Үч нерсеге ишенип кой: сага Роббуңан артык мээримдүү болчу эч ким жок, сенин кайгы-капа, кооптонууңду Роббуңан жакшы билген эч ким жок жана сени жамандыктан Роббуңан башка куткарчу эч ким жок. Үмүтүңдү үзбө жана билгин – Аллах ар дайым сени менен.
Ибн Хиббан риваят кылган хадиси-кудсийде Улук Аллахтын мындай деп айтканы кабарланат: “Мен пендем Мен тууралуу кандай пикирде болсо ошондоймун”. Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) айткан: “Чынында Улук Аллах айтат: “Мен пендем Мен тууралуу кандай ойдо болсо ага ошондой мамиле кылам. Эгерде Мен тууралуу жакшы күмөндө болсо ага жакшы мамиле кылам, эгерде Мен тууралуу жаман пикирде болсо ага жаман мамиле кылам...” (имам Ахмад).
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев