Окуя
--Кызым, колуң бош болсо үйгө келип кетпейсиңби?- деп Зуура эже телефон чалып чакырганынан, дароо макул болуп эженикине жөнөп калдым. Зуура эжем эски кошунам болчу. Кирип-чыгышып мамилебиз жакшы болуп, эже менен эне- баладай ынак болуп калганбыз. Зуура эженин кеменгер даанышмандыгы, мен үчүн түгөнгүс кенч эле. Кичине колум бошураак болуп калса эженикине шашылып, уюткулуу акыл-насаат кеп-кеңешин муюп угуп отура бергим келчү. Эже менен баарлашып сүйлөшкөн сайын купуя сандыкчам таасирлүү тажрыйбага байып, көңүлүм толуп топуктуу кайтаар элем. Зуура эженин мээримдүү, жароокер мүнөзүнө жүрөгүм жылып, пейили кенен айкөлдүгүнө ыраазы боло берчүмүн. Бири- бирине опол тоодой тирек болгон күйүмдүү, ынтымактуу бир туугандарына суктанып, Зуура эжедей "үлгүлүү жүрөгү таза асыл адамдар көбүрөөк болсо экен" деп, тилек кылып калчумун. Жакшы адамдар бар үчүн кереметтүү дүйнө жүзү көркүнө чыгып, ажайып кооз болуп турат эмеспи. Турмуш шартка байланыштуу болуп кийин башка жака көчүп кетсек да Зуура эже менен кол үзүшпөй, күналыс учурашканы келип турчумун.
Ошентип ойлонуп келатып, Зуура эженин үйүнө бат эле жетип келдим. Бут кийимимди чечип кире бериштеги текчеге коюп жатып, канча жылдан бери текченин көрүнүктүү жеринде турган эски чокойду көрдүм. Кеминде, бери жагы эле отуз жылдан ашуун убакыт мурун кийилгендей эскилиги жетип, жешилип айрылып калган чокойду таң калып карап: "Кызык, жараксыз эски бут кийимди эмне үчүн Зуура эжеке ыргытып жибербей, сактап жүрөт болду экен? Же мунун да бир катылган сыры барбы?"-деп ойлонуп турсам, ашкана жактан Зуура эжем жаркылдап басып келди. Эже экөөбүз амандашып жылуу учурашкандан кийин:
-- Эжеке, келген сайын текчеде турган эски чокойго кызыга берем. Илгерки чокой болсо керек ээ эжеке? - деп көптөн бери орунсуз суроо берип албайын деп тартынып жүргөн жаным, акыры чыгынып суроо узаттым. Анда Зуура эже сырдуу жылмайып карап:
--Демек, көптөн бери көз жаздымыңан чыгарбай баамдап, байкап жүргөн экенсиң да кызым? Бул менин эски чокоюм. Шашпай чай ичип алып, анан жайбаракат чокоюм жөнүндө баяндап айтып берейин. Жүрөгой кызым, үйгө кирип төргө өт!- деп эжеке жол баштап, экөөбүз конок бөлмөгө кирдик. Тамак-аштан даам татып чай ичкенден кийин, Зуура эже ойго чөмүлүп: "Орто мектепти бутүрөр жылы раматылык ата- энем, "кызыбыз чоңоюп калды" дешип кымбатына карабай, алиги чокойду сатып беришкен эле. Ой ошондо кубанычым койнума батпай, жетине албай кудуңдап сүйүнгөнүмчү! Бирок тилеке каршы, кубанычым узака созулган жок. Ата- энем биринин артынан бири удаа-удаа өтүп кетишип, бир заматта жетимсиреп, томсоруп отуруп калдык... Алты бир туугандын улуусу элем. Чиедей болгон бир туугандарымды боорума кысып, ата- энемди жоктотпой балдарга баш-көз болуп калдым. "Жогорку окуу жайга тапшырып, билим алып окуйм" деген кыялым менен, кош айтышууга туура келди. Окуй турган болсом, анда бир туугандарымдын көргөн күнү эмне болмок? Ансыз деле "балдар үйүнө алып кетебиз" деп келишип: "Али эне сүтүң оозуңан кете элек, жаш кызсың. Беш баланы багып чоңойтуш оюнчук эмес, кыйналып каласың..."-дешкендерине такыр көгөрүп макул болбой, жалдырап суранып жатып балдарды өз карамагыма алып калдым. Дароо фабрикага, кийинчерек заводго жумушчу болуп орношуп, талбай эмгектенип иштеп жүрдүм. Балдарды тарбиялап, жалгыз багып өстүрүп чоңойтконго кудуретим жетти. Бирок тиягына тартсаң биягына жетпей дегендей, далай кыйынчылыктарды башыман кечирдим. Кийерге кышкы өтүгүм жок болуп, жылаңайлак калган күндөрүм да болду. Андай учурда, жанагы текчеде турган эски чокоюмдун ичине кийизден батек кылып кесип төшөп алып, чокоюм көрүнбөгөндөй багелек-этеги узун көйнөк шым кийип алчумун. Бир жагынан өзүмө жаңы бут кийим сатып алганды ыраа көрбөй, бир туугандарымдын кем- карчын ойлодум да. Анын үстүнө тереземди черткилеген муктаждыктан, мүмкүнчүлүгүм деле болгон жок... Ошентип турмуштун ысык- суугуна күйүп-бышып, ыйлап-сыктап чуркап жүрүп эски чокоюмду сүйрөп, нечендеген узак жолду басып өттүм кызым. Турмуштун кыйынчылыгына өжөрлөнүп чыдасам, жай кышы дебей сүйрөп кийген эски чокоюм, мага чыдап берди... Бир жагынан сапаттуулугунда сөз жок десең! Көрсө союз учурунда, көп нерсе сапаттуу болгон экен. Бир туугандарымды жогорку окуу жайда окутуп-чокутуп, өзүм турмушка кечирек чыктым. Азыр болсо шүгүрчүлүк, баары тең жогорку билимдүү, адистиги бар кесипкөйлөр. Өз очогунун түтүнүн тың булатышууда. Эң кичүү иним үйлөнүп- жайланып очор-бачар болуп калганынан, "эми мүдөөмө толук жетип кыялым орундалды" деп санаам тынчып, жаным жай алып калган. Анан эле бир күнү инимдин келинчеги келип, "ажырашканы жатабыз" деп буркурап ыйлап, иниме нааразыланып жеке көйгөйүн айтып берди. Үй-бүлөлүк пайдубалы чекесинен кертилип урай баштаганына жүрөкзаада болуп, ичимен сызып зээним кейиип отурдум. Инимди "келип жолугуп кетсин" деп айттырган элем, иним эртеси үйгө кечкурун келди. Иши ойдогудай жакшы жүрүшүп жаңы эле кызмат ордунан жогорулагангабы, айтоор келиним айткандай эле кулк- мүнөзү өзгөрүлө түшкөнүн байкадым. Сөзгө келбей керсейип, менменсиреп эдиреңдеген туруш- турпатына жан дүйнөм эңшерилип, иним кеткенчекти зээним кейип отурдум.
Эртеси эски чокоюмду кийип алып, инимдин иштеген жерине бардым. Кабылдамасынын алдында, кезегин күтүп отурушкан адамдардын саны арбын экен. Мен да кезекке туруп, күтүп отуруп калдым. Бир убакта иним иш- бөлмөсүнөн чыгып, жардамчысы менен кобурашып басып келатып, мени байкап калат.
--Оо эжекем келип калыпсыз, баары жайында элеби?-деп таң калып жаныма басып келип, бутумдагы жыртык чокоюмду көрөр замат өңү кубарып, кызыктай боло түшкөнүн байкадым. "Бирөө жарым байкап көрүп калбасын" дегенсип, эки жагын элеңдеп караган калыбында:
--Иий коюңузчу эжеке, бул эмне кылганыңыз? Же мени "элге уят кылайын" деп, атайын эски чокоюңузду кийип келдиңизби?- деп кулагыма шыбырады. Анда мен инимди сыртта күтүп турарымды айтып, бурулуп басып кетип калдым. Артыман энтигип жетип келген иниме ачууланып:
--Иним! Бутумда кийип турган эски чокоюмду көзүңдү ачып, жакшылап карачы? Кандай жашоо-шартта чоңойгонуңду, буга чейин кандай адам болгонуңду эстедиңби? Бул эски чокойдун таржымакалы, алибетте сага жакшы маалим да, туурабы?Анан азыр эмне өзгөрүлдү, деги сага эмне болду иним? Сени багып чоңойтом деп, ушу чокоюмду уялбай эле кийип жүрдүм го? Анан эмне үчүн азыр сен чокоюман уялып, анчалык намыстандың? Буга чейинки жакырчылыкта жашаган жашоо- шартыбызды, бат эле эсиңен чыгарып койдуңбу? Азыркы бардар жашооңдогудай токчулук молчулукта чоңойгонсуп, эч кимди теңсинбей эдиреңдеп калыпсың го? Же чөнтөгүңдө пайда болгон биртике тыйыныңа манчыркап, чирене түштүңбү? Кеч болуп кала электе ушунчаңда тизгиниңди тартып, терең ойлонуп акыл калчасаңчы, иним... Болбосо турмуш өзү эле баарын таразалап, бир заматта өзүңө келтирип ордуңа коюп коёт... Ошондо менин жыртык чокоюман да эскилиги жеткен бут кийимге, муктаж болуп калышың ыктымал! Менин эски жыртык чокоюман уялып намыстансаң, сендей жеңил ойлуу ала көөдөн, өзүмчүл, текебер иним менен намыстанып, жан дүйнөм сыздап уялып турам! Демек, эмгек мээнетим талаага самандай сапырылып, үмүтүм акталбай калган экен да аттиң... Кайран гана бекер текке кеткен убакытым, каап...- деп тамагым буулуп, ачууланып басып кетип калдым.
Бир нече күндөн кийин иним үй-бүлөсү менен жаркылдап, жетелешип үйгө келип калышыптыр. Иним "эжекелеп", улам кечирим сурайт. Келин балам имерилип мойнуман кучактап: "Эжеков, иниңизде жакшы өзгөрүүлөр болуп, бири-бирибизди түшүнүшүп кечириштик. Буйруса, баары жакшы эжеке!"- деп кулагыма шыбырап, чопулдатып өпкүлөйт. Иним үчүн жүрөгүм элжиреп: "Жан дүйнөңдүн тазалыгы булактын суусундай тунук, таза болсун! "Адам" деген улуу атка татыктуу болгон адамкерчиликтүү, жакшы адам болосуң деген ишенимим чоң! Жөнөкөйлүк сапатыңан жазбасаң болду иним!- деп ичимен жетине албай, кубанып отурдум. Ошол күндөн тартып жүрөгүмдө мээлүүн бейкуттук өкүм сүрүп, жаным жай алып калды. Ошондон бери эски чокоюм, текченин көрүнүктүү жеринен орун алган. Учурашканы келишкен бир туугандарым да таасирленип, өткөндөн элес алып кадимкидей сестене түшүшкөнүн байкап калам. Текчедеги чыкыйган жаңы бут кийимдин катарында турган жыртык эски чокоюм, балким балдарым үчүн да сабак болуп калгысы бардыр. Жашоодо ар түрдүү жагдайлар болуп калышы мүмкүн экенин эске алышып, жокко чөкпөй, барга каниет кылып терең ойлоно жүрүшөөр!"- деп Зуура эже окуясын аяктап, күлүмсүрөп жылмайып карап койду. Зуура эже менен сүйлөшүп отуруп, билинбей кеч кирип калганын байкабай калыптырмын. Эжеке менен коштошуп үйүмө кетип баратып, Зуура эженин окуясы мени да таасирленткенин сездим. Мындай терең маанилүү, таасирлүү окуялар чындыгында терең ойлонтуп, адамды жакшы жакка үгүттөй алаары калетсиз экенине, ынанып кетип бараттым.
Чыгарманын автору:
Нуржамал Бектенова.
2.02.2023 жылы жазылган
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1