Адашпасам, жаратканым белги берди.
Акыл, адеп, абийир ээси болгондугуң,
Асылдыгың көз алдыма элестелди.
Сендей атуул, кыргыз деген элден чыгат,
Сени көргөн адепсиздер белден сынат.
Канчалаган жаштар сенден сабак алып,
Келечекте кыргызыма кызмат кылат.
Айткан сөзүң кулактарга жакын болот,
Ар бир уккан адамга эс, акыл болот.
Аруулукту көрсөтүп, тарбиялап,
Адашканга сабак алчу накыл болот.
Кылган ишиң эл-жериңе өрнөк болот,
Калк ичинде кир мүнөздүн баарын жоёт.
Кудай үчүн ат чапкылап, күйүнгөнүң
Кылым өзү атыңды жазып коёт.
Ар бир жазган сүйлөмүң ыйык болот,
Асыл оюң акмак оюн жоюп коёт.
Ата-салттын актыгын эстеткенде,
Ар бир кыргыз көңүлү окуп, тоёт.
Андыктан сен, эмитен жакшы оку,
Аркаңдагы мендей жаштар жөлөк болот!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев