Гений жөнүндө баллада
....Байлык кимди гана мансабына мас кылбайт. Эгерде ашкере байлык
дөөлөтөн баш айланып турса Саякбайдын “Манасын” тыңдасаң, андай көр
дүйнө көзгө арзыбай калат. Өзүңдүн өтө деле бай эмес экениңд сезээрсиң .
....Бийликке бийик көтөрүлгөндө каада күтүп, мүнөзүн өзгөрткөн канча
мырза чалыш кыргыздын жигиттерин көрдүм. Ошондо көз тумандаткан андай
ирмемдерде Саякбайдын “Манасын” бир угуп көрүшсө, өздөрүнүн бу жарыкта
өтө эле кичинекей пенде экенин сезишеер дейм.
... Төбөң көккө жетип, кубанычың койнуңа батпай, жүрөгүң жарылып
кетчүдөй согуп турса да Сакеңе кайрылып келсең керемет үнү, кемибес сөзү
, кебелбес кенчи менен көңүл жайгарып коёр.
... Бирөө шагыңды сындырып, көңүлүңө көкөйдөй тийсе Саякбайдын
“Манасынан” жардам сурасаң. Башыңды жөлөп, таяныя табылып, багыңды
ачкандай болоор.
Ошондой эмеспи
...Тирилүүктө кайсы адам бир кеселдебеген. Бир жерин ооруп, жаныңа
даба табылбай турса кайра эле кеменгер Саякбайды тыңдасаң жардам келээр,
үнү менен аластап, сүрү менен ооруткан жайы бар эле.
...Кимдир бирөө: “Кыргыз жалкоо, кыргыз арак ичет, кыргыздан намыстан
кеткен, кыргыз бириге албай бөлүнүп жүрөт дайыма” – деп намысыңа тийсе
Саякбайдан гана эм болоор дары табасың. Кадимкидей аруулайт.
Коргогон чеп болуп, калкалаган калканч болуп , керек болсо суурулган
кылыч болот. Намысыңды көкөлөтөт. Кыргыз экениңе кайра сыймыктана
кетесиң. Түпкүлүгү бу дүйнөгө кыргыз болуп жаралып, кыргыз эненин
эмчегин ээмп, кыргыз суусун ичип, кыргыз абасын кере жутуп, анан
Саякбайдын керемет дүйнөсүнө аралашпай жашап өтсөң, андай күн арман
болоор, жалган өмүр бойдон калаар.
Кечикпейли....
Жыйнак баасы 450 сом. Заказ үчүн телефон 0706-123-004. whatsapp
жазсаңыз болот. Толук маалыматты биздин негизги сайтыбыздан ала аласыз. http://kitepkana.kg/%D0%BA%D0%B0%D1%80%D0%B0%D1%81%D3%A9%D0%B7/%D1%81%D0%B0%D1%8F%D0%BA%D0%B1%D0%B0%D0%B9.html
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3
Манас кырк чоросу менен келе жаткандай сезилеер эле