--Алло Болот, түн бир оокум болуп баратат, деги үйгө качан келесиң? Кардың ачып, чарчадың го? "Атакем качан келет?" деп балдарың уктабай томсоруп күтүп отурушуп, азыр араң уктаттым. Үйгө эртерээк келип эс алып алсаң, эртеси сергек акылың менен ишиңди улантканың дурусураак болмок го?- деп келинчеги телефон чалгандан кийин гана: "Чын эле кеч болуп кетти, кой анда үйгө жөнөйүн!" - деп эшигин бекитип, ачкычын уйкусураган кароолчуга тапшырып берет. Унаасын айдап үйүнө кетип баратып, жолдун боюндагы жарыгы үлбүрөгөн столбага сүйөнүп отурган бир жаш жигитти көрөт. Колундагы дептерине үңүлүп окугансып отурганына таң калган Болот: "Шумдугуң кургур десе, түн катып көчөдө китеп окуп отурганы эмнеси? Акыл-эси ордунда элеби, же оорукчан немеби? - деп ийнин куушуруп, кайра: "Балким барар жери жоктур? Кандай болсо да кыя өтүп кеткеним, туура эмес болуп калат го?"- деп унаасын артка айдап келип, жигиттин жанына токтойт.
--Ой жигит, сага эмне болду түн катып? Же барар жериң жокпу? - деп сураганына, бүрүшүп отурган жигит үн катпайт. Анда Болот:
--Кел жигит унаага түш, барчу жагыңа жеткирип коёюн...- дегенине "макул" дегенсип башын ийкеп, басып келип унаасына отурат. Жигиттин ойго чөмүлүп, оор үшкүрүнүп келатканына кабатырланган Болот:
--Деги баары жайында элеби, тыншчылыкпы? - деп сураганына бала мукактанып:
--Апам былтыр өтүп кетип, быйыл жылдыгын бергени айылга баргам... Апамдын ашын бергенден кийин бүгүн эртең менен шашып кетип баратып, апамдын үкөгүнөн колумдагы күндөлүктү таап алдым... Дептерди кошо ала кетип, калаага жеткенчекти жолдо катар окуп келдим. Шаарга келгенден кийин эмнегедир шайым кетип, бекеттен алыс узай албай койдум... Апамдын күндөлүгүн окуган сайын жүрөгүм эзилип, айлам кетип отургандагы кербезим болчу... - деп калтыраган колундагы калың дептерин көргөзүп:
--Көрсө байкуш апакем жүрөгүндө болгон сагыныч кусалыгын, ушул дептерге жазып жүрчү экен... Апамдын андай күндөрү көп болгонун, жазып жүргөн күндөлүгүнөн билдим. Анткени калың дептер бети, апамдын арманына толуп кеткен экен... Эмне үчүн апамды көзүнүн тирүүсүндө, кадырлап-барктап сыйлай албадым экен? Бактылуу карылык тартуулагандын ордуна санааркатып, беймаза кылып кыйнаптырмын... Апамдын бир күнү ичээр суусу түгөнүп, барса келбес сапарга узап кетери жөнүндө эч бир ойлонбоптурмун... Минтип бир күнү "апакелеп" көз жашыма жуунуп, ботодой боздоп сыздап калаарымды билбептирмин байке...- деп жигит токтоно албай буркурап ыйлап жиберет. Жан дүйнөсүн куйкалаган армандуу жаңырыгы сыртка атылып чыгып, күндөлүгүн ансайын бооруна кысып кучактайт. Зар какшап ыйлаган жигитке Болоттун боору ачып, эмне дээрин билбей унаасын жолдун четине токтотот. Чекесинен чылпылдаган муздак терин бет аарчысы менен аарчып, жүрөгү сайгылашып отурганда жигит мукактанып:
--Бир туугандарымдын кичүүсү болгонгобу, апам мени "балапаным" деп эркелетип, өзгөчө жакшы көрчү. Эч нерседен кем кылбай канатына калкалап, бапестеп багып чоңойтту. Орто мектепти аяктап бүтүргөндөн кийин апам жанынан алыска чыгаргысы келбей, кыйылып жатып шаарга араң жиберген эле. Шаарга келип, окууга тапшырып өтүп кеттим. Студенттик күндөрүмдүн кызуусуна батып, апам жөнүндө деле бир ойлонуп койчу эмес экем... Байкуш апамдын сары-санаа болуп чыйпылыктап телефон чала бергенинен тажап, эмнегедир кыжырым келе берчү... Андай учурда апама орой жооп берсем, кеде чалуусун жоопсуз калтырып, телефонду албай өчүрүп койчумун. Азыр ойлоп көрсөм акыл-эсим тайкы келген ала көөдөн, кайрымсыз, мерез, жоон моюун уул болгон экенмин... Баарын кеч түшүнүп, эми минтип карайлап калдым... Апамдын ал жайын сурап бир да жолу чалып койбоптурмун, аттиң... Азык-түлүгүм түгөнүп же тыйын-тыпыр керек болуп калган учурда гана, апама чалчумун. Алдан- күчтөн тайып картайганына карабай уйун саап сүтүн сатып, бакчасында тырмалаңдап кем- карчыма тыйын таап берчү байкуш апам. Жада калса көзгө басаар кичинекей пенсиясынын бир тыйынын да өзүнө алып калбай, болгонун мага жөнөтүп турчу. Менчи? Мен акылсыз болсо кыйратып койгонсуп, кабагым- кашым дебей кенен- чонон ичип-жеп, даяр белен оокатка тайраңдап жүрдүм... Апам, апам болсо үнүмдү укканга зар болуп, "келип калабы" деп жолду акыйып карап зарыгып күтчү экен да, аттиң... Апакеме бактылуу карылык тартуулай албай, татыктуу уулу боло алган жокмун. Ошентип, балалык милдет парзымдан кутула албадым... Эми түштөн кийин минтип башымды мыкчып, апамдын караанын бир көргөнгө зар болуп, өкүнүп сыздап калдым... - деп, жигит бир чекитти муңайымдуу теше тиктеген калыбында үшкүрүнүп:
--Үйүмө келсем, үйдүн берекеси кетип куту качкандай... Үй ичи, короо- жайым каңгырап бош калгандай өөн учурап, көзүмө суук көрүндү... Апакемдей бооруна кысып, эркелетип кубанып тосуп алган бир да жан болбоду... Көрсө, апамдай болуп үзүлүп-түшүп, эч ким күйбөйт экен да! Көрсө баарыбызга баш баанек болуп опол тоодой таянаар тообуз болгон апакем, жашообуздун куту экен да! Ошондо эсиме келип, жүрөгүм тилинип бул дүйнөдө жетимсиреп жалгыз калганымды туйдум...Таманымдын алдынан жер көчүп, ботодой боздоп сыздап кала бердим байке! - деп жигит жүрөк тушун мыкчып кармап:
--Акыры көрүшпөй калаарыбызды, жүрөгү сезсе керек. Дайнымды билгизбей жоголуп кеткенимден жүрөгү чыдабай, шаарга издеп келип мени таппай кеткен экен... Так ошол учурда жел таман болуп көчүп-конуп сайгактап жүрүп, апама дайнымды бир билдирип койбоптурмун... Апамдын ден-соолугу күндөн-күнгө начарлап сыркоолоп ооруп жүргөнүн билсем да, эч бир кенебегенимди карабайсызбы? Байкуш апакем төшөктөн башын көтөрө албай жаны сыздап ооруп жатканда, караан болуп бир чөйчөк суу алып келип бергенге да жарабай, кашында болбодум... Ошентип апам экөөбүз көрүшпөй калдык... Акыркы жолу бир көрүп жытыман жыттап алганга зар болгон алтыным апакем, армандаган боюнча өтүп кеткен экен, аттиң... - деп жигит башын мыкчып муштагылап, өпкө- өпкөсүнө батпай өңгүрөп ыйлап жиберет да унаадан атып чыгып, "ааааааааа, кечириңиз апакэээээ..." деп асманды карап бакырып ыйлап:
--Өкүнүч, күйүт, арман деген эмне экенин азыр жакшы түшүндүм! Өзүмө- өзүм батпай жан дүйнөм тарып, өкүнүч менен күйүт отуна жүрөгүм чок болуп куйкаланып күйүп бараткандай... Ой жаным ай жаным, жанымды коёрго жер таппай, тим эле чабалактатып сыздатат го байке! - деп тыбырчылап, санын чапкылап сыздап жиберген жигиттин жанына басып келген Болот:
--Кой жигит, күйүткө алдырбай кайрат кыл...- дегенине кол шилтеп:
--Байке, азыр бир да сөз жанымды жай алдырып, жоошута албастыр... Мага убакыт керек, ошондуктан мага карабай жолуңузга түшүп кете бериңиз... - деп энтигип кетенчиктеп басып баратып, бир убакта өңгүрөп ыйлаган боюнча, артын карабай тызылдап чуркап кетип калат. Баланын артынан "токто жигит, токтосоң..." деп кыйкырып кала берген Болот бир топко чейин башын чайкап кейип туруп, унаасына басып келип отурат. Арткы эшиги чала жабылганынан "эшигин жабайын" деп үңүлө берип, жигиттин апасынын күндөлүгү калып калганын көрөт. "Каап, унутуп калтырып кеткенин карасаң... Балким дагы бир күнү көздөшүп калсак, кайтарып берермин..." -деп дептерди колуна алып барактап көрүп, тамгалары шурудай тизилип жазылган сулуу кол жазмага арбала түшөт. Эненин баласына болгон сагыныч кусалыгы жөнүндө жазылган армандуу кол жазмасын улам барактап окуган сайын Болоттун көзүнө жаш тегеренип, жүрөгү зыркырап окуп отуруп калат. Күндөлүктүн ээсин мурда таанып билбесе да, эненин жүрөгүнөн куюлуп чыккан сөздөрү, Болоттун жүрөгүн октой тешип өткөндөй болот. Ак жоолугу желге желбиреп, калтыраган колун мейкиндикке созуп зарлап ыйлаган эненин элесин элестетип алып, жүрөгү сыздап ыйлагысы келет. Сагыныч кусалыгы менен бирге баласына мээримин төгүп, эркелетип жазган каалоо-тилек батасын окуганда: "Жан дүйнөң эңшерилип, жүрөк эзилет го аттиң... Көрсө, эненин орду толгус болот тура... Зоболосу бийик эненин балага болгон сүйүүсү, күн шоола сыяктуу эч өчпөгөн ыйык сүйүү болот тура, чиркин!"- деп Болоттун жүрөгү сыздап отуруп жер бетине жарык түшүп, таң сүңүлүп кантип таң атып калганын байкабай калат. Дептердин акыркы барагын окуп бүткөндөн кийин күндөлүктү папкасынын ичине салып, шорголоп куюлган көз жашын бет аарчысы менен аарчыйт. Оор үшкүрүнүп чөнтөгүнөн уюлдук телефонун алып чыгып караса, акыркы аптада кабыл алынбай калган апасынын чалууларын көрүп, жүрөгү "шуу" дей түшөт. Дароо апасынын номерин терип чала салса, көпкө күттүрбөстөн апасынын мээримдүү үнү угулуп:
--Алло угуп жатам, уулум сенсиңби? Иий ананайын каралдым, жакшы жүрөсүңбү асылым? Таң атпай чалып калыптырсың балам, баары жайында элеби берекем?- деп апасынын үнүн укканда ичинен "өөөөх, шүгүр" деп жүрөгү элжиреп:
--Ооба апаке, баары жайында эле, шүгүрчүлүк! Апаке, мен сизди сагындым, үнүңүздү уккум келди. Иштен алаксыбайын деп уюлдук телефонумду "үнсүз" кылып койгон элем, ошондуктан сиздин чалганыңызды укпай калыптырмын. Апаке... Апоу, омурткаңыз сыздап мени тогуз ай көтөрүп, жарык дүйнөгө алып келдиңиз. Ымыркайыман мээримиңизди төгүп, ысык-суугума чыдап бапестеп багып өстүрүп чоңойттуңуз! Апоу, мен сизге чексиз ыраазымын, сизди аябай жакшы көрөм! Эгерде буга чейин билбестик кылып кемчилик кетирсем, кечирип коюңузчу апоу? Атам экөөңүздөр менин таянаар аска-зоом, бак-дөөлөтүм, ырысым, кутумсуңар апаке! Жашоомду жарык кылып, жанып турган шам чырагымсыңар алтындарым! Бүгүн келин- бала неберелериңиз менен айылга келем. Ошо жөнүндө айтып коёюн дегем апоу!- дегенде апасы толкунданып, кубанычын жашыра албай ыйлап жиберет.
--Садагаң болоюн каралдым, ананайыным берекем! Биз дагы силерди сагынып, санаабыз тынчыбай жүрдү эле. Ырас, жакшы болбодубу, өмүрлүү, бактылуу бол каралдым! Баланын акылдуу, зээндүү, мээримдүү, кайрымдуу, ыймандуу болгону ата-эне үчүн чоң бакыт да балам, ыраазымын сага берекем! - деп апасы батасын берип, жетине албай кубанат. Апасынын үнүн укканына сүйүнгөн Болоттун жүрөгү алеп- жалеп болуп элжиреп, ичинен тынбай шүгүрүн айтып кубанып отурду.
Болот үйүнө келгенде сары-санаа болуп күтүп отурган келинчегинен ыңгайсызданып, түндөгү болгон окуя жөнүндө айтып берет. Кейип угуп отурган келинчеги:
--Эне-бала үчүн жүрөгүм ооруп калды каап, жаман болуптур...Ээх, оош- кыйыштуу татаал кыйма- чиймелүү, сырдуу түркүн тагдырлар... Иий Болот чын эле, көпчүлүк учурда шартыбызга карап, "кол бошобойт, дагы бир күнү бараарбыз, чаларбыз, жолугушарбыз" деп шылтоолоп, убакытты созуп жүрө берет экенбиз да... Ооба, жыл өткөн сайын сүйүктүү ата- энелерибиз карып баратышат... - деп муңайган келинчегине Болот ойлуу карап:
--Ооба жаным, туура айтасың... "Жумуш, көр оокат тиричилик" деп жүрө берип, эң кымбат асыл адамдарыбызды эстен чыгарып коёт экенбиз. Ооба, ушинтип жүрө берип, кийин өкүнүп калышыбыз мүмкүн экен! Деле бир көр оокат менен жумуштун да түбү жоктой... Ошондуктан ишим эч жакка качып кетпейт, өлбөгөн жандын күнү өтүп, оокат табылат! Жумушумдан суранып алып ата-энебизди, бир тууган жакындарыбызды кубандырып, айылга барып учурашып келели, кандай дейсиң? - деп келинчеги экөө акылдашып, айылга барып келишмей болушат. Таттуу- паттуу белек- бекчектерин камдап алып, үй-бүлө бала- бакырасы менен айылды көздөй сапарга чыгышат. Айылына кечке жуук жетип үйүнө жакындап калганда, жол карап дарбазасынын алдында күтүп отурган апасынын карааны көрүнөт. Болоттун жүрөгү "болк" этип: "Алтыным апакем, зарыгып жол карап күтүп отурган тура... Ээх чиркин, буга чейин далай жолу апамды жол каратып, зарыктырып күттүргөн чыгармын... Балдарына сар-санаа боло берип, арыктап кетиптир. Апам да карып баратат... Карачы, мен дагы убагында бирде окуу десем, кийин жумуш, тиричилик деп жүрүп ата-энеме татыктуу көңүл бурбай, убакытты текке кетирип жибергенимди... Көз ачып-жумганча эле бир заматта учкан куштай, убакыт зымырап өтүп кетет экен... Өмүр да кыска, бүгүн барбыз, эртең жокпуз... Эбептен- себеп болуп, капысынан түндө калып кеткен эненин күндөлүгүнө чоң рахмат. Терең ойлонтуп эсиме келтирип, чоң сабак болду. Болбосо кийин кеч болуп калганда, баладай болуп башымды мыкчып калмак экенмин..."- деп ойго чөмүлгөн Болот унаасын токтотуп, апасынын жанына чуркап келет. Апасынын кылгырган көз жашын аарчып:
--Сыркоолобой, күүлүү- күчтүү жакшы жүрөсүзбү апаке?- деп көзүнө жашы тегеренген Болот апасын өпкүлөп, жоолугунун алдынан агарган чачын сылап: "Убакыт эч кимди аябайт экен, байкуш апам чындыгында эле карый түшүптүр... Ээх чиркин, "эненин көөнү балада, баланын көөнү талаада" деген макалдын чындыкка дал келип таамай айтылган маңыздуулугун карасаң, тобоо... Өзүм деле канча жашты аркалап ата болуп калганым менен, буга чейин терең түшүнүгүм жок болгонун карабайсыңбы..."- деп ансайын апасын кучактап, моокуму канганча улам-улам жытынан жыттап- жыттап, өпкүлөп алат. "Апакелеп" чуркап келишкен неберелерине үзүлүп- түшүп, ийилип жүгүнүп жылуу учурашкан келинине ыраазы болуп, эненин жүрөгү элжиреп жетине албай кубанып турду. Болот болсо ичинен улам "шүгүрүн" айтып, балдарын көздөй кубанып басып келаткан атасын көздөй шашып жөнөдү.
Чыгарманын автору:
#Нуржамал Бектенова.
28.09.2023 жылы жазылган.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев