жеп, аң-сезимин өлтүрүп жатат!!!
Бай
арабтар гана эмес түрк, кытай, корей баш болгон башка улуттар үчүн кыргызстан
секс-туризмдин борбору экени баарына белгилүү. Менин сөзүм кур болбос үчүн төмөндөгү
ссылка аркылуу кириңиздер. https://www.youtube.com/watch?v=WU18a-BMEA0 . Араб Абдуллах Жабер кыргыз
кызы менен арабдардын жыргалын кандыруу максатында бир түнгө кыска аралыктагы
никеге кыз керектигин жана көрсөткөн кызматы 200 доллар болорун айтып кыргыз
тилинде сүйлошүп жатканын уга аласыздар. Сүйлөшүп жаткан араб менен кыргыз кыз
мурун иштешип жүргөнбү айтоор бири бирин тез түшүнүп жатышты. Мындан көп өтпөй
Жабердин өзүнүн жаш кыз менен кумарга баткан видеосу интернет айдыңына тарап
кеткен. Соодалашып жаткан
эркек Ирактын жараны Багдад шаарынын тургуну Абдуллах Фалих Жабердин үнү экени
аныкталды. Ал Бишкекте “Табарак” деген
фондун иштетимиш болуп кыргыз кыздарын турмушка чыгасың деп алдап араб
досторунун төшөгүнө салып берип жүргөн. Жабер Кыргызстанга келгенге чейин Кытай
мамлекетинде жашап кытай кызына үйлөнүп андан эки баласы болот. Кытайлар Жаберди
экстремист деген шек менен мамлекеттен кууп чыккан. Куугунтук алган Жабер
эркиндик орун алган демоктратиялуу Кыргызстанга келип демөөрчүлүктү сүйгөн
кыргыз элине колдоо көрсөтөм деп фонд ачкан. Ал фонду Кувейт, Сауд Арабиянын
бай шейхтери каржылайт. Жаберге окшоп фонд ачып элге колдоо көрсөтөм деп арам
оюн ишке ашырып, кыргыз кыздарын кордогон, колдонуп ыргыткан кытай, араб,
түрктөр баш болгон башка улуттун өкүлдөрү арабызда дагы канча? Бул биз билген,
элге ачыкталып калган бир чети эле. Жардага муктаж калктын аярлуу катмарына жардам берет, мектеп курат, мечит
салат, жолдорду оңдойт, заводдорду ишитетет
деп сырттан келгендерге баардык шартты түзүп, алар менен сырттан
соодалашып карапайым адамдардын үстүнөн тон бычып жыйынтыгы өз туулуп өсөн
жерде жашап башка улутка кор болгон кыргыздарыбыз канча?
Бир учурда Сан Мен Мун деп аталган муун сектасы ( http://www.k-istine.ru/sects/moon/moon_heen_hi_eu.htm секта тууралуу жабырлануучунун маеги. Аталган секта
тууралуу билбегендер кирип окуп чыгыңыздар) пайда болуп анын ишкерлигин
токтотуу максатында жаш активист Мавлян Аскарбеков канча күрөшүп жүрдү. Ал
сектаны жетектегендер бир эженин кызын Улуттук Университеттин алдынан сүзүп
өлтүрүп, жоопко тартылбай качып кеткен. Акыйкат издеген ал эже кан жутуп кала
берди. Бул муундун Кыргызстанга кирип иш алып баруусуна баягы эле жерин саткан
биздин атка минерлер шарт түзүп беришкен. Айта берсем мындай окуялар жүздөп саналат.
Айланайын президенттикке ат салышкан талапкерлер Кыргызстанды өнүктүрөбүз деп
сырттан карыз ала берип, инвестор деп бизнесмендерди киригизип жыйынтыгы Кыргызстан оңолбой эле Сирияга кеткендер
көбөйүп, экстремисттер уюк алып, көчөдө денесин саткан кыздар ачыкка чыгып, аталар
өз канынан жаралган кызын зоордуктап, энелер тогуз ай көтөргөн наристесин
өлтүрүп, дааратканага таштап, намысты бекем туткан эрекетерибиз эркектик
намысын жоготуп гейге айланып, кыздарыбыз кыздарга үйлөнөм деп башы айланып
калган заманга келдик. Өткөндө кайсы сайт экени эсимден чыгып калды.
Кыргызстандын тышкы карызы боюнча интервью берген киши кайра карызга акча алып
инвестиция тартып кыргыз элинин жашоосун оңдоп, сырттан келип
завод-фабрикаларыбызды курабыз дегендерге мүмкүнчүлүк бериш керек дейт. Силер
мүмкүнчүлүк берип олтуруп ушул күнгө келдик. Мүмкүнчүлүк берген инвесторлор
элди ичинен мите курттай жеп, аң-сезимин өлтүрүп жатат. Көрдүк, мүмкүнчүлүк
берген Кумтөр алтынды алып эми кыргыздардын үлүшүн азайтып койду. Эркиндикке ээ болгондон
ушул күнгө чейин башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон Темир Аргенбаевич, Өмүрбек
Токтогулович, Сооронбай Шарипови, Азимбек Бекназаров, Адахан Мадумаров,
Акматбек Келдибеков, Өмүрбек Текебаев силердин Кыргызстанды оңдогонуңар ушулбу?
Тескерисинче Булдезор атка конгон Бекназаров агабыз айткандай малекеттик
мекемелерди менчиктештирип алдыңар. Ушул кезге чейин элиңерди жана келечек
муундарыңарды карызга батырганыңар аз келгенсип, бабаларыбыздан калган
жерибизди саттыңар, элди тонодуңар. Элдин жашоосу оңолсун деген жакшы тилек
менен Ала-Тоо аянтына чыгып өмүрүн элинин жакшы жашоосу үчүн берген апрель
баатырларынын үмүтүн аткардыңарбы? Эми дагы эле баягы калпыңарды айтып журт
атасы болууга жулунуп жатасыңар. Уялсаңар боло! Сырттан акча алганды элди тоногонду, башкага жем кылып
бергенди качан токтотосуңар? Тигине Акаев, Бакиев журт башкарган киши болуп
элди тоноп, башка мамлекеттен үйлөрдү
алып, балдарын мамлекеттин эсебинен окутуп жыйынтыгы элди канга боеп качып
кетти. Кыргызстандын карызын ким төлөйт? Карапайым биздин балдарыбыз төлөйт! Силердин
да ошол инсандардан эч жериңер кем эмес! Бийлик башында олтуруп эмдигиче оңдой
албагандан кийин эми оңдойм деп ооз көптүрбөй койсоңуздар болот. Көптөн бери
жарыла албай жүрүп бүгүн жарылдым окшойт Бул менин жан дүйнөмдүн жаңырыгы!
Сиздер да келечекке кайдыгер карабай үн кошуңуздар.
#Алгакыргызалга
#Кыргызэлималга
#Жаңымамлекетбашчыныиздейбиз
#Кыргызстандынкелечегинбиргеталкулайлы
#Кыргызымдынкелечегибизбиз
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1