даанышман, көрөгөч журт атасы келерине ишенем!
Жакында армияда бирге кызмат өтөгөн досум Азамат менен жолуктум. Жолугуу тууралуу мурун эле болжошконубуз менен сааты эми чыкты окшойт. Таң атпай досума жолугуу үчүн Бишкектен чыгып кеттим. Беш саат жол жүргөн соң Азматка жолугуп анын жакын туугандарынын, үй бүлөөсүнүн курчоосунда жайыл дастарконго түшкү тамактанууга
олтурдук.
Таза аба, от үстүнө бышырып жаткан эттин, өз колу менен
өстүргөн помидор,бадырандын мурунду жарган жыты Альп тоолорун көрүп ырахаттанып олтурчу швейцария ресторанынын (кызыл тил көркөм сөз үчүн эмес Швейцарияга көп баргандыктан салыштыруу иретинде) түшкү тамагынан да
сонун болду.
Бейиштей болгон жерде жашап жатканын айтсам, кабагы бүркөлө
түшкөн досум тегерегин бир айланып келүү сунушун киргизди. Бир короодон кийин эле бетон дарабаза, тагыраагы бузулган ишкананын калдыктарына туш болдук.
Көрсө, убагында бул жер айыл-чарба техникаларын оңдоочу ишкана жана аталган жерде Азаматтын атасы иштен чыккан трактор, комбайндарды оңдоп иштечү экен. Азыр бул жер таштанды таштоочу жайга айланган.
Станок жана болгон металдардын баарын 90-жылдары эле жок кылган. Ал эми кирипичтерин эл ташып кетишкен. “Биздин район айыл чарбанын эсебинен жашап келген. Баардыгы ойдогудай
болбосо дагы бул жер жалпыбыздын жерибиз эле. Азыр карапайым элге кичинеден жер бөлүнүп берилген. Ал эми жакшы жерлерин арзан баага шайлоо алдында пайда боло калчуу майлуу сүттүлөр сатып алышкан. Жыл сайын суугат маселелси менен алышабыз.
Азыр сыймыктанып көрсөтчү жерибиз- акимиаттын имараты жана
базар”,-деп үшкүрө, оор дем алып алды. Эмне үчүн шаарга көчүп кетпейсиң,сен жакшы механиксиңго деп сурагым келгенин ал баамдап койдубу, суратпай эле туулган айылын таштап кетпесин кошумчалады. Мамлекетке жана карапайым элге эмне керек экенин билген, элге жерин жана үмүтүн кайтарып берген, баш аламандыкты
жоюп тартипке салчу инсан келерине ишенерин баса белгиледи.
А мен элдин көпчүлүгү саясатчыларга ишенбей өз күчүнө ишенип, Казакстан же Москвага барып иштеп жакшы акча табууну туура деп көздөгөнгө көнүп калгам. А бул жерде өткөндөгү кемчиликти оңдоп, элдин жашоосун жакшы нукка бура турган жаңы саясатчы келерин үзүлбөгөн үмүт менен күтүшөт экен. Менин бардык суроолорума
жылмая караган досум “Улуулар журт атасына коррупцияга малынбаган, аралашпаган “элим”,- деп жүрөгү соккон кыскача айтканда башкача ой жүгүрткөн инсан келерин айтышат” жооп берди.
Ошондогу биздин маек такыр эсимден кетпей койду. Жашообуз оңолорууна, даанышман, көрөгөч журт атасы келерине ишенем.
Мелис Жунушбаев.
#Алгакыргызалга
#Кыргызэлималга
#Жаңымамлекетбашчыныиздейбиз
#Кыргызстандынкелечегинбиргеталкулайлы
#Кыргызымдынкелечегибизбиз
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев