30...Болум.
Автор; И. Акпарова
Колумдагы наристени жыттап боорума кыстым.
Тыбырчылап жаткан бала,тынчый тушуп колумда магдырап уктап кетти.
Ыйлап журуп, колумдагы кок орогучтагы балага конул болбогон экенмин,ал эркек бала экен.
Кыймылдатып алып журуп, терен уктап калгандан кийин аны жаткырып койдум.
Кызыл орогучтагы наристени карадым ал кыз экенин билдим.
Булардын курсагы ачты деп, эмне кылышты билбей калдым.
Эмчек эмген балдарды кантип тойгозомун,анын устуно бала карабаган жаным эмнеден башташты билбей тынчым кетти.
Сыртка чыктым энем менен Медер корунбойт.
Уйдо эч ким калбаптыр,булардын баары кайда кетти, жер жутуп кеткендей сып -сыйда бири дагы корунбойт.
Эмнеге балдарды алып келип таштап койушту?---экоону кароо оной эмес экенин билишсе да, таштап кетишкенине жиним келе тушту.
Озумчо эле уйго батпаймын, эмне кылышты билбей кызык абалда болуп жаттым.
Кайра кирип уктап жаткан балдарга карап, азыр ыйлашса кантем деп озумчо тызылдап жатып Медерге конгуроо кылдым ал жооп бербеди.
Эркек бала кобуроок тыбырчылап жатты,анын курсагы ачканы билинди.Оозун ачып дагы издегилей баштады айлам кетип уйду карадым, аларга берчу эч нерсе таппадым.
Бир убакта ыйлап кирди колума алып селкилдеттим, ага да болбой ыйлай берди.
Боорума катып кыймылдатып турсам тынчып калды.
Ошентип турсам Медер келип калды.
Менин бала кармап турушум жактыбы?
Ал алыстан эле жылмайып келди да, жаныма келип мени бир карап наристени бир карап жылмайып туруп калды.
Нурай!--- балдарга тамак алып келдим деди.
Булардын курсагы ачты деп мага бир пакети корсотту сен барып буларды бышыр деди.
Колумдагы баланы Медерге карматтым да жасалма тамактын сыртындагы жазылганы боюнча тамагын даярдадым.
Медер которуп турган бала ыйлай берди,ал кыйналып кетип мага которуп чыкты.
Булардын тамагына дуконго кошо бардым деп энем да сырттан кирип келди.
Нурай кармачы баланы, мен даярдайын деп мага баланы берип койду.
Ыйлап жаткан бала бир убакта токтоп калды.
Алып келген сут куючу бутулкага сутторду куюп Медер тамакты даярдап алып келди.
Колумдагы наристенин оозуна сут куйулган бутулканы туттум.
Ал эмнегедир соргусу келбей жыттап жатты.
Эмчекке окшоштурбады окшойт, эки жакка оозун ачып издей берди, туруп анан кайра соро баштады.
Ал куну аларды бутылкага уйротуп,жаны жайга кондурдук.
Энем келип аларды карап туруп эми конуп калышат, жакшы кара деди.
Мен коп ыйлаганыма,озумдун абалыма башып ооруп турду.
Жакшы балдар жоош экен,тамактарын ичип кайра уктап калды.
Нурай деди Медер буларга кийим кечектерди керектуу нерселердин баарын алып келдим, деп мага чон сумканы берди да жумушка кеттим деп балдарга карап чыгып кетти.
Апам сага каралашып жардамдашат деди.
Кечке атам жумуштан келип, уйдогу жанылыктарга ишенбей туруп калды.
Нурай деди атам.
Эми кудай берген аманатка кыянат кылба,мээриминди тогуп асырап ал,сага булар балким бакыт алып келээр деди.
Ата!--- булар кимдин баласы экенин билгим келип жатат, дедим козумо жаш тегеренип.
Медер озу дарыгер ал сураштырып тапкандыр,жумуштан келсе суйлошуп коройунчу деп уктап жаткан балдарга карады.
Ии !---периштелер эгиздер экен,деп атам суйунуп кетти.
Мындан откон бакыт барбы?
Карачы !--- кандай татынакай жатышканын деп атам элжирей тушту.
Энем да сырттан кирип балдарды карап турган атамдын жанына басып барып биздин неберелерибиз деди балдарды карап.
Бир убакта машина келип токтоп Медер балдар жатчу эмеректеди которуп киришти Нурбек менен.
Заматта уйго орноштуруп койуп,алып келген жумшак тошокторду салып озу экоону которуп жаткызып кой
ду.
Ошентип ал куну наристелер менен тан атырдык.
Озум дагы аларга жакын болуп коно туштум.
Эрте менен маанайы жакшы турган Медерге, булардын апалары эмнеге таштап кетти деп кызыга тушуп сурадым.
Медер Нурай !-- деди торот уйуно мен мурдаттан эле бала дайындап жургонмун.
Бир кун дарыгерлер мага айтышты, бир тороло турган бала бар торолгон куну дароо документтерин тууралап келин деп алдын ала эскертишти.
Ага чейин бут баарын даярдап койгон элем, дарыгерлер тороло турган бала бироо деп жаткан болчу, торолгон ткуну экоо болуп калганына оздору да ишенишкен жок деди.
Апасы туурасында бизге маалымат берилбейт экен.
Ишенбесен барып сура деди.
Ошол создон кийин гана бир аз озумо келе туштум.
Ошол кундон баштап балким чын эле булар бизге бакыттыр деп аларга ансайын жакын болуп кеттим.
Алардын курсагын тойгузам кийимдерин жууймун,айтор чыныгы бала багуу милдети мойнума артылды.
Эркек бала мага ушунчалык жакын болду, ал мен алганымда эле жыттагылап озуно мени буруп алат.
Кыз аллей эмнегедир андай эмес тойгозуп койсон эле уктай берет.
Уландысы Эми 3-4 кундон кийин мен Бишкеке барганда. Кече жолдо келе жатып жаздым эле. Азыр чыгардым. Эми жумушумду жасайын. Кайын журт жакка келгем. Кайненемди корсоткону.
И.Акпарова.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 50