(1910, азыркы Ош облусу, Ноокат району, Меркит-Мүркүт кыштагы - 4. 2. 1934, ошол эле жер) - Совет бийлигин чыңдоого катышкан кыргыз кыз-келиндеринин алгачкысы. Ошол мезгилдеги совет бийлигинин идеологиясына ылайык эзүүчү таптарга каршы жана аялдарды азаттыкка чыга- РУУ үчүн күрөшүп, 1928-яс. октябрда 1-Май айыл кеңешинин төрайымы болуп шайланган. 1932-жылы аймакта алгачкы «Кызыл-Аскер» колхозун уюштурган. Кыргыз АССР БАКтын мүчөсү (1934), 1-Май (Меркит- Мүркүт) айыл кеңешинин (1932-33), «Кызыл- Аскер» колхозунун раиси (1934). Каршылаштары тарабынан мыкаачылык менен өлтурүлгөн. Ал жөнүндө Н. Байтемиров «Тарых эстелиги» аттуу тарыхый-документалдуу романы жазып (1966), анын негизинде «Уркуя» аттуу көркөм фильм (1972) тартылган (режиссёру Т. Океев). Бишкек шаарындагы бир көчөгө ысмы ыйгарылган. Туулупөскөн айлында эстелик тургузулган.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1
Бул группадан сиз өзүңүзгө жаккан керектүү буюмду сатып ала аласыз. Заказыныздар 24 саатта колуңузда болот Ин-ша Аллах.
Жеткирүү кызматы Кыргызстандын бардык облас, региондоруна бар.
https://chat.whatsapp.com/Ls0GeTWaC9ZFjAvyF9fr11