Баш калаанын мэри Сергей Собяниндин айтымында, бул чара жумуш берүүчүлөрдүн мигранттарга жана орус жарандарга болгон чыгымдарын теңдештирүүгө мүмкүндүк берет.
2025-жылы Москвада чет элдик жумушчулардын патенти 8,9 миң рублге жетет, бул учурдагы нарктан 1,5 миң рубльгө жогору. Бул тууралуу мэр Сергей Собянин ТАСС агенттигине берген маегинде билдирди.
«Мигранттар биздин жарандар менен салыштырганда салыктар боюнча окшош сумма төлөшү маанилүү. Биз орус жарандарынан алынган киреше салыгын ай сайын карап чыгып, бул категориядагы жумушчулар менен салыштырабыз. Көп учурда бул адамдардын квалификациясы төмөн. Бүгүнкү күндө патенттердин айлык төлөмү 7,5 миң рубль, бул негизинен киреше салыгынын авансы. 1-январдан баштап ал 8,9 миң рубль болот», — деди Собянин.
Анын айтымында, бул чара жумуш берүүчүлөрдүн мигранттарга жана орус жарандарга болгон чыгымдарын теңдештирүүгө жардам берет. «Механизм мурда эле түзүлгөн, ал мигранттар жумуш берүүчүлөр үчүн биздин жарандардан арзан болбошу үчүн ушул маселени жөнгө салат», — деп түшүндүрдү мэр.
Собянин Москвада берилген эмгек патенттеринин санынын олуттуу өсүшү байкалбай турганын белгиледи, учурдагы патенттердин саны болжол менен 450 миңди түзөт.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев