Тартиптүүмүн - дешип калса, сыздаармын.
Тарбиясыз, адебиң жок экен - деп,
Тартиптүү кыз айтса, келди ыйлагым.
Адебимдин салмагын да өлчөгөн,
Акылы көп бул кызга мен таң калдым.
Абийирим да аз көрүнсө ал кызга,
Анда, демек, ыйманга мен ачкамын.
А негизин билбей туруп көп киши,
Абийир төгүп ойлонбостон сүйлөшөт.
Адепсиздик кылып алып өздөрү,
Арам жолдо сүйүшүүгө үндөшөт.
Акыл айтып өздөрүнчө акылдуу,
Аз күнчөлүк кызың болоюн, кел - дешет.
Алып кет - деп, түн ортосу бир маалда,
Ар сөз сүйлөп, колду кармап эргешет.
Айтканымдан жаман ойлор келбесин,
Ар ким өзүн, өз кадамын эстесин.
Анык билип, анан эстүү болсоңчу,
Асманда эмес, сен да мендей жердесиң.
Ай чырайлуу кыргызымдын кыздары,
Бир күнчөлүк сүйүшүүдөн баш тартсын.
Арам сүйүү каалаганча өзгөдөн,
Бакыт жолун жалгыздыктан тандашсын.
Ачуусу да, таттуусу да кудайдын
Бакыт дешип түз жүргөндөн качпасын...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев