"Жаным ай жаным, жаным кыйналып кетти..." деп Жаңылыш чабалактап онтоп кыйналган сайын, апасынын жүрөгү сыздап:
"Кагылайын берекем, жаның кыйналганын чыдап карап тура албастаймын го... Жүрөгүм тилинип, жанымды коёрго жер таппай турам. Сен минтип кыйналгыча, ордуңа мен эле кыйналсам кана аттиң? Аман-эсен жакшы болуп, сакайып айгып кетсең экен каралдым!" деп жүрөгү сыздаган эне көз-жашына ээ боло албай, буркурап ыйлап жиберет.
--Апа, ыйлабаңызчы апа...-деп алсыз оозун кыбыраткан Жаңылыш ичинен сызып: "Байкуш апамды, жүрөкзаада кылып бүттүм го... Мен үчүн санааркап жүрүп, байкушум эрте эле картайып кетмей болду. Багы жокко дагы жок болуп, деле бир багым ачылбаса кантейин эми аттиң... Сүйүүдөн жолум болбой, бул жолу да тагдырыман муш жедим. Жолдошума ишенчүмүн, аны жаныман да артык көрчү эмес белем. Көрсө, оңой-олтоң эле ала жипти аттап, кабагым- кашым дебей көзүмө чөп салып жүргөн тура... Тунук аруу сезимимди тебелеп, кантип чыккынчылык кылганга дити барды экен? Канчалаган узак жылдар бою, перзенттүү боло албай зарлап жүрбөдүк белек. Анан, анан кыялыбыз орундундалып, кош бойлуу болуп калганымды билдим. Кубанычым койнума батпай, сүйүнгөнүмөн иштеген жериңе жетип бардым. Иш бөлмөңө кирип барсам, бир бийкеч менен кучакташып турган экенсиң... Көрсө, көрсө бир топ убакыттан бери аны менен жолугуп жүргөн турбайсыңбы... Ызама чыдабай, дароо доктурга жөнөдүм... Чыккынчылыгыңды, эч качан кечире албасмын... Жек көрөм, жек көрөм сени! Сенин азабыңан эми минтип... Алда Кудайым ай, ачууга алдырып күнөөгө баттым..." деп эрдин кырча тиштеп, өпкө- өпкөсүнө батпай буркурап ыйлап жиберет. Жаңылыштын улам кан басымын өлчөп, саламаттыгы үчүн кооптонуп келаткан тез жардамдын дарыгери далбастай түшүп:
--Оой, сулуу кызга эмне болуп кетти? Кой ыйлаба, өзүңдү колуңа алчы! Ансыз деле кан басымың бирде жогорулап, бирде төмөндөп ойноп жатат. Мына, ооруканага да жетип келип калдык. Буйруса баары жакшы болот, бат эле жакшы болуп сакайып кетесиң! -деп жоошкотконго аракет кылат. Тез жардамдын унаасы, оорукананын тушуна токтоору менен дарыгер түшө калып:
--Болгула тезирээк, ыкчамдагыла! Түз эле жандандыруу бөлүмүнө алып жөнөгүлө! Кансырап, көп канын жоготуп койгон экен, абалы жакшы эмес!- деген дарыгердин үнү, кулагына алыстан жаңырып угулгансыйт. Жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй болуп булкуп алып, денеси чымырап көзү караңгылай түшкөнүнөн:
--Апа, апа каяктасыз, көрүнбөй калдыңыз? Жеңил ойлуу бактысыз кызыңызды, кечирип коюңузчу апаке...- деп тили булдуруктап, көзү аңтарылып эсинен тана баштайт. "Кызым, айланайын кызым көзүңдү ашчы! Ээ караңгүн, акыры ушинтип карайлап калат белем?" деп апасынын ботодой- боздоп ыйлаган үнү жаңырып угулуп барып, бир убакта кулагы "зың" деген боюнча, эч нерсе угулбай тымтырс болуп калат. Көз жаштын тамчысындай нерсенин ичинен чыга албагансып, кабыргасы кайышып тумчуккансыйт. Улам тарыгандан тарып жан дүйнөсүн эңшере кыскандай болуп, жансоогалап тыбырчылап жиберет. Бир убакта тамчы "тып" этип тамгансып, Жаңылыш ичинен кайкып учуп чыкандай болот. "Өөөөх жаным..." деп кере дем алып алып, турган жеринен суй жыгылат. Ошентип канча убакыт эс-учу жок жатканы белгисиз, асман жарылып кетчүдөй болуп күн күркүрөгөндө гана, эсине келип чочуп тура калат. Кан-сөлү качып өң алеттен кеткен Жаңылыш эки жагын элеңдеп карап: "Күндүн көзү көрүнбөгөн, күңүрт тарткан ээн талаада эмне кылып жүрөм? Убакыт токтоп калгансып, тегерек-чет жансыздай муздак туюлат го чиркин? Адашып, бул жакка кантип келип калдым экен?" деп башы маң болуп, тез жардам менен ооруканага кыйналып бараткан учурун эстейт. Барган сайын катуулап күрүлдөп күркүрөгөн күндөн жүрөгү оозуна кептелип, буркан- шаркан түшүп куюндаган катуу шамалдан коркуп кетет. "Эмнегедир, табият да мага ачууланып тургандай... Деги мен каякта жүрөм?" деп эмне кылаарын билбей турганда, куйкалап күйгүзүп жиберчүдөй болуп, чагылган "чарт- чурт" этип чаркылдай баштайт. Жүрөгү кабынан атылып чыгып кетчүдөй болгон Жаңылыш бакырып жиберип, артын карабай тызылдап чуркап жөнөйт. Мүдүрүлүп, жыгылып-кооп ылай-баткака чыланып, далай көлчүктү кечип өтөт. Бир убакта бир терең балчыкты "балч" этип басып алат да, бир далайга чейин бутун тарта албай убара болот. Канчалык озунуп балчыктан суурулуп чыкканга аракет кылган сайын, ошончолук төмөн тартылып чөгүп баратканын туйгандан кийин: "Иий караңгүн, саздак жер турбайбы!" деп жүрөгү "шуу" дей түшүп: "Чөгүп баратам, о-уууууу жардамга! Саз соруп баратат, бирөө жарым жардам берип койгулачы!" деп чаңырып, кыйкырып жиберет. Ошол учурда: "Жардамга... Жардамгаааа!" деп коштолуп кайталанган аянычтуу үндөр угулуп, тегерек-четинде жайнаган сансыз адамдардын чөгүп баратышканын көрөт. Жансоогалап, чырылдап сыздап ыйлаган үндөрдөн кулагы тунуп, алеки заматта жинди болуп кете жаздайт. Саздын ичинен бирин- сириндеп "култ" этип чыга калган колдор Жаңылышка жабылышып, чөктүрө башташат. "Коё бергиле дейм, илээшип асылбагылачы мага! Жайыма койгулачы, коё бергилечи мени..."- деп алынын жетишинче алпурушуп көкүрөгүнө чейин сазга баткандан кийин, кадыресе алдан тайып чарчай түшөт. "Күнөө, күнөөмдүн жазасын тарткандаймын... Билип туруп кылган күнөөм үчүн, мындай жаза да аздык кылса керек! Чала, чала болот мага, баарына өзүм күнөөлүмүн!" деп башын муштагылап: "Баарын, баарын кеч түшүндүм... Тобоо, ушунчалык да жан таттуу болот экен го ээ чиркин! Жаның көзүңө көрүнгөндө өлгүң келбей, дагы жашагың келет экен! Өмүр бою өлбөстөй чакчалаңдап өмүр сүрүп, кыска өмүрүмдү текке кетирип алганымды карачы... Кетирген кемчилик каталарымды оңдош үчүн, дагы бир кымындай эле мүмкүнчүлүгүм болсо кана аттиң... Айла жок, демек ичээр суум түгөнүп, убакыт- саатым келип жеткен экен..." деп көзүн жумуп, тытмалап жабышкан колдорго каршылык көрсөтпөй, багынып бергенсийт. Ошол учурда: "Үмүтүңүздү үзбөңүз эжеке, күрөшүңүз! Азыр сизге аркан таштайм. Учуна эптеп илешкенге аракет кылыңыз!" деп шыбыраган үн, алыстан жаңырып угулгандай болот. "Яа, бул ким?" деп селт эткени менен кайра: "Кулагыма угулуп кеткендир..." деп күмөн санап көзүн ачса, чын эле алдында калкып турган арканды көрөт. Аман каларына үмүтү "балп" жанган Жаңылыш: "Ооба, ооба чын эле моюн сунуп чөкпөшүм керек!" деп жандана түшүп аркандын учуна чап кенедей жабышып, жанталашып саздан суурулуп чыкканга далбастап аракет кыла баштайт. Аркы өйүздөн арканды тырышып тарткан баланын жардамы менен Жаңылыш саздан суурулуп чыга келип, "өөөөх" деген боюнча, көк майсаң чөптүн үстүнө кулап жатып калат. Сестенип коркуп калганынан кичине демин басып өзүнө келгенден кийин, маңдайында жылмайып карап турган сүйкүмдүү наристени суктанып карап:
--Саздан сууруп чыгып куткарып калганың үчүн, миң алкыш айтам берекем! Атың ким болот? Бул жакта жалгыз эмне кылып жүрөсүң?- деп сураганына бала күлүмсүрөп:
--Атым жок эже...- деп ийнин куушуруп коёт. Эмнегедир Жаңылыштын жүрөгү "болк" этип, тызылдап сайгылашып кеткенинен жүрөк тушун кармалап:
--Кызык... Туруп-туруп эле жүрөгүм алеп- жалеп болуп алып-учуп, бир башкача болуп сайгылашып кетти го чиркин? Бул эмнеси яа? Эмнегедир, өңүң да жылуу учурагансыйт. Бирок сени кайдан көргөнүмдү, такыр эстей албай турам... Балким, ата-энең менен тааныш чыгармын? Атыңды айтсаң балакай, атың ким болот?- деп кабагын чытып сурайт. Баланын күлмүңдөгөн, бакырайган коймолжун көздөрүнө жаш тегеренип:
--Чын эле атым жок эжеке, сизге чынымды айттым...- дегенине Жаңылыш ишенбегенсип:
--Кантип эле атың жок болсун, ушундай да болмок беле? Макул анда, атыңды айткың келбесе айтпай эле кой. Анда мен кичинекей куткаруучума, "Атыжогум" деп кайрылсам болобу? Каршы эмессиңби наристем?- дегенине бала кыткылыктап күлүп:
--Макул эжеке, каршы эмесмин. Атыжок... Аты-жок? Чындыкка дал келе тургандай, "Атыжок" деген атым өзүмө да жакты. Демек, мындан ары менин атым Атыжок болот, абдан сонун!- деп кубанычын жашыра албай, кудуңдап сүйүнгөн баланы таңыркап караган Жаңылыш:
--Атыжогум, ээн-талаа эрме чөлдө, жалгыз өзүң эмне кылып жүрөсүң? Ата-энең барбы, алар каякта? Кайдан-жайдан бул жерге кантип темселеп келип калганымды, өзүм да түшүнө албай турам... Өңүм же, түшүм экени бүдөмүк... Деги экөөбүз каякта жүрөбүз балакай? -деп сураганда Атыжок:
--Эже, биз...- деп айтып келатканда Жаңылыш ичин мыкчып кармап, бүк түшүп отура калып:
--Ой жаным ай жаным, кайрадан ичим бурап оорутуп баштады... Ичим тим эле өрттөнүп куйкаланып бараткансып, илеби албырттап кекиртегиме чейин келет го аттиң... Каным катып, чаңкап суусап да кеттим...- деп онтолоп, мукактанып ыйламсырайт. Атыжоктун Жаңылышка боору ооругансып, быйтыйган колу менен чачынан сылап:
--Эжеке, талаанын өйдө жагында бир көпүрө бар. Көпүрөнүн аркы башында, тунук булактын суусу шылдырап агып турат. Бирок, булака чейин жол узак. Жаныңыз кыйналып турса, анчалык алыс чакырымды жөө басып өтө албайсыз го эже...- дегенине Жаңылыш тамшанып:
--Кыйналсам да эптеп, булака жеткенге аракет кылайынчы... Жүрөгой Атыжогум, анда эмесе сен айткан булакты көздөй жөнөйлү... - деп темселип, булакты көздөй бет алышат. Ачуу тийген күндөн акактап, баш калкалай турган көлөкөсү жок ээн-талаада жыгылып- кооп отуруп, көпүрө жака араң жетишет. Демигип акактаган Жаңылыш энтигип:
--Ай-иий Атыжогум! Көпүрөнүн үстүндө, ары-бери басып жүрүшкөн адамдардын саны, эптүү эмес арбын экен го? - деп муздак жел ичи-койнун сылап өткөндөй болуп, ичиркенип алат.
--Ичикиий, эмнегедир чыйрыга түштүм... Карасаң Атыжок, адамдар бири-бирин байкашпагансып, ар кимиси өз дүйнөсүнө баш-оту менен сүңгүп кирип, эч нерсе менен иши жоктой. Кызык... Ындыны өчкөн жансыз жандыктай болушуп, эмнегедир көз-караштары үмүтсүздөй суук экен го чиркин?- деп Жаңылыш алдынан чыккан адамдардын улам бирине тигилип карап:
--Карасаң Атыжогум, карасаң? Мени такыр эле байкашпайт го? Же булардын кулагы укпаган, көздөрү көрбөгөн азис адамдарбы?- деп, бирде каткырып күлсө бирде өңгүрөп ыйлап, өзү-менен өзү сүйлөшүп күбүрөнүп басып жүргөн адамды жалооруп карайт. Жанына жетип келип колунан кармайын деп келатканда, Атыжок Жаңылыштын колун "шап" кармап:
--Жок жок эжеке, колунан кармачу болбоңуз! Буларды аралап өтүүгө туура келет. Ошондуктан добушуңузду чыгарбастан, акырын басыңыз эжеке, сураныч. Булар, булар өзүн жоготуп, адашкан адамдар... - деп шыбырап:
--Алиги адам өмүр бою эч нерсеге ыраазы болбой, нааразы болуп наалып өткөн адам... - деп башын чайкайт. Кайырчыдай жалдырап колун сунуп, бир маанилүү чоң нерсени үмтөтүп күткөндөй болуп отурган адамдын жанынан өтүп баратып:
--Бул адам болсо, унутта калган ач адам... Көрсө адамдын көзү өткөндөн кийин, тирүүлөр тарабынан бат эле унутулуп калышат экен да...- деп улутунуп алып, теңсинбегенсип чиренип басып жүргөн адамды башын чайкап карайт.
--Бул адамдын пейили тар өзүмчүлдүгүнөн улам, текеберлигинин туткунунда калган адам... - десе, өзүн жоготкондой болуп, мелтиреп бир чекитти теше тиктеп отурган адамдын жанынан өтүп баратып:
--Карасаңыз, кез-кези менен таманы кызарып, чок болуп күйүп тургандай... Бул жаза басып, адашкан адам. Эжеке, биринин жүрөк тушунан, биринин көзүнөн, тилинен, кулагынан алоолонуп чыккан жалынды байкадыңызбы?- дегенде Жаңылыш ыйламсырап, башын ийкейт.
--Ооба, байкадым... Ичи тар, ушакчы, мерез, текебер жана башка ушул сыяктуулардан болушса керек ээ Атыжогум?- дегенине Атыжок да ыйламсырап:
--Ооба эже... Көрсө, эч нерсе изсиз өтпөйт экен да! Булардын ниет, пейил, кадамына жараша жаны кыйналганы, айкын айгинеленип тургандай... - дегенде Жаңылыш мукактанып:
--Жанагы сазга чөгүп бараткан адамдарчы?- деп сураганда, Атыжоктун көзүнөн мончоктоп жаш куюлуп:
--Эжеке, ал жер сиз ойлогондой саздак жер эмес болчу. Тоодой күнөөсүнө чөмүлүп, чөгүп бараткандагылары болчу эже... - дегенде Жаңылыш жакасын кармап:
--Демек, демек мен да...- деп артка кетенчиктей берип, жерде жаткан чырпыкты "чырк" эттирип басып алат. Көпүрөдөгү адамдардын көздөрү умачтай ачылып, бир заматта жапырт эсине келишкенсип: "Жардам, жардам берип койгулачы... Жаным кыйналып кетти, суранам жардам бергилечи..." деп жалбарышып колдорун алдыга карай созгон боюнча, Жаңылыш менен Атыжокту көздөй бет алышат. Адамдын муунун калчылдатып, сай-сөөгүн сыздатып жүрөгүн тешип өтчүдөй болгон, аянычтуу жардам сурашкан адамдардын курчоосунда калган Жаңылышты, Атыжок жеңинен тарткылап:
--Эже, эже эсиңизге келиңиз! Булар бизди өз дүйнөсүнө тартып кетише элегинде, бул жактан тезирээк качып кетпесек болбойт! Эжеке, качтык, качтык эжеке!- деп экөө артын карабай, тызылдап качып жөнөшөт.
--Алдыда түбү терең аңгек бар, абайлаңыз эже!- деп Атыжоктун кыйкырганын Жаңылыш укпай калат да, далбастап чуркап баратып кантип аңгекке түшүп кеткенин, өзү да байкабай калат. Бир убакта эсине келип көзүн ачса, терең аңгектин түбүндө жаткан экен.
--Амансызбы эжеке?- деген Атыжоктун үнүн укканда сүйүнүп кетип:
--Сенчи, сенчи Атыжогум, эч нерсе болгон жоксуңбу?- деп тура калып, Атыжокту кучактап өпкүлөп жиберет. Эс-учун жыйып, чоо-жайды түшүнгөндөн кийин:
--Иий ай, эми түбү терең аңгектин ичине түшүп кеткенибизди карасаң? Экөөбүз эми канттик?- деп өйдө жакты карап, кыйма- чийме тартылган узун кермеде илинип тургансып, абада калкып турган сансыз түйүнчөктөрдү көрөт.
--Ай-иий ай, шумдугуң кургур десе! Карасаң, карасаң Атыжок, бул эмне деген шумдук?- деп, түйүнчөктөрдү "кармап көрөйүн" деп колун созо бергенде, бала бул жолу да колунан "шап" кармап:
-- Эже, түйүнчөктөргө тийчү болбоңуз, абайлаңыз... Өйдө жакты карасаңыз!- деп сөөмөйү менен аңгектин төбө жагын көргөзөт. Оозу ачылып таң калып караган Жаңылыш, алаканын шак чаап:
--О-хооо, карасаң ай карасаң? Ай-иий ай, кандай сонун кереметтүү көрүнүш! Бирөө жарым килтейген чоң каакымды аңгектин төбөсүнөн үйлөп жаткансып, тим эле кылдар асмандан тынымсыз жаагансыйт го чиркин!- деп сансыз кылдарга көмүлүп, каткырып күлүп чимирилип тегерене баштайт. Ошол учурда Атыжоктун өңү кубарып, кылдарды ыйламсырап карап турган эле. Аңгектин ичин жаңырта каткырып күлгөн Жаңылыштын жанына басып келип:
--Кылдардын асмандан нөшөрлөп жааганы, тилекке каршы абдан өкүнүчтүү көрүнүш...- деп оор үшкүрүп:
--Кылдарды тебелеп басып албаңыз, абайлаңызчы... Булардан баш тартып, жарык дүйнөгө жаралбай калгандар...- деп кылдарды аяр кармап, өйдөрөөк коёт.
--Яа, эмне дейсиң?-деп Жаңылыш уккан кулагына ишенбей, бирөө жарым башынан ылдый тоңгон муздак суу куюп жибергендей болуп, эриндери титиреп туруп калат. Атыжок болсо түйүнчөктөрдү ыйламсырап карап:
--Булардын азыр эмне болуп жатканы, бир гана мага жакшы маалим... Анткени, анткени мен дагы "кыл" болуп учуп келип... - деп тамагы буулуп, ыйлап жиберет. Атыжоктун оозунан чыккан сөзү жүрөгүнө атылган октой тийип, Жаңылыштын эски жараты ырбап канталагансыйт. Өзүн кармана албай, буркурап ыйлаган боюнча кайсалактап: "Кечирчи, кечирчи мени балам... Жеңил ойлуу, акылсыз апаңды кечирип койчу... Каяктасың, кайсы түйүнчөктөсүң?" деп улам бир түйүнчөктү калтыраган колдору менен сылап- сыйпалаган сайын, ичинен аянычтуу "ыңаалаган" үндөр жаңырып угула баштайт. Улам бир түйүнчөктү кучактап алып, бакырып-өкүрүп кечирим сурап ыйлаган Жаңылышты Атыжок кучактай калып:
--Эже, эже өзүңүзгө келиңиз, болбосо акылыңыздан адашып каласыз... Өксүткөн "өкүнүч" деген жаман нерсе, жүрөгүңүз чыдабай жарылып кетиши ыктымал! Бул жактан чыгуунун жолун билем, жүрүңүз эже! -деп дендароо болгон Жаңылышты жетелеп жөнөйт. Бир убакта көздү уялта жаркырап тийген күндүн нуру чагылышып, көздүн жоосун алган не бир кереметтүү мейкин талаага чыга келишет. Жаңылыштын түпөйүл болуп сыздап турган жаны жай алгансып, "өөөөөөх" деп терең дем алып алат. Мөңкүрөп чөгүп турган маанайы, өзүнөн-өзү көтөрөлө түшкөнсүйт. Атыжоктун нурданган жүзү күндүн нуруна чагылышып, Жаңылышты сүйкүмдүү көздөрү менен жылмайып карап:
--Адашып кетпей, ырас жолду таап келдим ээ эжеке!- дегенде Жаңылыш Атыжоктун башынан сылап:
--Өмүрүмдө өзүмдү мынчалык жеңил, бактылуу сезе элек элем! Эмне деген кереметтүү, сонун жер! Жүрөгүм бакытка бөлөнүп, тим эле асманда кайкып учуп жүргөнсүйм!- деп жыпар жыты аңкыган кооз гүлдөрдү аралап басат. Жанына Атыжок басып келип:
--Анда эмесе эжеке, сиз менен коштошууга убакыт келди...- дегенде, Жаңылыш Атыжокту кучактап калып:
--Эч жака кетпей эле койчу Атыжогум, каякка барасың? Кетем десең, жүрөгүм зыркырап кетти. Сага көнө түшүптүрмүн, анан сенсиз кантем? Багып алайын десем, макул болот белең? Быйтыйган кичинекей колдоруңан айланайын!- деп эркелетип колдорунан өпкүлөй берип, жагымсыз тырыктарын байкап калат.
--Атыжогум, бул эмне болгон тырыктар? - деп билек, ийни, мойнундагы тырыктарын көргөндө үрөйү учуп, акыры баланын үстүндөгү көйнөгүн чечип жиберип, "аааааа" деп бакырып жиберет да:
--Йе айланайын, бул эмне деген шумдук? Деле бир соо жериң жок, денеңдин тамтыгы жок экен го берекем! Өчү бардай эле, мыкаачылык менен сени бирөө жарым кескилеп салганбы караңгүн? Мындайга дити барган жеткен таш боор, мерез неме ким өзү? Жашырбай айтчы Атыжок, ким, ким кылды муну?- деп буркурап ыйлап жиберет. Атыжоктун күлүмсүрөгөн бакыракай көздөрүнөн жаш куюлуп:
--Апам... Апам менден баш тартып, боюнан алдырып салган болчу. Бул "аборттон" калган тырыктар... - деп айтканын укканда, Жаңылыш эс-учун жоготуп кулап кала жаздайт. Атыжоктун куюлган көзү жашы, ээгинен ылдый шорголоп агып:
--Башында жүрөгүңүз сезгенсиди апа, бирок мени тааныган жоксуз...- дегенде Жаңылыш артка кетенчиктеп:
--Яа? Яа, эмне дейсиң? Кандайча? Андай болушу мүмкүн эмес, демек сен... Сен...- дегенде Атыжок мукактанып:
--Ооба апа, мен сиздин жарык дүйнөгө жаралбай калган уулуңузмун... - дегенде, Жаңылыш Атыжоктун алдына чөгөлөп отура калып:
--Убалың уктаткан жок уулум... Ошондой кадамга барганыма, алигиче чейин өкүнүп жүрөм... Кечирчи уулум, кечирип койчу берекем! - деп Атыжокту кучактап алып, буркурап ыйлайт.
--Ал учурда жаштык кылдым... Атаң кош бойлуу экенимди билип туруп, жоопкерчиликтен качып боздотуп таштап кеткен болчу... "Өзүм жаш болсом, колумдагы наристе менен жалгыз кантем? Кантип багам, эл эмне дейт?" деп түйшөлүп жүрүп, акыры боюмдан алдырууга бел байлагам...- дегенде Атыжок өксүп ыйлап:
--Апа, ар бир бала өз ырыскысы менен жаралат. Ооба, башында балким анча- мынча кыйынчылыктар болмоктур. Бирок мен чоңойгондон кийин, эмгек мээнетиңизди толугу менен актап бермекмин. Билесизби апа, бир чечимге келе албай түйшөлүп жүргөнүңүздү сезгем, билгем, туйгам. Бирок мага мүмкүнчүлүк берип, мени алдырып салбаса экен" деп безеленген элем... Ошо сиз аборт жазаткан каргашалуу күнү кескиленген сайын чыркырап, акырына чейин "аман каламбы" деп үмүттөнгөм... Бирок, бирок миздүү муздак курч кайчы мыкаачылык менен денемди жанчып сайгылап, кескилей берди... Бутумду "кырч" этип кесип кетет... Канжалап, чолоңдоп жанталашып айланып качам... Анан экинчи бутум.... Биринин артынан бири колдорум кескиленип отуруп, айтоор денем экиге бөлүнүп кескилендим... Акыры башым.... - деп Атыжок өңгүрөп ыйлап жиберип:
--Ошентип акыры кыл болуп учуп келип, сиз көргөн түйүнчөктүн биринде, жаным тилинип сыздап жаттым... Баарынан да керексиз таштандыдай ыргытылганыма, тилинген жаным сыздап канталады... Бул да сыноо экен апа. Сизди кечиргенден кийин гана, Жаратканым өз мээримине алды. Жаратканым жараткандан кийин, ар бир тирүү жандыктын жарык дүйнөдө жашаганга укугу бар апа. Менин да укугум бар болчу...Тилекке каршы чечимиңиз ушундай болуп, өмүрүмдү кыйдыңыз... Менден эптеп кутулуунун амалын издеп, жарык дүйнөдө өмүр сүрүүмдү ыраа көрбөдүңүз...- деп Атыжок ордунан козголо берип:
--Анда мен барайын апа?- дегенде Жаңылыш, Атыжокту коё бербей кучактап алып:
--Жок жок уулум! Сени жаңы эле таап алсам, эми кайра сенден айрылып каламбы? Айланайын уулум кетпечи, таштабачы мени суранам сенден! Кечирчи, кечирип койчу берекеееем! Оо Жаратканым, кетирген күнөөмдү кечирегөр... Жеңил ойлуу акылы кыска, өзүмчүл таш боор апаңды кечирип койчу балам!- деп ботодой боздоп, жер чапчып сыздап ыйлайт. Ошол маалда ичи бурап оорутуп жибергенинен кыйкырып жиберип, бүк түшүп жатып калат. Жаны кыйналып чабалактаган апасын жалооруп караган Атыжок, мөлтүлдөп куюлган көз жашын быйтыйган колу менен сүртүп, чекесинен өөп коёт. Апасынын ичин аяр сылап, жарк этип жылмайып карап:
--Апа, боюңуздагы баланы, сөзсүз сактап калганга аракет кылыңыз! Кийин убагы келгенде, сиздин көпүрөдөгү же, саздагы адамдардын санын толукташыңызды каалабайм!
Буйруса, иним силерди сыйлап урматтаган, ыймандуу уул болот! Эл керегине жараган, жакшы инсандардын бири болуп чоңоёт! Алдыда канчалаган тоскоолдук кыйынчылыктар күтүлбөсүн, мунун баары убактылуу экени өзүңүзгө жакшы маалим болуп калды. Кечиримдүү болуңуз апа, сураныч! Баарына каниет кылып, шүгүр айткан жакшы нерсе. Аманчылык сак- саламатта кош калыңыз апа, сизди жакшы көрөм!- деп Атыжок жылмайган калыбында, карааны алыстагандан алыстай берет.
--Уулум токточу, кетпечи балам! Кантип, кантип сени алдырып салганга дитим барды экен каралдым... Арман ай арман, кечирип койчу мени берекем! Кечирчи, кечирчи Атыжогум... - деп бакырып-өкүрүп ыйлап жатып, көзүн ачат. Апасы Жаратканга жалбарып, тилек кылып жанында ыйлап отурган экен. Жаңылыштын эсине келип, көзүн ачканына сүйүнүп кетип:
--Шүгүр, шүгүр айланайын Жаратканым, шүгүр! Кызымды аман-эсен сактап калганыңа, миң мертебе шүгүр айтам!- деп жалбарып, бети- башынан өпкүлөп ыйлап жиберет. Колун кармап отурган жолдошунан колун тартып алып:
--Апа, балам... Боюмдагы балам аманбы? Мен каяктамын? Суу, суу ичким келип жатат апа, каным катып суусап кеттим...- дегенинен жолдошу тура калып, суу алып келгени жөнөйт. Көз жашы мөлтүлдөгөн апасы, кызына үзүлүп- түшүп күйпөлөктөп:
--Кагылып кетейин көлөкөм, кабатырланба берекем! Жаратканымдын буйругунан болуп, боюндагы балаңды доктурлар сактап калышты! Азыр сен ооруканада жатасың. Оор абалда эс-учун жок, жандандыруу бөлүмүндө эки күн жаттың. Кечөө күнү, бул жерге которушкан болчу. Бирок түнү бою жаның кыйналып, жөөлүп кыйкырып ыйлап чыктың кызым... Жүрөгүм тилинип, сыздаганымчы берекем... "Боюңан түшүрөм" деп ичкен даарың кансыратканы аз келгенсип, ден- соолугуңа терс таасирин тийгизген тура... - деп апасы үшкүрүп, көз жашын бет аарчысы менен аарчыйт. Жолдошу, Жаңылыштын башынан жөлөп суу ичиргенден кийин:
--Баарына, мен күнөөлүмүн апа. Азгырылып жаза басканымдын кесепети тийди! Жаңылыш, кечирип койчу мени асылым...- деп Жаңылыштын колунан өпкүлөп:
--Мени да туура түшүнчү... Экөөбүз узак жылдар бою, перзенттүү боло албай зарыгып жүрбөдүкпү. Мен дагы наристенин жытын жыттап, балалуу болгум келчү. Ошол себептен оюм бузулуп, акыры азгырылдым. Тилегибиз кабыл болуп, кош бойлуу болуп калганыңды билген эмесмин да. Болбосо, мындайга барбас элем, кечирип койчу мени ардагым! Буга чейин кетирген кемчилик каталарымды, экинчи кайталабаганга сөз берем! Анткени тилегиме жетип, кыялым орундалды! Буйруса, жакында перзенттүү болобуз, мындан өтөөр бакыт барбы? Мага силерден башка эч кимдин кереги жок, кечирип койчу мени!-деп жалдырап кечирим сурайт. Жаңылыш эмне деп жооп берерин билбей унчукпай отуруп калганда, жолдошу сөзүн улап:
--Мындай абалда болуп калаарыңды, ким билиптир... Үйгө келсем, "ажырашам" деп эшикти ачпай койдуң. Көрсө сен ошондо эле дары ичип алып, жаның кыйналып үйдө жаткан турбайсыңбы. Кызык... Көзүм илинип кетсе эле бир сүйкүмдүү, татынакай кичинекей баланы түш көрөм десең. Сен болсо жол таппай, адашып ыйлап жүрүптүрсүң. Алиги бакыраң көз бала артыман калбай, сен жакты сөөмөйү менен көргөзүп туруп алат десең. Жүрөгүм бир жамандыкты сезип үйгө жетип келсем, сени тез жардам менен ооруканага алып кетишкен экен. Түшүмдөгү кичинекей баланын өңү жылуу учурап, эмнегедир эсимен чыкпай жүрөгүмдө калып калды...- дегенде Жаңылыш ыйламсырап:
--Мага окшоштурсаң керек. Ал сүйкүмдүү бала, кичинекей Атыжогум болчу...- деп мукактанып, Атыжок жөнүндө ыйлап айтып берет. Апасы менен жолдошу окуясын таң калып угуп отурушуп, сөзүн аяктагандан кийин ойго чөмүлүп унчукпай отуруп калышат. Бир убакта апасы жүрөк тушун кармап:
--Иииий-ий, зар кору чирелишкен армандуу дүйнө... Олдо катыгүн ай-йе, тим эле жүрөгүм зыркырап сыздап калбадыбы... Жаратканым, алсыз пендеңди кечирегөр... Каап, аттиң ай аттиң...- деп жакасын кармап термелген калыбында:
--Бул таасирдүү, не бир сырдуу кубулуштан тыянак чыгаргыла балдарым... Экөөң тең, татаал тагдырдын сыноосунан өтүп жатасыңар. Бири- бириңди түшүнүшүп, кечиримдүү болгула айланайындарым! Эми экөөң жалгыз эмессиңер. Буйруса, жакында Жаратканым белек кылып берген перзенттүү болосуңар! Бул да чоң бакыт, бул да чоң жоопкерчилик! Бул жашоодо, ким гана мүдүрүлүп жаңылбаган... Деги эле, кемчилик катасыз адам болбосо керек... Буга чейин кетирген күнөө катаңарды экинчи кайталабаганга аракет кылып, жакшылыкка тилек кылып жакшы жашаганга аракет кылгыла балдарым! - деп апасы акыл- насаат кеп-кеңешин айтып, алакан жайып батасын берет.
Жаңылыш ооруканадан жакшы болуп айыгып чыгып, билинбей ортодон бир топ убакыт өтөт. Ичи улам томпоюп чоңойгон сайын, жолдошунун кубанычы койнуна батпай:
--Колума алып өзүңдү көрө элек болсом да, сени ушунчалык жакшы көрөм берекем! Алтыным, бакытым менин!- деп ичин сылап, өпкүлөй берер эле. Бир күнү таң атпай уйкусунан ойгонуп көзүн ачса, ай-күнү жакындап калган Жаңылыш, терезеден тээ алысты муңайымдуу тиктеп турган экен. Жанына басып келип, өзүнө тартып имерип кучактап:
--Баары жайында элеби, эч жериң ооруган жокпу?- деп сураганына Жаңылыш ыйламсырап:
--Баары жайында эле, шүгүрчүлүк. Атыжогумду түш көрдүм... Сүйкүмдүү жүзүнөн нур чачырап, жылмайып карап турган экен берекем!- деп чолок жашын сүртүп:
--Жеңил ойлуулугумдун кесепетинен, эми өмүр бою өкүнүп өмүр сүргөндөн башка аргам жок... Канчалык башым мыкчып сыздасам да, эч нерсени артка кайрып өзгөртө албайм... Жан дүйнөмдүн жаңырыгы сыртка атылып чыга албай, өкүнүчтүн чертилген армандуу күүсүнө куйкаланып жүрүп өтөм го... Болоор иш болду, бирок Атыжогумду сагына берем...- деп буркурап ыйлап жиберет да:
--Биринчи жолку катам, сабак болбогонун карабайсыңбы? Боюмдагы перзентиме кыянаттык кылганымды эстесем, жүрөгүм "шуу" дей түшөт... Эмне үчүн, ушунчалык өзүмчүл болобуз аттиң... Атың өчкүр "аборт" дегенден дүйнө жүзү боюнча, канчалаган кыз- келиндер жапа чегип келишет... Бирок кептин кыябы, мындай кадамга өз ыктыяры менен барышкандагысы болуп жатпайбы... Ээх тагдыр, тагдыр... Өзүмчүл, мерездиктин чеги жоктой... Алибетте, мындай кадамга түрткү берген ар кимдин жүйөлүү себептери бар дечи. Бири жаштык кылып "эл эмне дейт" десе, бирин жигити же жолдошу таштап кеткен болот. Бири зордук-зомбулуктан жапа чексе, бири муктаждык көйгөйдөн улам, ушундай кадамга барышат экен... Бирок... Бирок кийин убагында жүйөлүүдөй көрүнгөн себептер, өзүмчүлдүгүнөн тек гана шылтоологонун түшүнүшөт.Терең ойлонбостон оңой кутулуунун амалын издегени, кийин чоң өкүнүч жаратат тура... Мындай учурда, бир гана өз кара жанын ойлогон жеткен мерез өзүмчүлдүгү, убагында аңдалбайт экен...- деп тамагы буулуп, унчукпай туруп калат. Ойго чөмүлүп турган жолдошу башын ийкеп:
--Айтканыңда калет жок Жаңылыш, тилекке каршы ошондой экен... Кичинемде, кечкисин уктаарда "корком" десем, чоң апам: "Эмнеден коркосуң балам? Бул жарык дүйнөдө эки аяктуу адамдан башка, корко турган эч нерсе жок!" деп айтып калаар эле. Азыр ойлоп көрсөм, апам туура айткан экен. Чын эле адамдан баарын күтсө болот экен, тобоо... Жашоодо эмнелер гана болбойт. Бирок кандай болгондо да терең ойлонуп, жоопкерчиликтүү болуш керек да! Жеңил ойлуулук менен жоопкерчиликтин жоктугунан улам, ушундай көйгөйлөргө дуушар болуп жатышат да... Бир жагынан "аборт" жөнүндө үстүртөдөн эле түшүнүк болбосо, көпчүлүктө терең маалымат жок да. Маселен, буга чейин аборт жөнүндө укканым эле болбосо, менде деле түшүнүк жок болчу. Атыжок жөнүндө айтып бергениңден кийин төбө чачым тик туруп, ошондо гана "аборттун" үрөй учураарлык коркунучу жакшы маалим болду. Алигиче чейин "ушунчалык да мерез, мыкаачы болсо болобу?" деп, жакамды кармайм. Негизинен эле: "Баламды кантип багам? Бага аламбы, же бага албаймбы" деп кош бойлуу кезинде түйшөлгөнү, боюндагы баласынан тамак-аш ырыскысын кызганганга тете болсо керек... Ал эми күтүлүүсүз кош бойлуу болуп калгандар болсо, эптеп эле көйгөйдөн оңой кутулуунун амалын издеп калышат турбайбы. Бирок кийин оорукчан же, тукумсуз болуп калышсачы? Дагы сени Кудай сактады Жаңылыш, ошого шүгүр де! Наристе, бейиштин көпөлөгү! Баланын өмүрүнө кыянаттык кылуу, кечирилгис чоң күнөөлөрдүн бири деп эсептейм. Мындай кадамга барган аял киши менен биргеликте, мындайга түрткү берген эркек адам да жоопту болсо керек... - деп жолдошу Атыжокту эстеп кетип, жүрөгү сайгылашып кетет. Көз жашы мөлтүлдөп куюлган Жаңылышка да боору ооруп:
--Ыйлабачы асылым, кайраттуу болгонго аракет кылчы. Өзүң айткандай эле болоор иш болду, эми мындан аркысы күнөө кемчилик катасыз, баары жакшы болсун! Кейип кепчий берип, боюңдагы перзентибизге залакаң тийип калбасын! Артка кылчайып карай бербестен келечекти ойлоп, эми алдыга карай умтулалы! Мындан ары...- деп айтып келатып, Жаңылыштын ичи бүлкүлдөп, кыймылдай баштаганына сүйүнүп кетет.
--Берекем го берекем, көрдүңбү Жаңылыш? "Экинчи апам кайгырып ыйлачу болбосун, атам туура айтып жатат" деп уулум ичиңди бүлкүлдөтүп, белги берип жатат! Мына, мына дагы кыймылдап оодарылды. Бул жолкусунда, "апам жылмайып койсун" деп суранды. Демек, уулубуздун суранычын аткарышың керек!-деп жолдошу Жаңылыштын маанайын көтөрүп, күлдүргөнгө аракет кылат. Жаңылыштын да энелик жүрөгү элжиреп:
--Ананайыным, берекем го берекем! Буйруса жакында сени колума алып, жытыңан тоё жыттайм! Быйтыйган колдоруңан өпкүлөп, мээримге бөлөп бапестеп багып чоңойтобуз! Өмүрлүү, бактылуу болосуң ээ алтыным!- деп кыялданып тилек кылган Жаңылышты, жолдошу жылуу кучагына имерип кучактайт. Экөөнүн тең жүрөгү бактылуу дүкүлдөп согуп, колдорун бекем кармашкан боюнча бакытка бөлөнүп турушту.
Чыгарманын автору:
Нуржамал Бектенова
26.04.2024 жылы жазылган.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев