КЫРК ЭКИНЧИ БӨЛҮМ.
----Мен сага азыр эле көрсөтөм тозоктун кандай болор экенин.
Ал титиреген колдору менен ача албаган даарыны тиши менен ачты. Мен акыркы жолу бөлмөнү айлана чөйрөнү карап алгым келип, башымды көтөрдүм. Дубалга илинген ар кыл сүрөттөрдү карап олтуруп, көзүмө тааныш сүрөт көрүндү. Көзүмдү бир эки ачып жумуп кайра карадым. Менин жаздыгымдын астында турган, кече эле мага бейтаныш киши берген сүрөт дубалдын ортосунда кызыл рамкада илинип турду. Кайдан күч таптым билбейм, бирок ордумдан туруп ошол тарапка жетип барганымды билбей калдым. Касым мени караган бойдон турган жеринде катыды.
---------- Бул сүрөт менде бар.
Кан уюп калгансып ачышкан тамагымды бир-эки кырып алып аста үн чыгарып сүйлөдүм.
-----'---------'- <<<КЕЧ КҮЗДӨ БОРООН ЧАПКЫН БОЛУП ТУРГАН КЕЗДЕ, БАЛДАР ҮЙҮНҮН АСТЫНДА ЧҮРПӨККӨ ОРОЛГОН НАРИСТЕ КЫЗДЫ ӨЗ АТАСЫ АЛЫП КЕЛИП ТАШТАП КЕТТИ>>> .....Мен эми түшүндүм. Менин жүрөгүм жан дүйнөм ошондо эле тоңуп музга айланган экен эле. Кайдан мындай таш боор жаралдым деп ойлоочу элем. Көрсө канымда бар экен.
Мен сүрөттөн көзүмдү албай турган калыбымда сүйлөп жаттым. Көзүмдөн бир тамчы да жаш аккан жоок. Денемдин ооруганында сезген жоокмун. Мен ташка айланган адамдай эч нерсени сезбей турдум. Болгону колумдун учу гана муздап баратты. Бери бурулуп Касым тарапты карадым. Ал колундагы даары менен шприцти жерге таштап, башын терезе тарапка буруп ойлуу олтуруптур. Ошол тапта ушунчалык жакын эки адам, тоңуп калгандай кыймылсыз олтурдук. Денемде бир саамга уюп калган кан эрип тамырларыма ылдамдык менен агып баратканын сездим. Жаным өзүмө кайтып келгенсип, тепкичтен жыгылып урунтуп алган тиземдин оорусун сезе баштадым.
------------------ Мен жашоого келип ата-энемдин жүзүн көргөн бул жакта турсун, ысымдарында билбедим. Менин кайдан кантип жаралып келгенимди бир ошол адамдар билет бир жараткан билет. Балалыгымды эстесем сүткө суу аралаштырып жасап берген ботко, таза жулбаган пиаладагы чайдын майланышып турганы кызгылтым түстөгү кыздар кийген шым эске түшөт. Өзү курактуулардан кичине көрүнгөн ар дайым башка балдардан ур токмок жеп жада калса майрамдарда берилген момпосуйун да чогуу жаткан балдарга алдырып жиберип, бурчта олтурган баланы элестетем. Коркок болчумун. Себеби мени эч ким коргогон эмес. Бирөө урганын көрүп турса дагы кее бир эжейлер күнөөнү мага оодарышар эле. Себеби мен төрөлгөндө эле адамга жагымсыз жылдызы жок болсом керек эле.
Мен олтурган жеримден жыла албай калдым. Касымдын ар бир сөзү ушунчалык ызаа, наристелик жек көрүү менен чыгып жатты. Ал өзү да бул дүйнөдөн толук кетип, ошол кайгылуу балачактын элесине сүңгүп кеткенсип, көздөрү жансыз боло түштү.
------------- Ошол эч кимге кереги жоок баланы багып алабыз деп келишкенде мугалимдер аябай кубанышты. Менин оюмду эч ким сураган жок. Жаныбарды узаткандай кылып эле, бир түйүнчөк кийимимди колго карматып жөнөтұщтү. Биринчи жоолу өзүмдү бактылуу сездим. Себеби мени ар дайым мазактап, ары бери өткөндө уруп өтүчү балдардан кутулдум деп ойлодум. Бирок..........сага айтканмын эсиңдеби?...Болбоду..... Ал үйдө менин ашыкча экеним тез эле билинди. Кайтарып беришти. Дагы ошол азаптуу күндөр. Балалыгымдын бактысыз күндөрү. Жашоонун баары кийинки багып алган үйдөн башталды. Бай киши болчу. Төрт баласы бар. Аялы оорукчан өзү менен өзү жүргөн жакшы аял эле. Сырттан караганда баары жакшы. Кийимим бүтүн таманым даяр төшөгүм таза дегендей. Жада калса кымбат оюнчуктардан дагы кур коюшчу эмес. Бакма атам акыл насаатын айтып өзгөлөргө кандай камкоор экенин көрсөткөнү менен өмүр бою эркектик намысымды тебелеп, жүрөгүмдөгү адамга алаамга болгон мээримди жылуулукту өчүрдү. Жанагы сен көргөн жаш бала анын небереси. Эң кичине уулу Майсалдын баласы. Мен жети сегиз жыл бою анын чоң атасынын астында ошентип олтурганмын. Адам бир нерсени жасаарда акыбетин ойлош керек. Өзүнө болбосо баласына, жакындарына кайтып калышы мүмкүн. Мен жигит куракка келип жетилгенден кийин ал үйдөн качып кеттим. Башка шаарга. Мени эч ким издебеди. Кызыкпады. Күнү түнү поездде цемент түшүрүп иштедим. Бутума тура баштадым. Бир күнү ага жоолуктум. Кыялымдын периштесине. Аппак жүздүү көздөрү бакырайган жаркылдап турган жан болчу. Ал да өгөй эненин колунда чоноюп, жашоодон жабыркаган жан эле. Экөөбүз үйлөндүк. Бактылуу жашадык. Ортобузда кыз төрөлдү. Бирок анын бөйрөгү ооруйт болчу. Төрөгөндөн кийин такыр жарабай калды. Бир айдан кийин көз жумду. Колумдагы наристени балдар үйүнөн башка эч кимге ишене албадым. Кыз балага балдар үйүндө жакшырак кам көрүлөт деп ойлодум. Мен жалгыз чоңойто албайт болчумун.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 9