🔹 Сага келген капачылыктан жана оорчулуктан пайда гана алып калганга аракет кыл... Анткени Раббиң Аллах сага бул нерсени бактысыз болушуң үчүн берген жок! Ар бир жалбырактын жерге үзүлүп түшкөнүнөн бери кабары бар Аллах Таала сенин да көз жашыңдын чыгышынан Кабардар!
⠀
⚠Кыйынчылыктарда өзүн кандайча алып жүрүү кеңештери:
⠀
📌 Биринчи:
СЕН ЖАЛГЫЗ ЭМЕССИҢ!
⠀
📌 Экинчи:
ТАГДЫРЫҢДА БОЛУП ЖАТКАН НЕРСЕЛЕРДИН БААРДЫГЫНДА АЛЛАХ ТААЛАНЫН ДААНЫШМАНДЫГЫ БАР.
⠀
📌Үчүнчү:
ЖАКШЫЛЫКТЫ БЕРИП ЖАМАНДЫКТАН КОРГООЧУ БИР ГАНА АЛЛАХ ЭКЕНДИГИН БИЛГИН ДА, АНДАН БАШКА ЭЧ КИМДЕН ЖАРДАМ КҮТПӨ!
⠀
📌Төртүнчү:
САГА БУЙУРГАН НЕРСЕ СЕНДЕН АЙЛАНЫП КЕТПЕЙТ, САГА БУЙУРБАГАН НЕРСЕ САГА ЖЕТПЕЙТ.
⠀
📌Бешинчи:
БУЛ ДҮЙНӨДӨ ЭС АЛГЫҢ КЕЛСЕ, АНДА БУЛ ДҮЙНӨ КАНДАЙ АЧУУ ЧЫНДЫКТАРДАН ТУРААРЫН БИЛГИН, МҮМКҮН ОШОНДО ЭС АЛААРСЫҢ!
⠀
📌Алтынчы:
ДАЙЫМА ЖАРАТУУЧУҢ АЛЛАХ ТААЛА ТУУРАЛУУ ЖАКШЫ ОЙДО БОЛ!
⠀
📌 Жетинчи:
СЕН ҮЧҮН АЛЛАХ ТААЛАНЫН ТАНДОСУ ДАЙЫМА ӨЗҮҢДҮН НАПСИҢДИН ТАНДООСУНАН ЖАКШЫ!
⠀
📌Сегизинчи:
ИШИҢ КАНЧА ООРЛОГОН САЙЫН, АНЫН ЖЕҢИЛ ЧЕЧИЛИШИ ДА ЖАКЫН КАЛГАНЫН БИЛГИН!
⠀
📌 Тогузунчу:
КЫЙЫНЧЫЛЫКТАН ЧЫГУУГА СЕБЕПТЕРДИ АТКАРГЫНЫҢ ДА, АЛ ЭМИ СЕНИ КЫЙЫНЧЫЛЫКТАН КАНТИП ЧЫГАРААРЫН АЛЛАХ ТААЛАНЫН ӨЗҮНӨ КОЙ.
⠀
📌Онунчу:
КЫЙЫНЧЫЛЫКТАН КУТУЛУУНУН АЧКЫЧЫ БИР ГАНА АЛЛАХ ТААЛАДА БОЛГОНДУКТАН СЕНДЕН ТЕК ГАНА АЛЛАХКА ЭЧ КИМДИ, ЭЧ НЕРСЕНИ ШЕРИК КЫЛБАЙ КАЙРЫЛЫП СУРАНГАН ДУАЛАРЫҢ ТАЛАП КЫЛЫНАТ.
⠀
🖋Ибн Каййум аттуу аалым (رحمه الله) айткан:
⠀
_"Сен кылып жаткан жакшылыктарыңды сенин напсиң буйруп жатат деп эсептебегин, билгин, бул жакшылыктарды Жаратуучу Аллах Тааланын сага болгон сүйүүсүнүн белгиси, жана ал сүйүү сенин жакшылык иштерди жасашыңа буйуруп жатканын билгин!"_
⠀
❗Аллах Тааланын аяттарынын бирине ой жүгүртүп, акыл келтирип көрөлүчү, Аллах Таала Куранда мындай деди:
🌹 Запкы чеккен жан дуа кылып кайрылса, аны жамандыктан куткарып, анын дуасына жооп берүүчү ким?! Жана Аллах силерди жер бетине орун басар кылып койду, Аллахка теңдеш дагы башка кудай барбы? Силер Аллахты өтө аз эскересиңер!
("Намль" сүрөсү, 62-аят).
⠀
_Аллахтан башка сыйынууга татыктуу Зат жок, Ал Жалгыз, Ага Шерик жок, мүлктүн баары Аллахка таандык жана мактоолор Ага гана болсун жана Ал (Аллах) баардык нерсеге Кудурети Жетүүчү!_
⠀
👤Гүлнур Муслима.
⠀
👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5