}} ( 10- бөлүм.)
Таң атып,таң супасы жерге жарыгын чача баштаган убакта гана, терезеден көз албай тиктеген жигит калың бактын арасын көздөй кирип кетти.Жүрөгү жай алган сымал,бир аз кыжалат да болбой калды.Кыз болсо бир аз эс алууну ойлоп кайра жайына жата, көшүлүп уйкуга кетти.Канча уктаганын билбейт, бир убакта телефонуна келген чалуудан көзүн ачып дароо коңгуроого жооп бере койду
— Угуп жатам.
— Мирена агаң көзүн ачты. Бүгүн эрте менен көзүн ачты.
Көзү чайыттай ачылган Мирена кубанганынан ордунан атып турду.
— Чын элеби, кандай жакшы. Абалы жакшыбы анан, мен азыр бир аздан соң өтүп барып калам. Барып көрүүмө болот да ээ ?
Кайра үн катпай телефондун аркы жагындагы дарыгердин сөзүн тыңшап калды.
— Албетте келип көрсөң болот. Агаңдын биринчи сураганы сен болдуң.
— Чын элеби ?Рахмат сиздерге мен анда азыр эле барып калам.
Шашыла ордунан туруп, жаш баладай так секирип кубанып алды.Агасы жанына кайтып келсе баары жакшы болуп, баары кайра мурункудай өз калыбына түшө тургандай элестеп алды. Өзү менен алышып жүрүп көрүүгө барбай калганына да бир аз болгонун эстей, өзүнөн-өзү уяла түштү. Агасын ушунчалык сагынганын эстеп дароо дайынданып, шашыла көчөгө чыгып, агасы жаткан оорукананы көздөй жөнөдү.Тезиреек жетүүнү көздөп, уламдан- улам кадамдары тездеп,маршуртканы да күтүүгө чамасы келбеген сыяктуу шашылып, бир орунда тура албай кетип жатты.Азыр барып агасын көрсө баары жайына түшүүчүдөй, өзүнө - өзү эми агамдын жанынан эч кайда жылбайм деп сөз берип алды. Экөө бала кезден эриш-аркак чоңойгон бир боору эмеспи. Жол ката экөөнүн наристе убактарындагы таттуу күндөрдү эстеп жылмайып койду.
Кантсин анан, жалгыз агасынан башка жөлөгү жок болсо.Көп убакыт өтпөй дароо эле агасы жаткан ооруканага көздөй кирип келди,да дароо эле дарылган дарыгердин бөлмөсүнө баш бакты. Саламдашкан соң кирүүгө уруксаат сурап туруп калды.
— Аа кандайсын келдиңби кызым !
— Амансыздарбы ! телефон аркылуу агамдын көзүн ачканы тууралуу айткан элеңиз. Абалы кандай, кирип көрсөм болобу азыр ?
— Кел отурагой бул жерге, албетте көрөсун шашылбай тур.Алдын сүйлөшчүү сөздөр бар.
Дарыгердин сөзү кызды бир аз үшүтө түштү. « Дагы эмне дегени турат экен» деген ой кетти ичинен. Муну сезгендей дарыгер да сөздү алыстан баштап кирди.
— Билем кызым агаңдан башка эч кимиң жок экенин, бирок биз да колубуздан келишинче аракет кылдык, дагы да болгон аракетибизди жасап жатабыз. Абалы кыйла жакшы, мурункудан караганда өзгөрүү бар. Бирок деген да нерсе бар!
Башында айткандай эле агаңдын буттары азырча кыймылга келе элек. Бар үмүтүбүз бир Кудайдан. Эми гана көзүн ачкан үчүн азырча албетте алсыз. Биз дагы колдон келишинче аракетибизди жасайбыз.
Кыздын кубарып кеткен жүзүн көргөн дарыгер аркы жакта турган идиштеги суудан куюп, колуна кармата койду.
— Муну ичип алыңыз! Сиз эми бир тууганыңызга жөлөк болууңуз керек. Дал сизге агаңыз жөлөк болгон сыяктуу.
— Албетте рахмат сиздерге. Эми кирип көрсөм болобу ?
Кыз мелтиреп бир жерди тиктеген абалында дарыгерге суроолуу карады.
— Албетте болот! Көздөгү жашты аарчып, кыжаалат кылбайбыз оорулууну. Бүгүн башка бөлмөгө котордук ал жактан.
Өзү бөлмөсүнөн кошо чыгып,кызды артынан ээрчите агасы жаткан бөлмөнүн эшигин ачты.
Эшикти ачкан учурда агасы көзүн ачып ойгоо жаткан эле. Карындашын көрүп жаш баладай кубанып алды.
— Миреним менин жан карындашым.Келдиңби кечир сени көпкө жалгыз таштап койгонум үчүн.
Агасы карындашынын колун кармап алып, сагынганын жашыра албай көзүнөн жашы сызылып кетти.
— Бир тууганым менин мен да сизди сагындым, эң башкысы көзүңүздү ачтыңыз. Кудайга миң мерте шүгүр.Калганы буйруса баары жакшы болот, мени таштап кетпең ээми мынтип. Коркуттуңуз мени!
Бир боорунун колдорун мыкчый кармаган Мирена көзүнүн жаштарын аарчып алды.Өзү араң жаткан абалын көрүп, баса албай калаарын айткысы келген жок.Тек гана азыр жанында көзүн ачты, мурункудай телмирип эч нерсе укпай, көрбөй уктап жаткан жок, ушунусуна да шүгүр деп алды ичинен.
Чачтарынан сылаган агасы да ичинен Кудайга шүгүр келтирип жатты.
— Кана айтчы эми кантип жашап жатасын, жалгыз эмессинби ? Коркуп калган жоксунбу ? Тамагың эмне болуп жатат ?
Баарын чекеден сурап кирген агасына кыз тек кана жылмая баары жакшы деп койду.Өзүндөгү, жашоосунда болуп жаткан окуяларды, кыйналган нерселерди айткан жок.
— Сиз бул жерден чыкканыңызча ушул жерде болуп турайынчы,жаныңызда карап турам, кийин үйгө бирге кетебиз ээ ?!
— Эмнеге андай дейсин ? Үйдө тынч эмеспи кайра, же бир нерседен корктуңбу үйдөн ?
Миренанын сөзүнө агасы суроолуу кайра карады.Оюнда коркуп калбады бекен деген ой да келип жатты.
— Аа…Жок агам баары жайында эле болгону сиз жок,өзүм аябай зэригип кеттим. Үйгө барсам деле ошол,жалгыз өзүм отурганым отурган кечке. .Сиздин жаныңызда болсом, бир аз күн өтсө керек. Өткөн кеткен нерселерди сүйлөшүп, китеп окуп берем дегендей.
Кыз жылмая карады.
— Бул жерде болушуңа каршымын садагасы өзүмдү ансыз деле ыңгайсыз сезип жатам, бир аз күндөн кийин бошотсо керек мени да.Бул жер аябай башыңды оорутат, түнү менен тынч уйку да ала албайсын.Бир аз суук да түшүп жатат. Ошол себептен ооруп калба дегеним. Мени ойлоп кыжалат чекпей, сабагыңды калтырбай окуй бер! Жакында ансыз деле барып сени тажатам, кечке үйдө болуп.
Карындашын негедир жанында калтыргысы келген жок. Эмнедендир кабатырдай, карындашынан тынчсызданып жаткан сыяктуу,калп күлүмүш этип, көздөрүн ала качты.
— Макул сиз айткандай болот ! Үйгө барам бирок азыр бир аз отурам кечке дейре. Анан кетем, эртең сабагыма барып, андан соң келем сизге ээ?
— Акылдуум менин десе. Ошентчи садага
Карындашынын мурдунан чымчый эркелетип алды.
- Зэриксеңиз керек ага ! Китеп алып келип берейинби окуп күн өткөрөсүз ?
— Абдан жакшы болмок.
Агасы эрке карындашына күлүп карап алды.
Экөө көпкө отурушту. Канчалык агасынан үйдөгү табышмактуу китеп тууралуу сурайын десе да, ооз ачып батына албай турду. Жанында бир аз болсо да көп нерседен алаксый,көңүлү куунак отурду. Канчалык жанынан кеткиси келбей турса дагы, убакыт өтүп, саат саналып, кечке карай, үйгө кетүүгө камдана баштады.
— Мен эртең да келем ээ … Ага дейре жакшы эс алып туруңуз.Өзүңүздү абайлап, карап туруңуз.
— Мейли менден кыжалат болбочу. Андан көрө сен кечке калбай үйгө жетип алгын ээ тезиреек. Мен сага ишенем.
Агасынын мен сага ишенем деген сөзүндө эле канча маани жатат эле.Аны карындашы дароо түшүнөт болчуу. Жүзүнөн сүйүп, агасы менен коштошкон Мирена үйүн көздөй жол алды.
Узун жолдо ойлуу кетип бараткан Мирена унаа күтүп жол жээгине токтоп калды.
Күүгүм учурдан өтүп калган. Кыз бир жерди тиктеген абалында туруп калды.Көзүнө жанагы кара көлөкө дал өзүнөн бир кыйла алыстыкта башын жерге салып бирөөнү күткөн сыяктуу кыз тарапты көздөй,бетме-бет турган.Жүрөгү оозуна кептеле түшкөн кыз, коркууга түшүп, өзун -өзү , бул жөн гана элес, көзүмө көрүндү окшойт деп, өзүн алдап сооротуп алды.Үйүнө баргысы келбей турду, кайра агасынын жанына кайтып кеткиси келип жатты.Артка кетенчиктей берип, жанагы жерден Кара көлөкөнүн элесин таппай калган соң,анык көзүнө көрүндү деп ойлой, агасынын сөзүн эстеп үйүнө жол алды.Үйүнө жетеерине бир аз гана калган убакта, аркасынан чыккан үн кызды селт эттирди.
— Салам Мирена !
Купкуу болуп жүзү кубарган, бей тааныш сулуу кыз өзүн карап турган эле.Кайдан жайдан пайда болгонун да билбей калган Мирена, таң кала кызды карап алды.
— Салам кимсиңер ?
Кыз өзүнө кайра суроолуу кайрылды.
Бирок аркы кыздан телмирип тиктегенден башка үн чыккан жок.Кызды башкача узакка тиктеп турду.Кадимкидей бири- бири менен арбашкан адамдардай сыяктуу, бир саамга тиктеген кыз кайра артка бурулуп алды көздөй кадам басканда Миренанын сөзү кызды токтотту.
— Кимсиңер ?
Кайра кайталанган суроого кыз акырын артын карап кыздын көзүнө карай сөз баштады.
— Менин кимдигимди билүүдөн пайда жок.Ал сени бир гана кырсыкка жетелейт. Бир гана айтчуу сөзүм бар!
Сага айтаарым жакында баары өзгөрөт. Агаңа дагы кырсык болушун каалабасаң анда бул жактардан алыс алып кет.
Кыздын сөзү Миренанын денесине муздак сууну куюп жибергендей титирей түштү.
— Эмнеге агама кырсык болушу мүмкүн ? Эмнеге? Биздин кимге жамандыгыбыз болуп, кимге зыян тийгизип жатабыз, силер деги кимсиңер ?
Кыздын сөзү жоопсуз калып кетти. Болгону кыска гана " жакында баарын түшүнүп аласын " деген гана сөздү айткан кыз караңгылыкка сүңгүп кетти да жок болду.
Кызды токтотуп, баарын суроого күчү жеткен жок. Тек гана эмне дешин билбей, артын көздөй үйүнө жетүүгө камынып бара жатты. Агасына кырсык болуусу мүмкүн деген сөз кулагына жаңырып туруп алды. Жалгыз агасына дагы кандай кырсык болуусу мүмкүн.Араң айыгып жаткан агасын эстеп алды.Бир нерседен карындашын коргогон сыяктуу уламдан - улам үйгө барып эс ал деген агасы, карындашы коркуп калбасын деген ой менен көп нерсени жашырып жаткан сыяктуу элестеп алды көзүнө.
Үйүнө шашылып кирип эле эмне кылуусун билбей, шалдырап отура кетти.Жалгыз чоң үйдөн коркуп да турду.Оюна Айдын түштү. Дароо телефонун алып анын номерине коңгуроо кыла койду, бирок ушул убакта Айдындын да телефону өчүк. Терезеден коюу бактын арасын карап алды.
— " Корккон убагыңда Айдын дайым мени карап турат деп ойлоп ал " - деген Айдындын сөзү эсине түшүп кетти.Жанагы бир кездеги өзү көргөн көк жал карышкыр азыр эле коюу бактын арасынан өзүн коргоп чыгып келе тургансып, көзүн бактан албай үмүт менен тиктеп турду .Бирок жалгыз үмүт шамына суу сепкендей, ал жактан да эч ким көрүнгөн жок.Жүрөгү бир нерсени сезгендей, катуу согуп, жан дүйнөсүн коркунуч бийлеп турду.
Катуу тыкылдаган эшиктен улам, кыздын ою бөлүнүп, акырын эшикти көздөй басты.
Мындай убакта эч ким келбеши керек эле.Бул сырттан чыккан үн кызды ого бетер коркууга салды.
— Ким бул ?
Эшиктин сыртынан чыккан үн кызга бир аз туруп жооп берди.
— Буйрутма берген экенсиздер эшикти ачыңыз !
Кыз эч кимге буйрутма бербегенин эске алып, эми чындап коркууга түштү.
— Адаштыңыз мен буйрутма берген эмесмин.
Кыз ары бөлмөсүн көздөй жөнөгөн учурда чыккан үн, кызды селт эттире кайра токтотту.
— Мирена ач эшикти.
Бул үн ары коркунучтуу, ары сүрдүү чыкты.
Кыз эми чындап бул оюн эмес экенин түшүндү. Эшигин дароо кайра баарын ичинен кулпулап алды да, аркы жактагы бөлмөлөрдүн бирине кирип отура кетти.Коркуп жатты.Бүткүл терезесинин баарын жаап салды. Бирок кызды жанагы үн тынч койгон жок.
— Мирена эшикти ач ! Баары бир биздин колго түшөсүн, анда эмне болот ? Сен тууралуу баарын билебиз.
Эч нерсени уккусу келбей турганы менен,жигиттин сөзү мээсине кылт этти.
— Акылсыз кыз, ким экениңди да билбейсин, өз ата энең жөнүндө да эч нерсе билбейсин. Деги эле кимсин,чыныгы ата -энең жөнүндө эч нерседен кабарың жок жашаган бир кызсын.
Каалайсынбы сага баарын айтып берем. Ким экениңди я? Бирок кызык ээ?....
Алардын тукуму эчак куруп, жоголуп бүткөн деп ойлоочумун, бирок… Сен кыз мынтип ойлобогон жерден баарыбызды таң калтырдың го! Ишен мага, кылымдар бою жашап, баарын көрүп, билип бүткөн Кара көлөкөдөн өйдө таң калтыра алдың. Ха- ха -ха.
Сырттагы үн ар сөздү бир баштап сүйлөй берди, бирине түшүнсө бирине түшүнбөгөн кыз дагы үн катпастан коркууга түшүп отурса да, баары кызык болуп кунт койуп угуп жатты.
.Коркуудан дагы кызга өзү тууралуу суроолор жүрөгүн өйүп жатты.
— Мен киммин ? Кимдер тукум курут болгон, бул инсан ким ? Балким өзү жөнүндө өзүнөн да ушулар көбүрөөк билээр деген ой мээсине кылт эте түштү.
Эмне себептен бул нерселер болуп жатат ?
Башын мыкчыган кыз башындагы миң түркүн ойлорго жооп таба албай, бүрүшүп отура берди.Бир аз үн чыкпай тынчып калган соң кетти болуш керек деген ой менен өйдө көздөй бөлмөсүнө чыгып жөнөдү.
— Эмне ойлуусун Мирена ? Ооба билем сени азыр ар кандай ойлор курчап жатат ээ ? Өзүңдүн ким экениңди биле албай кыйналып жатасын. Кааласаң сага айтып беришим мүмкүн. Бирок эшигиңди ач, анткени менден башка да сени издеген мен сыяктуулар өтө көп. Алар мен сыяктуу сага сүйлөп отурбайт! Сенин көңүлүңдү карашпайт, сени жек көрүп, ызырына тиштенип, издегендердин колуна түшүүдөн абайла! Алар бүгүн болбосо,эртең эшигиң алдында пайда болушат. Анткени бизди тукум курут кылып, алыс качырган атаңдан көпчүлүк өч алуу максатында. Кандай дейсин алардын колуна түшсөң эмне болоор экенсин ?
Шырп эткен үн угулса кайра - кайра сүйлөгөн табышмактуу инсан ким экенин кыз акырындан боолголой баштады.
— Ошолордун бири сен.
Кыз аны сөз менен алаксытып, өзү ар кандай кырдаалга каршы өзүн коргонуу үчүн бир нерселерди издеп жатты.
- Таптың ! Ооба, мен да алардын биримин. Бирок менден да сага көбүрөөк өчөшкөн бирөөлөр бар.Алар сенин айланаңда эле жүрүшөт, болгону сен аларды көрбөй жатасын. Азыр алар сага кол салууга мүмкүндүк таппай турат, бир гана жолу табылаар замат, сенин түбүңө жетүүгө даяр турушат.
— А сен эр жүрөк кыз экенсин чынында мойунга алыш керек! Жалгыз үйдө жашайсын, анан коркпогонуңа таң калдым. Албетте албетте, ананчы?.... Каныңда бар да баатырдык! Сенин ыссык каныңа тойгусу келгендер бир эле мен эмес экенимди билген ордуңда башка бирөө болсо, азырга чейин изин суутуп жок болмок.
— Анда эмнени күтүп жатышат ?
Кыз адатынча суроо бере койду.
— Коркушат. Азырча коркушат. Анткени сени көк жалдын тукуму коргоп жүрөт. Бирок ал да убактынча, ал дагы күнү бүтөт жакында, сага окшоп.
— А сенчи, а сен коркпойсунбу ?
Кыз дагы сырттагынын сөзүн бөлдү.
Тигиден жооп болгон жок, кызды коркуткан менен, ал өзү да кыздан бир аз болсо да чоочуп турду.Кантсе да атасы булардын ачуу душманы, кыздын канында баатырдык эрк, кайрат бар экенин эске алды, анын үстүнө бул үйдө өзүнө каршы иштетилүүчү куралдар жок экенине көзү жетпей турган.Болгону кызды колунан келишинче азгырып колуна түшкөндө тындым кылып салууга аракеттенген менен, кыздын да келесоо эмес, тескерисинче ашыкча акылдуу, эрктүү экенине көзү жетип турду.
Кыз азыр анын кетеерине ишенбей турду.Өзү жөнүндө билүүгө кызыгып да алды.
—Мирена эшикти ач !
— Айтчы менин үйүмө кирген менен тирүү чыгууга кепилдик кайда сенде ? Анан да, менин ата энем бул үйдү кандай максатта тургузган билесинби ?
Кыз да колунан келишинче аны коркутууга өттү.
Коркуудан да кызыгуусу күчөп, анын жүзүн көрүүгө болгон эркин кармап, ордунан турду да, эшик тарап көздөй басты.Коркуу менен эч нерсе кыла албасын билип турду.
Аркынын үну саамга басыла түштү.Кыз эшик тарап көздөй басты да, эшикти ачып жиберди. Караңгы түндүн түсүнөн башка эч нерсе көрүнгөн жок.
Кыздын жүрөгүн эрктүүлүк бийлеп алды. Босогодо жанатан сайраган жигиттин үну жоголуп кеткен. Оюнда кетип калды деп да ойлоду,бирок жөн эле кетип калуусуна көзү жеткен жок. Босогодон бир аз ичкериде туруп жанатан сайрап жаткан бейтааныш үндүн жүзүн көрүүнү күтүп туруп калды.
Көпкө күттүргөн жок, бир убакта заматта шуулдаган үн менен кошо пайда болгон сулууча келген жаш жигит, кыздын бет маңдайына тура калды. Көз карашы эле коркунучтуу, ары сүрдүү көрүнүп, акырын басып келип, каалганын босогосуна жетпей токтоду. Кыз көргөн көзүнө ишене албай турду. Чын эле, бул дал ошол жомоктогу көргөн каармандарынан айырмасы жок бирөө эле. Эми баардык болуп жаткандын баары чындык, эч кандай түш, же элес эмес, чындык экенине көзү жетип, артка көздөй кетенчиктей берди.
Жигит ичкериге кире алган жок. Бир нерсе тосуп турган сыяктуу, дароо токтоду да колун чыдабай кетип, каалгадан ала койду.
Колу кадимкидей шылынып күйүп, кеткен болчу.
— Шайтан алгыр сени десе.
— Кимсин сен? Мен сага эмне үчүн керекмин, мен тууралуу эмне билесин?
Кыздын көзүндөгү коркунуч эчак жоголуп, жигитти мелтиреп тиктеп тура суроо узатты.
— Дале ошол суроолрбу? Чарчаган жоксунбу, өзүң тууралуу кызыктарды билгиң келип жатабы? Кайсыл бирин айтайын сага?
Шашпай сүйлөгөн тиги кызды карай бир ырсайып күлүп алды.
—Ачыгы мен сага тие турчуу оюм жок! Мен сени эскерткени келдим. Айла жок өз өзүмө баш ийбеген нерселерди кылып жатам! Анткени биздин кожоюндун буйругу ушул мага. Азырча тирүү калтырууну ойлоду. Ошондуктан сага азырча жамандыгым жок! Бирок ушуну билгин тентек кыз, мына колдун сурагын берүүнү унутпа!
Жигит жана эле каалганы кармай калып күйүп түшкөн колунун терисин көрсөтө кызга карап алды.
— Мен өзүң айтмакчы атамдын кызымын. Баарын айтып келип,сага оңой гана жол менен коркуучу кыз деп ойлодуңбу?
Андыктан мага абайлап мамиле кылгыла, колуңду бар да, калган шериктериңе көрсөтүп ал. Бул сага менден белек.
Эч нерсе дебей коркууну жүрөгүнө бекем катып көрсөтпөй, жигиттин көзүнө тике карап алды.
— Эжх мына көздөр! Чын эле -чын эле сен куюп койгондой окшойт экенсин.... Дал ушул көздөр эки тамчы суудай окшоштук...
— Сен экөөбүз дагы жолугабыз!
Бир нерсени мурду сезгендей эки жакты элеңдеп карап,жыттап алды да, кайра шуулдаган жигит шамал сыяктуу кара түнгө сиңип кетти.
Эшигин дароо жаба койгон кыз оор үшкүрүп, жерге отура кетти.Оюна агасынын сөздөрү эсине түштү. " - Эч качан бөлөк адамдарды үйгө кир деп уруксаат бербе, жалгыз калган учурда"
Көп китеп уламыштардан окуп жүргөн болчу. " Үйдүн өз кожойкеси кир деп айтмай сайын,үйдүн каалгасы дал ушундай адамдарды кабыл албастыгын эске алып байкап көрүүнү чечкен. Ооба чын эле тиги бей тааныш адам да, үйгө кирүүгө батына алган жок,бирок анын колу эмне себептен күйуп кеткенине түшүнө албай таң калып алды.
Демек агам баарын билген экен да. Атам дагы билиптир демек атам менен апам,алардын каза тапкандары жөн эмес. Кайда,кимге ишенерин билбей турду. Азыр эле караңгыга сиңгип кеткен жигит атасы тууралуу укмуш чындыкты айтып кеткени,өзүнүн көргөн шумдуктары жөн эмес экенин ички туюму менен сезип жатты. Атам деп бала кездеги кырсыктан өлгөн атасын эстеп алды.Өзүнун, өз атасы тууралуу эч нерсе билген жок.
Кыздын үйүнө шашыла жетип келген Айдын мурду дароо жыт сезип, бир нерсе болгонун байкай жалгыз үйдү көздөй жете келди.
Кыздын коопсуздугу үчүн баарын таштап келе берген. Өзүнүн чоң атасынан келген чакырыкка да кол шилтеп салды. Айдынды алып кетүүгө келген шериктери да жигитти тосуп кала алышкан жок. Кыздын үйүн көздөй жетип келген Айдын шамалдай шуулдаган жанагы бей тааныш жигиттин артынан түшүп, кара түнгө сүңгүдү да калды. Кыз Айдын тууралуу эч нерсени билген жок.
( уландысы бар )
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3