулары менен бирге,достору турушкан.
— Саат канча болду?
Терезеден күнгө карап алды. Ааламга эбак эле таң атып, баары өз тиргиликтери менен алек.
Ушунча саат уктап калганына өзүнө да, ойготпогон атасына да таң калып турду. Адатта таң атпай машыгууну эскертип, кабагын чытый тосуп алган атасы, бүгүн негедир унчукпайт. Өзүн карай жылмайып койду да, иш бөлмөсүнө басып кетти.
Түнт токойду аралай баскан төрт жигит кубанычтуу сүйлөшүп баратышты. Өткөн кездеги, бала курактын аңгемеси укмуш эмеспи эми... Бирине бири каткыра баратышып көздөгөн жерине кандай келишкенин да байкабай калышты.
— Биз келдик.
Достору Айдынды далыдан таптай, өздөрү ары көздөй басып кетишти.
— Чоң -Ата! Амансызбы? Мен келдим.
Артын карай ойлуу турган картаң карыяга Айдын ызаат билдире ийилип учурашты.
— Керемет жер экен. Тоонун абасы абдан жакшы экен.
Артын карабаган тейде сүйлөп алды карыя.
— Сизге жактыбы чоң -ата? Сөзүңүздө калет жок! Бул жерди тандап жаңылбаптырмын.
—Бизге да жай бересинби?
Карыя тамашалай, үнүн ары, өктөм чыгара суроо узатты.
— Койсоңузчу ата бул эмне сөз эми?
Чычалай түшкөн жигитти бир карай жылмайып,
— Уулум менин! Жалгызымдан калган карегим .
Кубанычын жашыра албай ата кучак жайып, кубанып алды.
— Келдиңби деги?! Аман -сооңду билдирбейсин?
Экөө көпкө сүйлөшүп отурушту. Сөз эмне үчүн бул тарака келгендеги себебин да айтып өттү.
— Көйгөйүбүз ушул! Аз калдык биз менен бирге бол. Кара көлөкө эч нерсе эмес, андан башка да бирөөсү бар. Жарганат. Ал биздин адамдарды бир экиден кырып кетти. Жал бөрүлөрдүн ага күчтөрү жетпейт. Ал өмүр бою бир инсанды издеп жүрдү. Менимче адам аты уккус башка жакта жашайт эле, демек издегенин тапкан сыяктуу. Болбосо чыкпас эле.
Карыя кыжалат чегип алды.
— Ал бул жерге келсе, эч кимди тирүү койбойт. Эч бир жан аман калбайт. Анын максаты баарын дал өзүндөй кылуу. Өзүндөй жырткычка айлантуу. Жана ал албетте кааласа жасайт. Биз ага каршы туруубуз керек. Анын бир эле тамчы каны, бүтүндөй бир адамды кан ичкичке айлантуусу турган кеп.
Бир бул жерди коргоообуз керек.
Карыя олуттуу сүйлөп, алдыда эмнелер күтүп турганын сезгендей түйшөлө түштү..
Айдын да үн катпай укту.
******
Эмне жумуш жасап жатасынбы?
Өзүнчө кыңылдап тиргилик кылып жаткан агасына карады.
-—Бул кыйраткан деле жумуш эмес го ага. Баары жакшы мен чарчаган жокмун.
Агасынын эмне айтуусун оюнан окуп койгон сыяктуу тамашалай сүйлөп алды.
— Сага белегим бар садагам.
Күндөр өтүп жатат, үйдөн чыкпайсын такыр. Мен буну сага белек кылам.
Агасы колунда турган ак кагазды кызга көрсөттү
— Мунун ичинде бир аз акча бар. Барып курбуларың менен эс алып кел. Бүгүн шаарда өзгөчө майрам болот эмеспи. Мен өзүм үйдө отура турам. Мени карайм деп, же сабагыңдан жок, же жашооңдон жок болуп калдың. Мен болсо айыгып жатам акырындык менен, бүгүн дагы басып келдим эки - үч кадам.
Күнү кечее курбусу экөө сүйлөшүп жатканын, ашкана тарапты көздөй баратып кулагы чалганы бар.
Айтор эртең шаардык керемет майрам, шаан шөкөт болоорун курбусу айтып, барып келүүсүн өтүнгөн бирге. Көчө толо эл болуп, кооз майрамдын урматына оюн-зоок баары уюшаарын билип, бир аз көңүл көтөрүп келүүсүн сураганган.
Кыз канча барууну каалап турса да, агасынан кыйылып, кароого эч ким жок экенин эсепке алып курбусуна жок деген жооп берген. Оюнда Айдынды көрүүгө ашык эле да. Билинбеген алоо сезим акырындык менен экөөңү бири -бирине жакындатып, байлап бараткан.
Кийин агасы курбусу менен сүйлөшүп, эртең келүүсүн суранган. Бирок карындашы билбөөсүн бул тууралу, жана өзү айтып жөнөтөөрүн айткан. Ошондон улам айтып жатканы.
— Жок -жок эмнеге андай дейсиз? Менин эмне сизден башка кимим бар эле, жүк болуп, карап отурат деген ой болбосун.
Анан мен өзүм эле баргым келген жок деп ооз учунан жалган айта койду да, билинип калбасын деген ойдо, жүзү албырып кызара түшкөнүн байкай, ары карай жылды.
Аны байкаган агасы ичинен күлүп алды.
— Жан карындашым менин. Сенден башка эч кимим жок. Сенин көңүлүң түшсө мен кыжалат болом садага. Андан көрө бүгүн ооба барып эс алып оюн зооктун кызыгын көрчү эмнелер болот экен, андан соң мага айтып бересин. Бүгүн барсаң мейли башка эч кайда жөнөтпөйм. Мен өзүм басып калам ага дейре
— Келиштикпи?
Мирена ичинен кубана түштү. Жылмайган абалында агасы сунган акчаны ала сүйлөдү.
— Келиштик!
Агасынын жүзүнөн чоп эттире өөп алып, азыр эле кылып жаткан жумушун таштап, жаш балача кубанып алып, өэ бөлмөсүнө кирип кетти.
— Эх тентегим менин.
Агасы күлүп алды да, кайра өз бөлмөсүнө жөнөдү.
********
Кыздар бүгүн шаарда керемет майрам. Көчөнүн баарын карасаңар?
Сирена терезени тиктеп алды. Кайра ойлоно, эч нерсе көрбөгөндөй отура кетти.
— Кызым!
Атасынын сөзү Сиренди чоочутту.
Акырын келген ата сүйлөшүү үчүн кызды өз бөлмөсүнө чакырды. Артынан ээрчип барган кыз дагы эмнелер болду деп ойлой кетти.
— Бүгүн курбуларың менен эс алып келе бер. Көчөнү кара? Укмуш соонун. Кантсе да өзүң билген, чоңойгон шаар эмеспи. Бүгүн он сегизге толдуң. Жарык кызым менин. Дагы далайын жаша бул жаштын. Эми өз алдыңча иш кылганы мүмкүн. Сен алдыда боло турчуу бүтүндөй нерсенин баарын көрүүң керек. Көчөгө чыкканыңда, шамдагай болууну, абайлоону, баарына сезимтал болууну унутпа кызым. Менин сага белегим бул. Атасы кызынын колуна укмуш керемет баалуу таштардан жасалган кооз шакекти колуна тагып, дагы бир ирет куттуктап анан өз курбулары менен көчөгө чыгуусуна макулдугун берди.
— Аай иий ата кооздугун карасаңчы?
Өмүрүндө мындай нерсени көрбөгөн кыз колундагы шакекти таң кала тиктеп алды.
— Ооба кооз керемет, кымбат таштар ушундай укмуш, баалуу болушат. Сен дагы ошондой бол. Сен дагы кызсын. Назик, сулуу дал ушул керемет таштардын кымбаттыгы, сулуулугу эмне болуптур менин периштемдин алдында.
— Болдуңарбы эми?
Апасы жылмаяа күлүп алды. Колуна кармап келген көйнөктү кызга сунду.
— Бүгүн өлкөдө ушундай майрам. Биздин салт ушул, кыздары ушундай кийинген. Аял, кызмын дегендин баары көйнөктө жүрүшчүү. Азыр эле эркектей болуп кетишкен айырма жок.
Апасы көйнөктү карматып жатып ушуларды айтты.
— Вааув апаке бул кимдин көйнөгү. Карасаңыз анык сиз айткандай болуп калдымбы кызга окшоп?
Өзүнө өлчөй карап жатып кызы өзүнө-өзү суктанып алды.
— Ооба да. Кечее күнү көрдүк го сенин көйнөгүң өзгөчө ачып турат. Бара гой курбуларың күтүп калды.
Атасы менен апасы астыңкы кабатта, апасына рахмат деп, жаш балача кубанып алган Серина үстүңкү кабатка карай чыгып кетти.
*******
Көчө толгон эл. Ар кандай кооз жасалгалоо, шаңдуу маанайдагы адамдар. Ары жакта бир топ болуп бийлеп жатышса, бери жакта бир- топ оюн зоок, ар кандай эркек адамдардын бычак ыргытмай бутага, же дагы күрөш, айтор түрлүү спорт өнөрлөрүн көрсөткөн адамдар. Тээ аркы жакта экиден -экиден кыналыша бийлешкен жаш -жигит, сулуу кыздар. Дагы бир жеринде түркүн турлүү, даамдуу тамактар. Күн түштөн ооп калганда чыккан Сиреналар да дал ушул элдин арасында басып баратышты.
Көйкөлө кийген көйнөгү бир канчаны өзүнө тартып турган. Аркы жактагы жигиттер өткөрүп жаткан оюнга кызыгып карап калды. Канча ыргытышса да, көздөгөн жерге жетпей сайылган бычагы жигиттердин баарын жадатып жиберген.
— Эгер мен тийгизсем көздөгөн жерге, белекке эмне бересиз?
Кыздын үнү оюнду уюштурган жигиттерди таң калтыра, баары бирден артына карап алышты.
Кичинекей гана турган кыз, кайдан деп алышты ичтеринен ыржыйган жигиттер.
— Мына капчыктын баары сага болот анда.
Башкы уюштуруучу жигит чындап кабыл албай эле, колундагы шагыраган акча салынган капчыгын көрсөтө, тээ тиги стол үстүнө ыргыта салды.
— Чын элеби?
Кыз кайрадан сурады.
— Ой чын эле! Бол көрсөт билген өнөрүңдү.
Шаштысы кетип, ичинен кана көрөлүчү деп алды да, колундагы шараптан култ эет жутуп жаай отура кетти.
— Маакул!
Кыз ары карай бир аз бастыда колунда турган кездемени жүзүнө байлай, көзүн таңып алды.
Эмне кылып жатканын түшүнгөн жигиттер баары сөздөрү оозунан түшүп, жардана тиктеп калышты.
Кыздын колундагы бычак а деп ооз ача электе зымырап учуп барып, так бутанын ортосуна сайылды.
Таң калган баары ооздорунан сөздөрү түшүп карап калышты. Акырын басып келген кыз үстөл үстүндөгү бир капчык акчанын баарын үн дебестен алды да ары көздөй басып кетти.
*******
Кыздын үйдөн чыгуусун күткөн Кара көлкө тээ тигиндеги чоң талдын жанында карап отурган. Өзүнө эмне болуп жатканы түшүнүксүз. Кантип эле? Буттары өзүнөн өзү шилтене ушул кыздын алдына алып келип койду. Эпилдеп, жепилдеп шашканычы. Кызды көрүүгө ушунча шаштыбы? Бул эмне махабатпы? Же жөн гана кызыгуубу?... Өзүн канча алдап, « бул жөн гана окшоштук, бул менин сүйгөнүмө окшош гана жан, ал өлгөн деген сайын, мен тирүүмүн» дегендей бир сезим оюн ээлеп турат. Анысы аз келгенсип күлгөнү, жүргөнү агасына эркелегени, баары дал келип калганын кантейин.
Азыр да өзүнөн- өзү келип, карап кетүүгө кызыкдар.
Айдынга окшоп, жоготуп алуудан корккондой, же бирөө бир катуураак тийип койобу дегендей, ал тургай өзү бир нерсе боло түшсө жанына жетип барып коргоочудай шашыла түшөт. Кайра оюнан кайтып ичинен миң түйшөлө басып кетет.
— Эмнеси бул? Мен өзүм киммин бул периште ким? Ушул инсан сени түшүнөт деп ойлойсунбу? Сени көргөндө жүрөгү жарылат го, мени кандай алдамчы сезимдер жетелеп жатат? мени бир гана адам түшүнгөн, кандай болсом ошондой абалымда мени сүйгөн. А менчи, мен аны жоготтум.
Өзүн дайыма күзгүдөн карап алып, ушул ойлор кыйнай берет. Купкуу болгон жүзүн, канга толо кызарган көзүн деги эле өзүн көрө жинденип алып, күзгүнү чаап салат.
Күткөн убакыт жете келип, топтошкон курбулар бирге шаарды көздөй унаага чыгыша бет алышты.
Акыркы чыгып, агасы менен коштошкон Мирена өзгөчө сулуу көрүндү. Чын эле бул ашыктык сезим. Бул жердеги периште. Бул кыз өзү гүл, ааламда сулуу эмне бар болсо ошонун баары. Бүтүн дүйнөсү аңтарылып, болгон баарын кыздын бир эле күлкүсү жууп сала тургандай өдү билбеген абалда жылмайып алды.
Кыздар унаага отуруп жатып, Мирена да өзүн бирөө карап тургандай сезиле артын бир карап алды.
Дароо дарактын артына жашынган Кара көлөкө кыздын өзүн көрүп коюуусунан коркуп шашыла бекинди.
Унаа ордунан жылган соң өзү да унаа кеткен шаарды көздөй жөнөдү.
Бул убакта Айдындар да достору менен бирге бараткан.
Батыраак жетүүгө шашылып бараткан Айдынды токой ичинен чыккан кыз шашыла алдын тороду.
— Айдын токто!
Баары элейе калышты. Кызды көргөн достору ого бетер элейишти.
— Сен! Сенби?
Бирөөсү кучактап көрүшүүнү каалай алдыга жүткүнө барып токтоду. Кыз эчак эле кан ичкичке айланып калганын билишет эмеспи. Кыз түшүнгөндөй күлүп койду.
— Жакшы жүрөсүңөрбү?
Кыз да жооп катары сүйлөп алды.
— Айдын эгер менин бир аз кадырым болсо,сени ал жакка барбооңду суранат элем. Жакшы нерсе болбосуна көзүм жетип турат. Мен көрүп келдим.
— Эмнени?
Айдын кесе сурады.
Кыз эмне дешин билбей сөзү оозунан түшө унчукпай калды. Тек кана ошол шаарга барбоосун өтүндү. Бир жамандык күтүп турганын так кесе айтты.
Айдын аны угабы? Көзү Мирена дегенде эки көзү төрт эмеспи.... Кыздын айтканына ишенбей алды көздөй кетип калды. Калганы да Айдынды ээрчиди.
Кыз артынан узата карап,жана эле көрүп келген нерселерди түшүндүрүүгө чамасы келбей,кала берди. Жарганаттын пайда болгонун,Сиренаны көргөнүн баарын кеңири айтып бергиси келген бирок бул убакытты талап кылат эмеспи.... А бул убакыт Айдында жок!
Мына.Кездеүүшүчү күн! Жарганат өзү издеген сулуу, Айдын ошончо ашыгынын колун кармап учурашып, же бир аз болсо да сүйлөшүп, же күлкүсүн угууга зарлап күткөн убакыт. Артынан Айдынга душман, Миренаны болгон сезимин түшүнбөгөн Кара көлөкө. Тагдыр баарын алып келип, бир күнгө, бир шаарга топтогонун карасаңчы...
Шаарга келише бир аз убакыт эс алып, көңүл көтөрүштү. Оюн зоок көрүшө анча-мынча курбу кыздар жигит жандай, басып жай бийге түшүштү. Тек гана тегеретен турган кыз жигиттер арасында эки инсан экөөнү күтүп жатат. Бири Айдынды күткөн Мирена болсо, экинчси ошондогу өзү барган коноктогу айылда кездешкен бей тааныш бий бийлеген сырдуу жигитти күткөн Сирена.
Экөө бет маңдай турганы менен жүздөрүндөгү жаап турган кооз беткап, эки кыздын тең куюп койгондой окшоштугун, билдирбей турган.
Артынан чыккан жоон, ары кырылдап коркунучтуу чыккан үн кыздын бүткөн боюн титиретип селт эттирип жиберди
— Салам сулуу...
Уландысы бар.
Чыдап күткөнүңүздөргө ыраазылык билдирем. Кээде адамбыз да айткан убакта, дал өзүндө чыгара албай, кечигип калып жатам. Ошондо да түшүнүп окугандарыңызга ыраазылык билдирем. Бүгүн негедир баламды сагындым. Кичинекейм апамдын жанында болчуу. Ден соолугуна байланыштуу,таза аба деп ошол жакта жүргөнү жакшы дешкени үчүн апамдын жанында калтырдым.
Кечее барып, кайра эле эрте менен жолго чыгып келе бердим. Бүтпөгөн тиргилик көбүрөөк барып жанында жүрүүмө да азыраак себеп болуп кетти. Окуусун жакшы окуп, үлгүлүү окуучу болуп жатат десе көңүлүм көккө чыкты. ( болгону экинчи класс)
Эртең каникулда алып кетем ээ деп,, түнү менен балам менен сырдаштым. Чоң адамдай түшүнгөнүн кантейин. Ичинен мени менен кеткиси келсе да тайенесин кыя албай кала берди. Негизи эртең жакында туулган күнү, ошого белек алып барсам деген ойдо жүргөнмүн. Кудайым каалача жол берсе кайра он беш күндөн кийин барам.
Жакшы окусаң кооз,даярдаган белегим бар десем кудуңдап кубанып калды.Апам экөөбүз чоңойтуп, келип, эми мынтип ден соолугунун айынан ал жакта балам, бул жакта мен калып кеттим. Негизи апамды да жакшы көрөт каттуу ошол үчүн көңүлүн кыя албай калып кетти. Жол ката маанайым жок ыйлап келдим негедир. Ушундай жакшыларым. Көптөн бери сиздер менен бирге тааныш деле болуп кеттим. Кээде эч кимге айтпаган сырларымды бирөө мене бөлүшүп алууну туура көрүп кетем. Кечиккеним үчүн кечирим сурайм жакшылар.
Урматым менен автор.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев