баштаган Япония кен-байлыкка жардылыгына жана табигый шарттарынын
ыңгайсыздыгына карабай аз гана убакыттын ичинде жардамга муктаж жарды
өлкөдөн дүйнөдөгү эң бай жана бакубат мамлекеттердин бирине айланган.
Бул ийгиликти эл аралык коомчулукта “Япон керемети” деп баалагандар бар.
Ошол “кереметтин” сырлары эмнеде? Бул китеп ушул суроолорго жооп издөө
менен, Япониянын биз билбеген купуя жактары тууралуу абдан кызыктуу маалыматтарды камтыйт.
.......................
Чыгыш акылмандыгы
Жакында эле Токиого Кыргызстанга таанымал болуп калган жаш
журналисттердин бири келип кетти. Чыгыштын акылмандыгы тууралуу көп
укчумун, япондордон ошол акылмандыкты деле байкай албадым деп кат
жазыптыр. Чынында, бул тууралуу ага чейин таптакыр ойлонгон эмес элем.
Акылмандык деген эмне? Акылман адам кандай болот? Бала кезде
жомоктордон окуп, сүрөт тасмалардан (мультфильм) көрүп жүрүп менин
аң-сезимимде акылмандын элеси куудай аппак сакалы көкүрөгүнө жайылган,
каштары көздөрүн жаап, бүкүрөйө таяк таянган, акырын сүйлөп, мыйыгынан
жылмайган, узун чапан кийген, элден обочо жупуну үйдө же храмда жашаган
адам катары калыптыр. Балким, ал журналисттин акылында да ушул сымал
акылмандын классикалык образы бардыр. Ошол образды заманбап Токионун
көчөлөрүнөн жолуктура албай, жогорудагыдай бүтүмгө келгендир.
Акылдуу менен акылмандын айырмасы тууралуу: "Акылдуу кандай абалдан
болсо да жол таап чыга алат, ал эми акылман жол таап чыгууга аргасыз
болгон абалга түшпөйт",- деп кеп уктум эле. Эгер ушул аныктама туура
болсо, анда япондордун көбүн акылман десе болот. Анткени, алар оңойлук
менен чыр-чатакка барышпайт, кызууланышпайт. Кызуулангандарга да
кызууланышпайт. Ушунча болуп, бир дагы мактанчаак японду жолуктура
элекмин. Сүйлөсөң, канча болсо да тыңшай билишет. Жөн эле тыңшабай, "соо
деска" (ошондойбу) деп колдоп-коштоп угушат. Макул болбосо да, башын
ийкеп, "со дес не" (ошондой десеңиз) деп угуп, анан гана өз оюн
жылуу-жумшак билдирет. Сөзгө конок бербей, оозуңдан кебиңди жула калмайы
жок. Убакытка так, сөзгө бекем жактары бар. Ошондуктан "жол таап
чыгууга аргасыз болгон абалга" оңойлук менен кабылышпайт.
......................
Бул кызыктуу китептин баасы 300 сом, телефон номерибиз 0706-123-004 + ватсапп кызматы. Кенен маалымат биздин сайтыбызда http://kitepkana.kg/%D0%B1%D0%B0%D1%88%D0%BA%D0%B0%D0%BB%D0%B0%D1%80/japan.html
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев