КЫРК ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ.
Мен жалгыз чоңойто албайт болчумун.
Касымдын сөздөрүнөн кийин бөлмөдө бир топко тынчтык өкүм сүрдү. Мен туңгуюктан жарылып, чыккандай болуп турдум. Ушул кезге чейин түшүнүксүз болуп келген ойлордун баары ачыкка чыкты. Өзүмдү көп жыл жашап, көптү көргөн акылман адамдай сезип турдум. Жашоонун көп жактары түшүнүктүү болду. Адамдын жасаган ишинин себебин эмнеге ошол жолго барганын билип билбей жаман ойлобоо керектигин билдим. Касым менин эң жакын адамым экенин жүрөгүм сезген экен эле көрсө. Аны оюмда канчалык караласамда тээ жүрөгүмдүн түпкүрүндө катылып турган айоо сезими аны актап чыгат эле.
----------- Майсал сени издеп келди беле?..
Мен ичимден ""АТА"" деген сөздү кайталап баратып тилимдин учуна келгенде кайдадыр жок болуп кеткенсиди.
------------- Малик алжыган чал менен байланышка чыгыптыр. Экөө биригип мага каршы чыкмакчы болуп жаткан жеринен билип калдым.
---'---------- Малик аганы да алып салдыңбы?
------------- Ал сен ойлогондой жакшы чал эмес. Көптү көргөн. Анын колу качан эле канга малынып бүткөн.
------------ Болот менен байланышың кандай?
Касым менин жүзүмө бир аз карап турду.
----------- Болотту бир ай мурун үйүнүн астынан атып кетишиптир. Бирок мен эмес. Билбеймин ким экенин.
---------- Канча адамдын бөйрөгүн саттың?
Мага бирден ушул суроо кызык болду.
---------- Билбеймин көп эле бирок эсте жоок. Менин ошол кезде акчам болгондо сүйүктүмдү куткарып калмакмын. Бул дүйнөдө баарын акча чечет. Акчасы барлар сатып ала беришсин. Эч кандай күнөө иш кылбадым. Эки тараптан тең зарыккан адамдар.
------------- Ленора........
Касым мага жалынычтуу аянычтуу суроолу бирок муздак кайрылды. Мен баш көтөрүп ал жакка караганым менен үн чыгарып сүйлөбөдүм.
------------ Бул нерсе жөнүндө бүгүн сүйлөштүк. Бирок эч нерсени өзгөрткүм келбейт. Мен таштаган кыз ошол балдар үйүндө эле калсын.
Касым мага ушул сөздөрдү айткандын ордуна атып салса да жеңил болоор беле. Ичимден аны түшүнүп аяп мээрим берип дұйнөдө жалгыз эмес экенмин деп жатканда, анын бул сөзү ички дүйнөмдү бузуп сындырып цементтеп салды.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 44