2-бөлүм
Муңайым жатаканада жашагысы келбей, өз алдынча батирге чыгып жашагысы келип жүргөн. Бирок батир жалдап өз алдынча жашаганга мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, окуусу башталаар алдында айылдан эртерээк келет. Окуу жайына караштуу жатаканадан орун алып, бир бөлмөдө үч кыз менен чогуу жашап калат. Талабы жок тартипсиз жашоого көнүп калган Муңайым, окуу жай менен жатакананын тартип талабына көнө албай башында кыйналат. Бала- чагынан апасынын туруш-турпат кадамынан үлгү алып чоңойгонго байланыштуу, жүрүм- туруму апасына куюп койгондой окшош эле. Менменсиреген өзүмчүлдүгүнөн тышкары, акылга сыйбаган чаржайыт туруш-турпатына чогуу жашаган кыздарынын төбө чачы тик туруп, таң калышкан учурлары далай болот.
Эт-аш, курут, каймак сүт айран жана башка түркүн азык- түлүктөрдү, кез-кези менен кыздардын ата-энелери айылдан жөнөтүп турушчу. Андай күндөр студент үчүн майрам болчу. Кыздар дасторкон бетин жайнатып, кудуңдап кубанышып чогуу-чаран тамактанышаар эле. Ал эми Муңайым болсо, апасынын чанда берип жибергенин кыздар менен бөлүшчү эмес. Колунда жок жетишпеген жакыр бүлөдө чоңойгонгобу, жокчулук моюн кесет болуп Муңайым битиреп турчу. Буга башында анча маани бербеген кыздары Муңайымдын тамак- ашын жымырып, көргөзбөй катып жерин байкап калышат. Бир күнү Муңайым жокто кыздары сүйлөшүп отурушуп:
--Муңайымдын кылык- жоругуна жакамды кармап таң кала берип, акыры түңүлүп бүттүм кыздар... Буйруган ырыскыбыз менен тең бөлүшүп азыктанып, бирибиз да ачка калган жокпуз го? Ал эми Муңайым ач калчудай жуттанып, тартынбай аягына чейин мойсоп түгөткүчө шашат. Өзүнүкүн кызганып катып жегенине, таң калбай койбойт экенсиң. Оюна койсоң тамак-аш турган текчеге эч кимди жолотпой, кулпу салып бекитип койчудай? Өмүрүндө эч нерсе көрбөгөнсүп, эмне үчүн мынчалык жуттанып турат? Же өзү ушунчалык сугалакпы?- десе, жанында сабак окуп отурган кыз үн катып:
--"Тамагын кызганып жутунган соргок адамдан түңүл. Анткени мындай адамдын көңүлү тоюнмайынча, эч качан ток пейил боло албайт!" деп апамдын айтканын угуп калчу элем. Суйкайган Муңайыбыздын жоругун көргөндөн кийин, апамдын айтканында калет жок экенине ынанып калдым!- десе үчүнчү кызы ачууланып:
--Кыздар! Баарынан да өзүн бир укмуш сезип, бизди малайындай көргөнү күйгүзүп жүрөт. Тамак бышырып атсак жардам бербей, тымпыйып жатып алат. Даяр болгондо кебелбей, биз менен чогуу тамактанат. Кеп тамакта эмес дечи, аш болсун мейли эми. Жок дегенде артынан идиш-аягын жууп, тазалап койсо болот да? Бөлмөнү кезектешип жыйнаарыбызды жакшы билет. Анда да кол кабыш кылып койбой, камырабай басып кетет. Буга баарын даярдап белендеп тургудай, биз эмне буга милдеттүүбүзбү же малайыбызбы? Анан дагы бой көтөрүп теңсинбей, бизди кемсинтип басмырлап турганычы? Бизден эмне артыкчылык өзгөчөлүгү бар?- деп туталанып кыздарын карайт. Анда сабак окуп отурган кыз китебинен баш көтөрүп:
--Кой, болду эми ачууланба. Муңайым калыптанып, чоңоюп калган кыз. Тарбиясы жок наадан неме турбайбы. Биз эми аны тарбиялап оңой албайбыз. Ошондуктан мындай адамга теңелип, убактыбызды бекер коротпой эле коёлу кыздар!- деп кайра китебине үңүлүп, ар кимиси өз иши менен алектенип калышат.
Дем алыш күнү уйкудан көзү ачылбай уктап жаткан Муңайым, куурулган эттин буркураган жытынан ойгонуп кетет. Кобурашып тамак бышырып аткан кыздарга "борк" этип:
--Тамагыңар качан бышат кыздар? Жүдөбөй эртерээк бышыра салгылачы, курсагым ачып кетти!- дегенине кыздар жооп бербей, кашын сирпип карап коюшат. Кыздардын бири кыңылдап ырдап кир жууп отурган экен. Муңайым тура калып, ирээтсиз чачылган кийимин арасынан жуула турган кийимдерин чогултуп келип:
--Ме, буларды да кошо жууп койчу!- деп ич көйнөк байпактарынан бери, кыздын алдына ыргытып коёт. Муңайымдын наадандыгына кыжыры кайнаган кыз:
--Эмне, мен сенин малайыңмынбы? Колуң барбы, өзүң жууп ал!- деп ачууланып, алдына таштаган кийимдерин керебетинин үстүнө ыргытып жиберет. Анда Муңайым бөйрөгүн таянып жанына басып келет да:
--Яа, эмне дейсиң? Иий желмогуздай болгон кебетең менен, тейтейип тилиң узарып калган го яа? Ооба, сендей түрү сууктардын биздейлерге кызмат кылгандан башка аргасы жок! Ошондуктан көп сүйлөбөй, унчукпай жууй бербейт белең?- деп чылапчындагы кир сууну башынан ылдый куюп жиберет. Шөлбүрөп суу болгон кыз ызаланып Муңайымга атырылганда, тамак бышырып аткан кыздар жетип келишип:
--Мындайдын деңгээлине түшүп, теңелбей эле койчу...- деп токтотуп калышат. Экинчиси болсо Муңайымга ачууланып:
--Эй Муңайым, бул эмне кылганың? Уятың барбы, уялсаң боло кичине? Эмне эле менменсиреп кыйын боло бересиң? Сенин бизден эмнең артык? Чачың узун болгону менен акылың кыска, такыр тарбияң жок деңгээлиң төмөн экен. Сыртың жалтырап суйкайып турганың менен жеткен наадан, карөзгөй начар кыз экенсиң! Дагы бизди теңсинбей, кемсинтип койгонун кантесиң? Уялбагандан өзүбүз уялып, дагы ушунча чыдаганыбызга рахмат де! Мындан ары тынчыбызды албай, башка жака эле көчүп кетчи! Сени көрөйүн деген көзүбүз жок, болбосо үстүңөн даттанабыз!"- деп кыздар Муңайымды бөлүп салышат. Муңайым башка кыздар менен да тил табыша албай, дагы бир нече жолу бөлмөдөн бөлмөгө көчүп-конот. Муңайымдын үстүнөн арызданып келе берген кыздардан тажаган жатакананын жетекчиси, акыры өзүнчө бир кишилик бөлмөнү Муңайыга бөлүп берип кулак- мээси тынчып жаны калат. Кыздарга батпай калганы үчүн өзүнчө бөлмөлүү болгонун аңдабаган Муңайым, биринчи утушуна сыймыктанып жүргөн эле. Тыйын- тыпыр жагынан тартыш болуп ачка калган күндөрү, чогуу жашаган ынтымактуу кыздардын жайыл дасторкону далай жолу көзүнөн учат.
Ошентип Муңайым турмуштун ачуу- таттуусунан аз-аздан даам тата баштаганы менен, терең ойлонуп өзүнө сабак албайт. Кайра тескерисинче: "Кандай жол менен болсо дагы, эптеп жакырчылыктан суурулуп чыгышым керек! Акча, акчалуу болууга умтулуу керек! Анткени акча сүйлөп акча чечип, керек десе акча менен дүйнөнү да тизелетип багындырса болот!"- деп жердей катуу чыңалып түптөлгөн түшүнүгү, тамыр байлай баштайт. Болуп көрбөгөндөй тездик менен өрчүгөн тамыр кан тамырынан бери бойлоп мээсине кыттай куюлуп, "бакыт байлыкта" деген түшүнүк, жүрөгүн чырмап алат.
Ошентип Муңайым жалындаган жаштыгынын жылуу кучагында, эстен кеткис кызуу студенттик күндөрүн башынан кечирип жатты. Убакыт билинбей зымырап өтүп, үч жылдык ортоңку окуу жайдын акыркы үчүнчү курсунда окуп жүргөн эле.
Коңгуроо кагылып, студенттер китеп дептерин жыйыштырып үйүнө кетүүгө камданып атышкан. Бир убакта чогу окуган кыздары чурулдашып, "карасаң, карасаң" деп терезе жакта топтоло башташат. Кетип бараткан Муңайым токтоп калып:
--Ой деги силерге эмне болду?- деп терезе жака кызыгып басып келет. Терезеден көзүн айрый албай бирөөнү суктанып карап турган курбусу, Муңайымды чыканагы менен түртүп:
--Иий Муңайым, сыртта турган жигитти карасаң? Жомок китептин ичинен суурулуп чыга келгенсип, келбети келишкен укмуштуудай сулуу жигит экен! Боюнун узундугу, анан дагы балбандардыкындай кең далылуулугуна сөз жок десең! Ээх, мындай жигиттин гүлү, кандай бактылуу сулууга келди болду экен?- деп кыялданган курбусуна күлкүсү келген Муңайым:
--Кана, кана мындай турчу карайын!- деп окуу жайдын алдында, бирөөнү күтүп турган жигитти көрөт. Муңайым да келишимдүү жигитти арбалып карап: "Чын эле келбети келишкен жигит экен! Ушу жигит менин жигитим болуп калса кана?"- деп кыялданып, "а эмне үчүн болбосун?" деп ичинен кымыңдай түшөт. Көп өтпөй эле жигиттин жанына бир кыз басып келип, экөө сүйлөшүп туруп басып кетишет. Оозунан нанын жулдуруп жибергендей болуп томсоруп туруп калган Муңайым:
--Кыздар, алиги кызды тааныбайсыңарбы?- деп кабагын чытып сурайт. Анда курсташтары:
--Ооба тааныйбыз! Бизге сабак берген мугалим эжейдин Айдай деген кызы да. Сен деле тааныйт болушуң керек? - дегенине Муңайым эстегендей болуп:
--Ии ооба, эми эстедим! Бирок Айдайыңар тиги жигитке такыр эле жуп келбейт экен го? Жердин битиндей болуп бою кыска. Жарылып кетчүдөй болуп, былчыйып семиз да экен! Мындай сымбаттуу жигит күткөнгө жараша, кичине азыраак тамак жеп арыктаса болмок да! Өңүчү? Капысынан кечкисин алдыңан чыга кала турган болсо, чочуганыңан ыктытып калчудайсың... Күлкүнү келтирип, шөлбүрөп кийингенине сөз жок... Ошондуктан экөө такыр эле бири- бирине туура келбейт! Кантип эле өрдөктөй болгон кыздарга, ушундай сулуу жигиттер туш келип калат десең?- деп жактырбагандай түр көргөзүп чүйрүйөт. Анда кыздардын бири ачууланып:
--Муңайым! Сен адамды жакындан таанып билбегенден кийин, антип сынтагып кемсинткениң туура эмес да! Айдай кичине толугураак болсо эмне болуптур? Балким жүрөгү, же дагы бир жери ооруйт чыгаар? Айдай өзү жакшы кыз! - дегенине дагы бир курсташы кошулуп:
--Ооба, туура айтасың! Ал кыз сендей арыкчырай, узун бойлуу сулуу болбосо да, анын ички жан дүйнөсү сулуу! Сага караганда жүрөгү таза, боорукер кыз. Айдайдын да бактылуу болууга укугу бар. Сен экөөбүзгө салыштырмалуу, тырышып сабагын жакшы окуйт. Жүрүш- турушу үлгүлүү, окуу жайдын алдыңкы катардагы сыймыктуу студенттеринин бири! Негизи адамдын өңүнө, кийимине карап баа бербей, акылына жараша баа бериш керек да! - деп ал да Муңайымды мурчуюп карап коёт. Анда Муңайым чычалап:
--Ой кыздар, койгулачы ай! Ой анда аныңар, шаардын чоёктогон селкилеринин бири болсо керек да... Андайларга даба жок! Айтоор эмне десеңер ошо дегиле, мага баары бир! Бирок баары бир баланы кызга ыраа көрбөйм! Силерге жагабы жакпайбы, бул менин жеке оюм! Ошондуктан башты оорутпай, сөзгө чекит коёлучу! - деп ачууланып чыгып баратканда, курбу кызы да жактырбагансып:
--Сынды туура кабыл алыш керек Муңайым. Кыздардын пикири туура! Айдай деле сен экөөбүздөй айылдык кыз. Кептин төркүнү, айылдык шаардыкта эмес, антип бөлүп жарганың туура эмес. Эмне шаардык болсо эле сен айткандай, сөзсүз жаман кыз болуп чыга келеби? Биздин курсташтарыбыздын жарымы шаардык. Арасынан кимисин жаман деп айта аласың? Жаман улут болбойт, арасында начар адамдар болушу мүмкүн. Ошондой эле биздин арабызда да, ошондой адамдар бар. Адамдын сырткы келбетине асылганың, мага да такыр жаккан жок! Курбу болсок да оюңа кошула албайм, таарынба! Айдайды жакшы билем, анткени экөөбүз бир айылданбыз. Айдай адамгерчиликтүү, ыймандуу жакшы кыз- деп айтып келатканда, сөзүн чорт бөлүп:
--Сен эле жетишпей турдуң эле... Сөзгө кыпчылбай, тынч эле отура бербейсиңби? - деп жеп жиберчүдөй акырайып карап, эшикти тарс жаап чыгып кетет. Тарс эткен добуштан курсташтары "селт" этип, "кантет" деп башын чайкап кала беришет. Дале терезени тиктеп карап турган курсташ кызы, сыртта кетип бараткан Муңайымды ойлуу карап:
--Кыздар! Көзү жокто артынан сүйлөгөн жакшы эмес дечи. Бирок Муңайымдай чүрөк кыздын, ички жан дүйнөсүнүн кемдигине таң калам... Мейли эми, өзү билсин... Кой анда кыздар, үйлөрүбүзгө тарайлы!- деп, кыздар кобурашып басып, окуу жайдан чыгышат.
Чындыгында эле Муңайымдын келбети келишкен, татынакай кыз болчу. Кымча белинен ашып суналган кара коюуу чачы, көпчүлүктү суктандырбай койчу эмес. Жалжылдап бакырайган сулуучумак көздөрүнө далайлар арбалып, ашык болгондун саны арбын болчу. Бирок Муңайым апасын тартып, менменсиреген жаман адаты бар эле. Кыялы чорт, орой, көк бет, өзүмчүлдүгүнөн тышкары, абдан кекчил болчу.
Окуу жайдан чыккандан кийин жолдо келатып: "Тим эле Айдай сонун кыз, "укмуш" деп жанды кашайтып макташканын кантесиң... Оозун кернейдей чоюп, дикилдеген курбу сөрөйүмө эмне жок дейм да? Шашпай тургула, Муңайым ким экенин али жакшы биле элексиңер! Так ушу силерге өчөшүп, Айдай сөрөйүңөрдүн жигитин тартып албасам элеби! Ошондо "кыңк, мыңк" деп кыңк эткениңерди көрөм! - деп кекенип: "Ошондуктан жолун таап, алиги жигит менен эптеп таанышышым керек! Анан калганын барар көрө жатаарбыз!"- деп тиштенип келатты.
Ошол күндөн тартып кекенген Муңайымдын эси-дарты, бейтааныш жигит болуп калат.Эч жамандыгы жок бейкүнөө Айдайды душман тутуп, өзүнөн өзү жигитти кызганып жек көрө берчү болот. Окуу жайдын тегерек- четинен, студенттердин арасынан жигитти издеп карай берип, эки көзү саргаят. Айдайдын алиги жигитсиз жалгыз жүргөнүн көргөн сайын ичинен табалап: "Аа шордуу, жигитиң көрүнбөй калганына караганда, сени боздотуп таштап кетсе керек? Ошону көрмөксүң, чала болот сага! Эгерде дале сүйлөшүп жүргөн болсоң, эптештирип баары бир сенден тартып алам!"-деп тиштенип, Айдайды атайын жөөлөп түртүп өтүп кетер эле. Бир күнү Муңайымдын оюнан алаксыткан жакшы жаңылык угат. Сабак учурунда класс жетекчиси күлүмсүрөп:
--Урматтуу студенттер! Жакында студенттик күнүнө карата, окуу жайдын жамааты силерге салтанаттуу кече уюштуруп бермей болду!- дегенде курсташтары дароо уу- дуу болуп, кубанып дүркүрөтө кол чаап калышат. Ошентип окуу жайда, жатаканада да кече жөнүндө кеп кылышып, курсташтары кызуу даярданып жүрүшкөн учур эле. Көптөн күткөн күн да келип айтылган убакыттан кечикпей келишкен студенттер, кеченин башталышын чыдамсыздык менен күтүп турушкан. Кырын чыгара үтүктөлгөн костюм- шымчан мотурайган балдар, чекчейип чыкыйышат. Фарфыраган жарашыктуу көйнөкчөн кыздар жаңы ачылган гүлдөй болуп кулпуруп, көздүн жоосун алып жаркылдашат. Алардын арасында Муңайым да бар эле. Акыры кече башталып атайын түзүлгөн "программанын" негизинде, кече кызыктуу өтүп жатты. Жакшы маанайда көңүл куунак жүрүшкөн курсташтарынын арасынан, бир гана Муңайымдын маанайы суз болчу. Эмнегедир бир нерсе жетишпегенсип, көңүлү ачылбай кыйпычылыктайт. Бийге чакырган балдарга орой жооп берип, терезе жака басып келет. Күтүп жүргөн жигиттин карааны көрүнүп калабы дегенсип жол жакты карап: "Мага шаар жакты, бирок окуумду бүтүргөндөн кийин, айылга кайтып барууга туура келет. Анткени шаарда калып иштегенге шартым жок, батирлеп кыйналып калчудаймын. Бирок мунун да эптеп жолун тапса болот. Мисалы шаардык бирөөгө турмушка чыксам, анда шаарда эле калып калат элем. Шаардык болгону кеп эмес, бай, бай болсо андан да сонун болмок да! Эмне, даяр белен оокатка жыргап жашабаймынбы! Кийин болгон мүлкүн ээлеп калат элем. Апамдын кулагыма куюп айтканы туура! Мага сүйүү-пүйүү дегендин кереги жок! Мен эптеп бирөөнүн этегин кармасам да, бутка турушум керек! Болбосо апамдын колунда жок, жардам бере албайт... Кичинекейимен жакырчылык жокчулуктан, көңүлүм калып калган! Бизге малай болуп жүргөн Зейнедей, мен дагы өмүр бою бирөөнүн малайы болуп, жанымды карч уруп азап тарткым келбейт! Эмне, жаш десе жашмын, сулуу десе сулуумун! Ошондуктан убакытты текке кетирбей, эптеп тезирээк бир айласын табышым керек! Өзүм каалагандай бирөө жарым кадам таштаса, калганын өзүм эптештирип алмакмын. Чап кенедей жабышып, ач карышкырдай дароо баса калмак элем!- деп терезенин айнегин үйлөп буулап алып, сөөмөйү менен жүрөктүн сүрөтүн тартат. Узун тырмагы менен тартылган жүрөккө "аррррррр" деп матыргандай болгондо, айнектеги жүрөктө майда-майда издер калат. Ошол учурда колуна гүлдесте көтөрүп, шашып келаткан жигиттин карааны көрүнөт. Муңайым көргөн көзүнө ишенбей, көзүн бир нече жолу ачып жумуп карап: "Ой чын эле сары майдай эзилип, зарыгып күтүп жүргөн жигит го?"-деп сүйүнүп кетет. Ошол учурда мыкты студент катары, Айдайга ардак грамотасы тапшырылып аткан эле. Сахнада кубанып турган Айдайды жек көрүп карап: "Демек жигитиң сага шашылып келаткан экен да... Бирок мен турам, демек жигитиңен кол жуудум дей бер!- деп мыйыгынан жылмайып, кайра жигитти башынан ылдый дыкат карап: "Чыкыйып кийингенине караганда калың капчыктуу, жашоосу тың көрүнөт. Балким мен каалап эңсеп жүргөндөй, колунда бар үй-бүлөдөн чыгар! Анделе көктөн издегеним, жерден табылбайт беле? Кой анда, бакытымды колуман чыгарбай кыялыма кадам таштайын!- деп терезеге тартылган жүрөк ыйлап тургандай кылып, бир тамчы көз жашты тартып коёт. Айдайдан биринчи жолугуп тозуп алганга шашылып, сыртты көздөй озунуп чуркап жөнөйт. Чуркап баратып: "Балким колунда жок карапайым болуп калсачы?"- деп ойлонуп туруп калып: "Эмнеси болсо да сулуу жигит экен!Убактылуу болсо да, маанайымды көтөрүп турганга жарайт. Анын үстүнө кыздарга өчөшүп калбадымбы. Айдайдан тартып алып, сөзсүз жеңүүчү болушум керек!"-деп мыйыгынан сырдуу жылмайып, тепкичти көздөй чуркап жөнөйт. Жетип келип ылдый кадам шилтей берип, чубалжыган узун көйнөгүнүн этегин басып алганын байкабай калган эле. Денесин башкара албай "ааааа өлдүүүүм, жардамгаааа" деген боюнча тепкичтен кулаарда, экинчи кабатка көтөрүлүп келаткан жигит аттап- буттап жетип келип, Муңайымды кучактап кармап калат. Денеси "дүр" дей түшкөн Муңайым көзүн ачса, жигиттин карылуу жылуу кучагында чөмүлүп турган экен. Ансайын жигитке ыкталып: "Өзүнөн-өзү ушундай болуп кетти, балким тагдырдыр?"- деп ойлонуп, жигиттин кучагынан бошонот. Бири-бирине ыкталып жакын турган экөөнүн көздөрү чагылыша түшүп, жигиттин сулуучумак көздөрүнө арбалып туруп калат. Жигит да Муңайымдын карегине кагылып, күйүп жанган татынакай көздөрүнөн көзүн айрый албай тигилип карап турган калыбында:
--Кечиресиз... Мен... Мен сизди кулап кетпесин деп эле...- деп кекечтенип үн катканына Муңайым күлүмсүрөп:
--Эч нерсе эмес, сиз мени сактап калдыңыз! Сиз болбосоңуз тепкичтен томолонуп, андан аркысын элестетүү да кыйын... Ошон үчүн сизге чоң рахмат!- деп кичине эсине келип, алдыга түшүп басып баратып:
--Сиз дагы студенттик кечеге катышайын деп келаттыңыз беле? Колуңузда көтөргөн гүлүңүзгө караганда, бирөөнү куттуктайын десеңиз керек?- деп билмексенге салып сурайт. Анда жигит:
--Ооба, бир тааныш кызым чакырган болчу, бирок кичине кечигип калдым. Айткандай, студенттик күнүңүз менен куттуктайм!- деп күлүмсүрөйт. Анда Муңайым дароо учурдан пайдаланып:
--Ааа, жакшы, чоң рахмат! Кечеге келгениңиз жакшы болбодубу! Анда мен ыраазычылыгымды билдирип, сизге жооп кайтарайын. Менден сизге бир жай бий белек болсун, макулсузбу? Жада калса сизди бийге чакырганы, жаныңызга өзүм басып келем, каршы эмессизби?- деп сураганына жигит:
--Оо анда абдан кубанычта болмокмун, алибетте каршы эмесмин!- дегенине Муңайым:
-- Анда сүйлөштүк. Бул кооз гүлдестенин кожойкеси жака жол көрсөтүп, сизди узатып коёюн! Ии айткандай, таанышыңыздын аты ким болду экен? Балким тааныйт чыгармын? - деп суроо узатканда, жигит Айдай жөнүндө айтат. Муңайым эстемиш болуп кабагын чытып:
--Сиз биздин өрдөгүбүз жөнүндө айтып жаткан жоксузбу?- деп сураганда жигит каткырып күлүп:
-- Жоок чоң кыз, менин тааныш өрдөгүм жок эле? Ал эмне болгон өрдөк экен?- деп күлүмсүрөгөн жигитти биротоло Айдайдан иренжиткиси келип:
--Сиздин таанышыңыздын бою кичинекей, өзү күлкүлдөгөн семиз кыз эмеспи?- дегенине жигит кызарып:
--Эми анчалык деле семиз кыз эмес, толук десек туура болот го?- деп кызыктай болуп кеткенин Муңайым байкамаксан болуп:
--Ой кечиресиз, айткандай сиздин кардарыңыз жок беле? Биз ал семиз кызды өрдөк дейбиз! Өңү серт, бою кыска, анын үстүнө өзү да былчыйып аябай толук го? Кыялы чорт, урушчаак. Качан болбосун ар ким менен урушуп- талашып эле жүрөт. Айдай кийин турмушка чыкса, барган жеринин шору катат го... Чогуу окуган кыздарын эки- экиден чабыштырып уруштура бергенинен, эч кимге батпай калган. Өрдөктү алыстан көргөндө эле, баарыбыз айланып качабыз. Ал кызды студенттин көпчүлүгү жаман көрүшөт, ошондуктан ага "өрдөк" деп ат коюп алышкан болчу. Ал кыздын сырын айтып салганым үчүн, кечирим сурайм... Бирок, болгонун болгондой айттым. Жаап-жашыргандын эмне кереги бар, туурабы? Бирок байкуш өрдөкө боорум ооруй берет... Балдар кыздардын арасынан, бир гана мен ага жакшы мамиле кылам... -деп кейимиш болот. Мындайды күтпөгөн жигит таң калып:
--Кызык? Айдайды аябай жакшы кыз деп уккам. Чындыгында таң калыштуу... Чечкиндүү кадам ташталып, бүгүн экөөбүздүн тагдырыбыз чечиле турган күн болчу. Алдын ала Айдай жөнүндө чын-төгүнүн айтып койгонуңуз, кайра жакшы болбодубу. Ошону үчүн сизге чоң рахмат! Бирок Айдайга "өрдөк" деп ат коюп алганыңар жаман болуптур. Начар адам болсо да, ал деле адам да? Эмнегедир сиздей болуп, Айдайга мени да боорум ооруп калды... -деген жигитти "жалт" карап:
--Эми жакшы кызды кантип эле жаман демек элек? Бирок баарына өзү күнөлүү да. Эч кимди көралбайт, аябай ичи тар! Анан дагы балдарга тийишип кат жазып, ар кимге жабышып артынан чуркай берет. Же байкушту бирөө эле карап койсочу... Кыскасы ушинтип эле өзү ар кимге уят болуп эле жүрөт... -дегенине жигит ого бетер таң калат. Аңгыча алдынан Айдай чыгып калып, экөөнүн ээрчишип чогуу басып келатышканына таң калып карап туруп калганда:
--Оо Айдайка, кандайсың? Кечигип келгеним үчүн кечирим сурайм. Майрамың менен куттуктайм! - деп колундагы гүлүн сунат. Муңайым болсо Айдады мыйыгынан жылмайып карап, койкоңдоп басып кетет. Ардак грамоталар тапшырылып берип, куттуктоо, арноо тилектер айтылып бүтүп, кезек көңүл ачып бийлөөгө келген экен. Жаңырып чыккан шаңдуу музыкага бийлешип атканда Муңайым кирип келип, курсташтарына кошулуп бийлеп калат. Бул жолкусунда Муңайымдын күлкүсү чыгып, маанайы жакшы болчу. Ошол учурда эшик ачылып, сырттан Айдай жигити менен кирет. Айдай тынчсызданып жигитин караса, жигити жаштардын арасынан кимдир бирөөнү издеп күткөнсүйт. Аңгыча жай музыка жаңырып, балдар кыздарды бийге чакырып бийлей башташат. Ошол учурда колундагы гүлүн жыттап маанайы чөгүп турган Айдай, жигиттин бийге чакыруусун күткөнсүйт. Аңгыча Муңайым катардан суурулуп чыгып жигитти көздөй бет алганда, жигит издегенин тапкандай болуп кубанып күлүмсүрөп карайт. Кооз тигилген узун ак көйнөгү Муңайымды ак куу сымалдантып, жигиттин көзүнө Муңайым периштедей көрүнөт. Муңайым жигитке жакындап келген сайын жигит сыйкырдуу кубулушка арбалып, жан дүйнөсү белгисиз бир сезимдин чынжырына чырмалып оролгондой болот. Жүрөгү элжиреп толкунданганынан канат байлап, кайкып учуп кеткиси келет. Жакындап калган Муңайымга утурлай басып, алгачкы биринчи кадамын таштаганда Муңайым ичинен: "Баракелде жигит, бул кадамың менен менин тузагыма түшүп калганыңды, өзүң да билбей калдың!"- деп жигиттен көзүн албай сырдуу тигилип карап басып келип:
--Эгерде каршы болбосоңуз...- деп назданып тамашалап ийилгенине жигит күлүмсүрөп, жанында турган Айдайга кайрылат:
--Айдай, каршы болбосоң ак куудай сулуу кыз менен бийлеп келейин! - деп Айдайдын жообун күтпөстөн Муңайымдын назик колунан аяр кармап, экөө ыргалып бийлеп калышат. Жигит көзүнө тигилип караган сайын Муңайымдын жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй болуп, өзү да жигитти жактырып калганын сезет. Ошондо Муңайым ичинен: "Кызык... Мээм башыңды жоготпо, сен дүнүйөнү сүйөсүң! Ошондуктан баарынан да дүнүйө кызыкчылыгын жогору коюшуң керек!"- десе жүрөгүм: "Жок Муңайым, сен бактылуу болушуң керек, ошону үчүн бакытты танда! Азыр кандай багытты тандасаң, ошого жараша таштаган бир кадамың баарын чечет! Кайсынысын тандасаң да экинчиси сен үчүн ачылгыс болуп жабылып, артка жол жок болот!- деп кулагына жаңырып угулгансыйт. Муңайымдын денеси "дүр" деп "селт" этип чочуп кеткенде, жигит көздөрүнө тигилип карап, бооруна кысып кучактайт. Ошол учурда экөөнүн чырмалышып "жарк" деп жанган сезимине күбө болуп турга Айдай, ичинен сызып турган. Жүрөгүнүн түпкүрүнөн армандуу арзуу күүсү чертилип, ысык жашы ээ жаа бербей мөлтүлдөп куюлат. Бир бүтүнгө айланган кош жүрөктөй чирелишип, ыргалып бийлеген Айдайдын жигити менен Муңайымды курсташтары оозун ачып карап турушкан эле. Бирде буркурап ыйлаган бактысыз Айдады карашса, бирде бакыттын туу чокусунда балкып жүргөн Муңайымды карашат. Бир убакта Айдай чыдабай кетти өңдөнөт, бетин басып ыйлаган боюнча, сыртка чуркап чыгып кетет. Нес болгон Муңайымдын курсташтары да Айдайдын артынан кошо чуркап чыгышат. Айдай болсо тепкичке жөлөнүп отуруп, өпкө - өпкөсүнө батпай шолоктоп ыйлап отурган экен. Артынан энтигип чуркап келген кыздар Айдайга боору ачып, бири чачынан сылап сооротсо, бири муздак суу алып келе калат. Жанында отурган кыз ачууланып:
--Акыр аягы ушундай болоорун сезип жүргөм... Муңайым деген неме жигитиңди сыртынан бир көрүп эле, дароо көз кырын салган болчу... - десе жанындагысы коштоп:
--Ооба десең... Намысы жок арсыз неме турбайбы... Кептин баары суйкайып мисирейген кебетесинде жатпайбы? Биз анын сырын жакшы эле билип калгандай болдук го... Бирок Муңайымга туш келген жигит шордуу экен. Ай- ай-ай, Муңайымдын сулуулугуна сокур болгон жигит, өз колу менен уулуу жыланды койнуна сойлотту да... Эртели-кеч жигиттин акыркы кадамы жөнүндө, бизге да угулаар... Азыр жигитке чуркап барып: "Тандооңдон адаштың! Чок басып куйкаланып күйүп кете элегиңде эсиңе келип, бир кадам артка ташташтасаңчы! Көзүңдү ачып актан- караны айырмалап, Муңаймдын карарган жүрөгү менен Айдайдын таптаза тунук жүрөгүн салыштырып көрсөңчү!"- деп жигитти Муңайымдын уулуу кучагынан сууруп чыккым келип турат. Бирок жигит ажыдаардын сыйкырдуу күчүнө арбалып калды! Азыр кулагы укпай, дүлөй болуп турган чагы... Каап, карачы ушунча кыздын арасынан Муңайымды тандаганын...- дешкен кыздардын сөзүн ыйлап угуп отурган Айдай кыздарды кучактап:
--Кыздар, алтындарым! Мен үчүн күйүп кейигениңерге абдан ыраазымын, чоң рахмат силерге! Бирок экөөнү тең күнөөлөбөй, аларга карата жаман сөз айтпай эле коёлучу... Жигиттин менин алдымда эч күнөөсү жок. Бизди ата- энелерибиз тааныштырып, жакындан таанышып көргүлө дешкен болчу. Баланын ата-энеси, алтындай болгон жакшы адамдар! Колунда бар бардар бүлө болсо да баары тең жөнөкөй, пейили кенен мээримдүү, кайрымдуу сонун адамдар! Мен баланы да, үй-бүлөсүн да чын дилимден сүйүп калгам! Эгерде бала жактан сезими ойгонуп жылдызыбыз келишип кала турган болсо, Зарылга турмушка чыкканга даяр болчумун. Ошондуктан баарлашып, тааныш катарында сүйлөшүп жүргөн элек. Зарылдын мага сезими ойгонгонун сезе алган жокмун. Бирок акыркы күндөрү эмнегедир, сөз айтчудай болуп жүргөн эле. Балким, ата-энеси көндүргөндүр. Кандай болгон күндө да бүлөсү болуп кала турган болсом, баарына бирдей бактылуулук тартуулаганга болгон аракетимди жумшамакмын! Бирок тилекке каршы андай болбой калды. Көрсө, экөөбүздүн жолубуз эки башка экен, тагдыр эмес тура... Бирок, бирок мен чындыгында эле бул баланы жакшы көрүп калган элем. Акырына чейин үмүтүмдү үзбөй күттүм... Бүгүн болсо бул бала да өз бактысын таап, бакытын жолуктурду өңдөнөт. Бирөө үчүн кубана билели, ошондуктан эки жашка чын жүрөгүбүздөн бакыт каалап коёлу ээ кыздар?- деп көз жашын сүртүп, курбуларын жылмайып карайт.
Чыгарманын автору:
Нуржамал Бектенова
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев