6-бөлүм
Акылым кыскалыгынан жан дүйнөмдү кызганычка албырттатып, бир заматта чогуна экөөбүз тең куйкаланып күйүп кеттик... Ак жериңен жан дүйнөң жабыркап, назик жүрөгүң жарылып мерт кете бердиң асылым..."- деп боздогон Элесбек башын мыкчып ыйлап, күйүтүнө өрттөнүп жаны сыздайт. Айжаркынды жаакка чаап жибергенин эстеген сайын жүрөгү "тыссс, тысссс" деп зыркырап сайгылашып, жанын коёрго жер таппай кан жутуп жүрдү. Жан дүйнөсүн чабалактаткан өкүнүчү, жүрөгүн канжалата мыкчып сыккандай болот. Ансайын Элесбек бармагын тиштеп: "Ичи-койнуңан бери ууландырып тулку боюңа оролгон кара чаар жыландарга уулум арбалганы аз келгенсип, мен дагы булардын уусуна уукканымды карабайсыңбы аттиң... - деп каңырыгы түтөп, айласы кетет. Боз үйдө отурган кыздары да, апасын жоктоп
"апакелеп" сыздап ыйлап отурушкан. Бир убакта ортончу кызы энтигип:
--Кыздар, өзүмдү начар сезип турам, муздак суу алып келип берип койгулачы... - дегенинен Сезим тура калып:
--Азыр эже, үйдөн муздак суу алып келе калайын!- деп боз үйдөн чыгып, үйүнө кирет. Эшиги коомай ачылып турган ички бөлмөнүн ичинен, сүйлөшкөн сөздөр сыртка даана угулуп турган. Бирде шакылдаган Муңайымдын үнү жаңырып чыкса, бирде энесинин жагымсыз үнү угулат. Экөөнү тең уккусу келбеген Сезим заарканып "суу алып батыраак чыгып кетейинчи..." деп, кумганына кире бериште турган челектеги суудан шашып куя баштайт. Ошол учурда Муңайым энеси экөө жөн отурушпай учурдан пайдаланышып, кирип чыкканга Айжаркын жөнүндө жалган имиштерди айтып түгөтө албай отурушкан. Бир убакта Муңайымдын шакылдаган үнү жаңырып угулуп:
--Иий бетим, ошентип кайненем жөн өлбөй, эл караган бетибизди жер каратып, баарыбызды шерменде кылып кетпедиби!- деп алаканын "шак" чапканы, Сезимди жаакка чаап жибергендей болот. Аңгыча кызын коштогон энесинин жагымсыз үнү чыгып:
--Куураган кемпирдин жоругу жолдо калсын. Ушунча жашка келип жөн жүрбөй, чалына кармалып калып балээ болбодубу! Сөйрөйгөн чалынан токмок жеп, намысына чыдабай акыры өлүп тынды... Кичине балдарын ойлоп, кысчу жерин кысса болмок да ботом! Карыганда калжаңдап абийири айрандай төгүлүп, балдарын жер каратып уят кылып кетпедиби!- деген жалган ушагы, Сезимдин жүрөгүнө октой тиет. Ызасына чыдабай туталанып, каны кайнап кетет. Колундагы чөмүчүн көтөргөн боюнча атырылып кирип барып: "Кантип, кантип оозу мурдуңар кыйшайбай, өлгөн адамды жамандап отурасыңар яа? Ушунча жаныңарды жеп калп айткандан, кантип өзүңөр уялбайсыңар? Сыртыңарды жылтыратып мелтиреп отурганыңар менен, ички дүйнөңөр ирип-чирип бүтүп калган! Силер адам эмессиңер, силер эки буттуу мыкаачы айбансыңар!"-деп чөмүчтөгү муздак суусун Муңайымдын бетине чачып жиберип: "Апамдын салган жоолугун чеч башыңан! Жоолук салынганга татыктуу эмессиң, жоолуктан айлан акмак! "- деп жоолугун башынан жулуп алып: "Энең экөөң апамдын балекетин алгыла! Экинчи апам жөнүндө ооз ачып көргүлө!- деп Муңайымды отурган жеринен чачынан сүйрөп түшүп, чапкылап басып жыгылат. Муңайым да кем калышпай Сезимдин чачынан жулуп, бети-башын тыткылап экөө жерде оонап жатып калышат. Сырттан чуркап кирип келген Зарыл "койгула дейм, токтоткула" деп эптеп, экөөнү эки жака сүрөп араң ажыратат. Муңайым дароо кубулуп:
--Бул оңбогон неме элди көзүнө илбей, өчү бардай эле биринчи өзү асылып тепкилеп жатып калды... Экөөбүздү эмне мынча жек көрөт Зарыл? Буга биз эмне жамандык кылдык? Карачы бети- башымды тытып, тепкилеп уруп салды...- деп Зарылды жалдырап карап, буркурап ыйлап жиберет.Төбө чачы тик турган Сезим:
--Ай-иий ай, сен такыр эле эки жүздүү кубулма митайым турбайсыңбы? Апамды...- деп айтып келатканда, Зарыл карылуу алаканы менен жаактан ары чаап жиберет. Сезим агасын тайманбай тикирейип карап:
--Бул жолкусунда Муңайым кууланып, суудан кургак чыгып кете албайт! Ооба, Муңайымга биринчи асылганым чын! Энеси экөө апамды жаманатты кылып, ушактап отурушуптур! Ишенбесеңиз, отургандар күбө!- деп чырылдап ыйлап жибергенде, Зарыл Муңайымды да жаакка чаап жиберет. Анда Мунайымдын энеси жулунуп тура калып: "Оой телтейген өлүгүңдү көрөйүн десе" -деп жетип келип, күйөө баласын төшкө ургулап, бети- башын тытмалап жиберет. Муңайым да апасына кошулуп, Зарылды чапкылап жулмалай баштайт. Кыздары чөкөтаандай туш-тараптан жабылганда, Зарыл кетенчиктеп чалынып жыгылып кетет. Сезим жетип келип Зарылды тургузайын дегенде өзүн кошо жыга чаап, кийиз тепкилегендей эле былчылдатып тепкилеп киришет. Үй ичиндеги уу-дуу ызы- чуу кыйкырык өкүрүктөр, сыртка чейин жаңырып угулат. Боз үйдө отурган кыздарга кошуна баласы чуркап келип:
--Эже, Зарыл байке менен Сезим эжени, Муңайым жеңелер тепкилеп атышат!- дегенинен: "Катыгүн, эмне болуп кетти?"- деп чуркап келишип үйгө киришет. Жерде жаткан Сезим менен Зарылды туш-тараптан тепкилеп жатышканын көрүшкөндө, "жарылайын" деп араң турган жандары алар да жабылышып, эки- экиден мушташып будуң-чаң болуп, үйдүн ичин астым-үстүм кылып чаңызгытышат. "Кой-ай" деген элге ээ- жаа бербей ээликкен эки жак тытышып мушташып атканда, сырттан Элесбек кирип келип:
--Токтоткула дейм, болду жетишет! -деп колундагы жоон союлу менен тап берип:
--Денеси сууй элек, жайга бериле элек апаңардын арбагын кичине сыйласаңар боло ыя акмактар? - деп чаңырып кыйкырат.
--Эл караган бетимди жер каратып эки- экиден тытышып, элге- журтка шерменде кылып бүттүңөр го акылы жоктор? Карыганда атым өчүп какпаш атка конуп, өлбөгөн төрт шыйрагым эле калды го аттиң...-деп өңгүрөп ыйлап, келини менен кудагыйынын көзүн таягы менен оюп чукуп алчудай болуп:
--Баары жоктун баарын кылган силерсиңер, окшошкон айбандар! Өлгөн адамды да жайына койбой сөөгүн мүлжүп, кемирип отурасыңар! Кашыктап каныбызды ичип, дале моокумуңар кана элекпи? Же баарыбыздын башыбызды бирден жутуп алайын деп, көксөөңөр суубай турабы? Дагы кимдин башын жутайын деп турасыңар, эмки кезек кимде?- деп, канталап кызарган көзү менен жек көрүп акырайып карап, сыртка чыгып кетет. Ошол учурда шыкалып салынган килтейген эки баштыгын көтөрүп чыгып бараткан Муңайымдын сиңдиси, Элесбекти көзгө илбей жөөлөп өтөт. Элесбектин ачуусу келип, колундагы таягы менен бутуна бир салып:
--Ой айланайын, деги буга чейин ачкадан өлүп калбай, кантип жан сактап жүрдүңөр экен ыя? Оозу мурдуңарга чейин тыгып, жуттанып ташынып эле атасыңар! Деле бир тойбой койдуңар го, тобоо? Качан какап, жарылып кетээр экенсиңер... - деп жакасын карманып, басып кетет. Кичине акыл-эсин жыйып өзүнө келген кыздары сыртка чыгып баратышып, жарданып карашкан элден уялып боз үйгө киришет. Эң улуу эжеси бетин басып шолоктоп ыйлап жиберип:
--Өмүрү жуусаң кетпес, унутулгус жаманатты болуп калдык... Мындан ары эл караган бетибиз жер карап, биротоло баш көтөргүс болдук... Сезимден башкабыз, турмуштабыз. Баарыбызда тең кайын журт деген бар. Жек-жаат, жоро- жолдош, кошуна-колоң чогуу иштешкендерге дүң болуп, уят болуп сөзгө калдык... Бизде да дос, душман деген бар да. Муңайым бул жолкусунда биротоло түбүбүзгө жетти! Бир жаманатты болгонубуз унутулбай, миң жолу кайталанып айтылып, жайылып кете берет. Керек десе, кийин бала-чакыбыздан бери жер карашы мүмкүн... Ийне менен жылдап казып чогулткан даража мартабабыз, бир заматта тыптыйпыл болуп изи да калбай калды. Абийрибиз айрандай төгүлүп, ашмалтай болуп калдык...-деп буркурап ыйлаган эжесин кучактап алып, башкалары да шолоктоп ыйлашат. Бир жерди теше тиктеп ойго чөмүлүп томсоруп отурган Элесбекти, Муңайымдын бөлөсү боору ооруп карап турган эле. Жанына басып келип:
--Ата, бул акмактар үчүн кечирим сурайм... Буларга тууган болсок да, баарыбыз булардай жаман эмеспиз. Булардан болушунча алыс болгонго аракет кылып жүрөбүз ата. Дүнүйөнү сүйгөн адамда, ар-намыс, уят- сыйыт, абийир деген жок болот тура. Алкымы чоң көңүлү ач адамдын пейили тар болот экен. Булар акыры пейилинен табат ата. Булардын кылыгы, мерездиктин ашынган туу чокусу. Баштан башты тебелеп убал-сооптон коркпой, өлбөстөй болуп жашап жүрүшөт. Ээх ата, жооп берчү учурдан бир элес алышса, балким оңолушмак. Бирок мындай жүрөгү саз баткакка чыланып дүнүйө чынжырына чырмалып калган немелер, өмүрү оңолбойт го... Акмак деген акмак экен да ата. Акмака акыл айтсаң укпайт, жакшылык кылсаң жукпайт экен. Ошону үчүн булардын жугуштуу илдети тукум кууп кайталанбаганга аракет кылып жатабыз... Бизди кечирип коюңуз атаке... - деп Элесбекти кучактайт. Элесбек жигитти улутунуп карап, токтоно албай жаш балача эреркеп ыйлап жиберет. Ошентип Элесбек кичине бугун чыгарып алып оор үшкүрүнүп:
--Балам, атың ким болот?- деп сураганына бөлөсү:
--Атым Калыс. Мен Муңайымдын апасынын, бир тууган сиңдисинин баласымын- деп жооп бергенде Элесбек:
--Атыңа затың жарашып, баарына калыс караган ыймандуу жигит көрүнөсүң, ушунуңан жазба балам. Зейненин баласы жөнүндө кабар барбы?- деп сурайт да жооп күтпөстөн, кудага барганда учураган жетим бала жөнүндө айтып берет. Анда Калыс мукактанып:
--Зейне жеңени мен да көрүп калдым. Анда мен кичирээк болчумун. Мээримдүү, боорукер, момун, ченебеген жакшы адам болчу!- деп Зейне жөнүндө айтып берип:
--Силер кудага келгенде, ал үйдө мен да бар болчумун. Зейне жеңенин баласын ошондо акыркы жолу көрдүм. Аты Кайып болчу. Ал шордуу бала ошону менен дайынсыз жоголуп кеткен... Кайыптын бир туугандары өскөн чөйрөсүнө жараша, кагылып-согулуп жүрүп таш боор, кайрымсыз, мерез болуп калышса керек. Ошол себептен Кайыптын дайынсыз жоголуп кеткенине коңгуроо кагып, издешкен эмес. Азыр биздин кылган аракетибизден улам, издөө салынып жатат... Бул шүмшүктөр күн көргөзбөй кордой берип, баланы тойгузушса керек. Азыр каякта жүргөнү, өлүү-тирүүсү белгисиз... Кайып байкуш Зейне жеңени тартса керек. Жароокер, сезимтал жакшы бала болчу....- деп мукактанып айтып берет. Элесбек кунт коюп угуп отуруп, ойго чөмүлүп унчукпай отуруп калат. Бир убакта оор үшкүрүнүп:
--Ал баланын дайынын билем... - дегенинен жигит жандана түшүп:
--Өөөөх, Кайып тирүү экен да! Дарегин билесизби ата? - деп кубанып Элесбекти карайт. Бирок Элесбектин мөлтүлдөп шорголоп аккан көз жашын көргөндөн кийин, унчукпай отуруп калат. Элесбек жигитке көргөн түшүн айтып берет. Анда Калыс үшкүрүнүп:
--Демек, түшүңүздө аян берген экен да... Бирок таң калганым, түшүңүздө көргөндөй чын эле айылдын четинде туюк жолдуу, тикенектүү капчыгай бар. Капчыгайдан чыга бергенде, тегерек-чети элдин буту баскыс таштак жер. Ошол жерде аскалуу бийик жалгыз тоо бар. Сиз ал жөнүндө каяктан билесиз, же мурда барып көрдүңүз беле? деп сураганына Элесбек оор үшкүрүнүп:
--Жок, ал жерге өмүрү барып көргөн эмесмин. Байкуш шордуу баланын сөөгү сөпөт болуп кеткен тура... Күнөөкөрлөрдү убалы уктатпастыр... Айтоор, ошол жерди бир караштырып көргүлө... - деп таягын таянып, боз үй жака басат.
Кайненесинин көзү өткөндөн кийин Муңайым төрүн ээлеп, билген талканын чалып калган. Канчалык көздөгөн максаты майнаптуу болгон сайын, ошончолук Зарылдан тезирээк кутулгусу келет. Бирок Зарыл менен ажырашып кете турган болсо, мураскерлер менен дүнүйөсүн теңме-тең бөлүшүүгө туура келмек. Муңайым эч ким менен бөлүшкүсү келбей, үй-жайынан тартып болгон мал- мүлк дүнүйөсүн өзүнө алып калгысы келет. Ошондуктан Зарыл менен ажырашпай, ыңгайлуу учур издеп жашап жүргөн эле.
Апасы кайтыш болгондон кийин, сокур сүйүүсүнөн ойгонуп көзү ачылгандай болот. Эже-карындашы жолуккан жерден, "апамдын түбүнө силер жеттиңер" деп айыптай бергени сестендирип, жүрөгүнө оор тиет. Өзгөчө Муңайым баш болуп, кайын журту тепкилегени көкөйүнө көк таштай тийип, көңүлү калып калган эле. Кийин Муңайым кууланып ичи-койнуна кирип жибиткени менен, ичинде кек сактап калган. Зарылды баарынан да кайненеси күйгүзөт. Оюна койсо Зарылды ооз ачырбай, башына чыгып башкарып алгысы келгенине кыжыры кайнап жүргөн эле. Апасы өтүп кеткенден кийин кайын журту үйүн чымындай каптап, ызылдашып биротоло үйүнөн чыкпай жатып алышкан. Көкөлөтүп чаң чугузбай жакшы көргөн Муңайымы да, өзүн эч качан жакшы көрбөгөнүн акырындык менен түшүнө баштайт. Таштай бекем Муңайымдан, тоңгон муздактыктан башка кымындай да жылуулукту сезе албаган Зарыл таң калып: "Сүйүүнүн көзү, чын эле сокур болот тура... Кантип, кантип ушунча жылдан бери Муңайымдын анык сезимин, чыныгы жүзүн көрө албадым экен... Муңайым карегимен айланып турчу эле го? Көрсө, көрсө бу жөн эле оюн турбайбы! Менчи? Мен келесоо Муңайымды сүйчүмүн! Азыр баары чекесинен ачыка чыга баштаганына карабай, дале сүйөм... Көңүлү жок немени кыйнап сүйдүрө албайм. Бирок эркек башымды тебелеткенге жол бербейм! Ансыз деле буга чейин жакшы эле билгениндей калчап, эбак эле тебелеп- тепсеп бүткөн тура... Мен келесоо чырайына арбалып, сүйүүгө мас болуп жүрө берип сокур, дүлөй болуп калган турбаймынбы... Эми кантсем экен? Ажырашып кетсемби? Бирок анда балдарыма жакын жолотпой кууратаары, турган иш да. Жок, жок, мен балдарымдан ажырай албайм! Балдарымсыз жашоо, мен үчүн жашоо эмес. Бирок, бирок булардан чарчадым..."- деп ачуусун ачуу менен басып, аз-аздан ичкиликтен ууртап койчу болот. Заардуу ачуу тилин жалаңдатып, Зарылды тебелеп-тепсеп кажып жей баштаганда, экөө жаңжалдашып урушкан учурлары көбөйө баштайт. Кылдан кыйкым издеп араң турган ач кайын журуту, чөптүн башы кыймылдаса эле жабылып, ажылдап наалат айтып тепкилеп кетчү болот. Ызасына чыдабай өрт болуп күйгөн Зарыл, андай учурда ичкиликтен өкүртө ишчү. Бутунан тура албай теңселип мас болуп келип, Муңайымдардын быт- чытын чыгарып чыркыратып кууп, үйүндө болгон нерсесин сындырып талкалачу болот. Мындай адат көнүмүш адатка айланып, акыры Зарыл ичкиликке берилип такыр эле көзү ачылбай ичип кетет.
Ичкиликтин азабынан ишинен айдалып, ишсиз калат. Жанынан чыкпаган сансыз жоро-жолдоштору Зарылдан кол үзүшүп, Зарылды көргөндө айланып качып калышат. Ошентип жүрүп, те качандыр бир кездеги чыкыйган ийгиликтүү Зарылдан из калбайт. Ар ким менен мушташып ылай-баткака оонап, өкүрүп-бакырып элди качырган зөөкүр айбанга айланат. Көзү ачылбай мас болуп теңселген Зарыл, "Элесбектин селсаяк аракеч уулу" атка конот.
Күйүткө алдырып өз алапайын таппай араң жүргөн Элесбек, уулунун көз көрүнө сынып, соолуп баратканына айласы кетип жүргөн эле. Зарыл мас болуп келатканда, Муңайым балдарын жетелеп төркүнүнө кетип калчу. Жумалап көзү ачылбай ичкен Зарыл, үйүндөгү кичинекей Мөлмөлүм менен атасынан ачуусун чыгарчу болуп алган. Мөлмөлүмдү Муңайым тукуруп сабатканы аз келгенсип, мас абалында да далай жолу чыркыратып урат. Небересине болушкан атасына, мастыгы менен бир нече жолу кол көтөрөт. Айласы кеткен Элесбек кыздарын жалдырап чакыртып, баары биргелешип Зарылды эсине келтиргенге далай жолу аракет кылышат. Зарыл таасирленип ичкилигин токтотуп, "адам болуп оңолуп жаңыча жашоо баштайм" деп келатканда, Муңайым кайдан-жайдан "жылт" этип пайда боло калчу. Эч нерсе болбогондой балдарын бетке кармап жетип келип, Зарылды артка тартып кайрадан жолунан адаштырчу.
Ошентип Элесбек уулу менен алышып санааркап жүрүп, дарты күч алып төшөктөн турбай жатып калган эле. Жанында караан болуп бөжөңдөп корголоп жүргөн Мөлмөлүмдөн башка, Элесбек менен эч кимдин иши жок эле. Муңайым дале тойбой улам бир оокатын жулуп кеткени эле келбесе, Зарылдын көзү ачылбай күндө ичет. Муңайымдын залакасы тийип, кыздарынын жеке турмушуна да чоң сокку урган эле. Жабышып кууп алган ушак-айыңдан баш көтөрө албай араң жүргөн кыздары, жеке турмушунда да ич ара келишпестик-түшүнбөстүктөрдүн азабын тартып жүрүшкөн болот. Эже- сиңдилердин ыркы келишпей ынтымагы ыдырап, катташпай калышкан. Инисин көрөйүн деген көзү жок кыздары үйүнө жакын жолошпой, атасы менен деле иши жок болуп калган. Муңайым жайылткан мерездиктин тамыры бүтүндөй баарын каптап, ар кимисинин жүрөгүндө дүркүрөп тамыр байлай баштаган. Акыркы күндөрү Элесбектин тамагынан бир кесим нан өтпөй, тамак-аш иче албай күндөн- күнүгө ахыбалы начарлап бараткан эле.
Бир күнү Зарылбек адатынча мас болуп келип, чырылдатып Мөлмөлүмдү тепкилеп ура баштайт. Короодон небересинин чыркырап ыйлаган үнүн уккан Элесбектин жүрөгү сыздап: "Чычкандай болгон кичинекей кызды урбачы... Кызыл эт балапанымдын жүрөгүн жаралабачы оой Зарыл! Жетим байкушту кордобочууууу...- деп буркурап ыйлап, теңселип короого араң чыгат. Ары-бери топтой томолотуп тепкилеп аткан небересин басып жыгылып, жансоогалап жолотпой арачалап ыйлайт. "Уууу как баш! Жолтоо болбой турчу нары! Ач арбактай болуп, көзүмө көрүнбөй жоголуп кетчи!"- деп сөөгү оркойгон чүкөдөй апарык атасын Зарыл желкесинен кармап, башка-көзгө койгулап алып ыргытат. Кыйкырганга алы келбеген Элесбек көмкөрөсүнөн жерге жатып калса туш келди тепкилеп, сөгүнүп дарбазаны "тарс" жаап чыгып кетет. Эс-учу жок жерде жаткан небересине сыздап сойлоп келип: "Алдыңа кетейин Мөлмөлүм, көзүңдү ашчы берекем... Кагылып кетейин көлөкөм, түбүңө түшкүр жетимчиликтин көр азабы ушундай болот тура, берекем... Менин көзүм өтсө, эми көргөн күнүң эмне болот?- деп Элесбек небересин кучактап алып, боздоп ыйлайт. Ошол учурда бети- башы жарылып, көзү көгөрүп канжалаган Мөлмөлүм кыңкыстап көзүн ачып: "Атааааа, атакеее"-деп бакырып ыйлап жиберет. Кайра мурдун "шор" тартып:
--Атоу, ата сыз жерде эмне жатасыз? Жүрүңүз үйгө кирели...- деп атасын кичинекей арык ийинине суйөп, Элесбекти эптеп үйүнө киргизет. Бирок Элесбек бөлмөсүнө чейин барганга алы келбей:
--Кызым, ушу жерде эле отура турайынчы...- деп чай ичкен бөлмөнүн дубалына жөлөнүп отурат. Атасын кучактап алып ыйлап отурган небересинин чачынан сылап, жытынан жыттап өпкүлөп алып, оор үшкүрүнүп алат. Таланып-толонуп күңүрт тартып жалаңдаган дубалын ыйламсырап карайт. Үй ичи үч көтөрүлүп талкаланып, ар кайсы жерде чакчалекей түшүп сынып чачылып жаткан буюмдарын көргүсү келбей, көзүн жумуп алат. Качандыр бир кезде ырыскы берекеге толо болгон, куттуу жылуу үйүн элестет. Бала-чагынан бери киши үзүлбөй күлкү шаңга бөлөнүп турган үй ичинде, Элесбеке мээримин төгүп эркелетип отурушкан ата-энесин эстеп, жаш балача эререкеп ыйлап жиберет. Уялчаак, илбериңки назик ак жоолукчан Айжаркындын күлүмсүрөп турган элесин элестетип: "Айжаркын... Бир жагынан азыркы жашоону көрбөй калганың, жакшы болуптур... Болбосо байкушум сен да уулубуздун кордугун көрүп, азап тартмак экенсиң асылым..."- деп кобурайт. Айжаркын экөө уулду болушаарына кубанып, уулунун төрөлүшүн чыдамсыздык менен күтүп жүргөн учурдагы, Айжаркындын кош бойлуу кезин элестет. Уулун биринчи жолу колуна алганда кубанганын, там-туң басып тили чыгып калганда Айжаркын экөө жетине албай уулун төбөсүнө көкөлөтүп көтөрүп, каткырып күлүп сүйүнгөн эң бактылуу күндөрүн эстеп, "ээх, аттиң" деп улутунуп алат. Капысынан, Муңайым менен кудагыйынын каардуу, ажылдаган элеси көз алдына тартыла түшүп, Элесбектин мууну калчылдап ачууланып:: "Жок, жок силер жоксуңар! Биздин бактылуу, ынтымактуу үй- бүлөбүздө силерге орун жок! Кеткиле! Көзүмө көрүнбөй жоголгула дейм! Уууй желмогуздай болгон кара чаар жыландар!" - деп колунун учу менен жанталашып алардын элесин чийгилеп өчүрүп, мизин да калтырбай жууп тазалап салат. Кенен жайылган дасторкон бетин тегеректеп отурушкан ынтымактуу, бактылуу үй-бүлөсүн элестетет. Дөөлөттүү карылыгы жүзүнөн төгүлгөн Элесбек менен Айжаркын, балпайып төрдө отурушат. Улам бир небересин моокуму кана жыттап, өпкүлөп эркелетип, чечекейи чеч, телегейи тегиз. Жанында отурушкан күйө балдары сый-урматын арттырып, Элесбек жетине албай ыраазы. Ынтымактуу кыздары да бири бири-менен божурашып сүйлөшүп, каткырып күлүшүп ата-энесине эркелеп карап коюшат. Чоң үй-бүлөгө ийилип чай сунуп жүргөн ак жоолукчан жаш келиндин элеси пайда болот. "Бул ким болуп кетти экен?"деп Элесбек кабагын чытып, тереңирээк берилип элестетип: "Ооба, ооба бул менин Айдай деген келиним да! Бул менин Зарылымдын келинчеги Айдайым да! Карачы ыймандуулугун? Баарыбызды алпештеп, сыйлап урматтап турган ыймандуу келин балам да! Уулумчу? Алибетте уулум Айдай менен бактылуу! Карачы экөө бири-бирин сыйлап, кандай ынтымактуу! Ой, уул-келинимдин башынан бакыт кушу канатын кенен жайып, тимеле имерилип кайкып учат го? Бакыт кушу өзү да бактылуудай го яа?"- деп өзүнчө каткырып күлүп жиберип: "Алибетте бактылуу! Очогубуздун жылуу отун өчүрбөй, үй- бүлөнүн пайдубалын бекемдей турган Айдайым да! Уулумдун жашоосунун туткасы, таянар тиреги, балбылдап күйүп турган очогунун сакчысы, бактылуу үй- бүлөмдүн куту да секетим!-деп ыйлап жиберип: "Зарлап жүрүп тапкан Зарылым... Тандооңдон жаңылып жолуңан адашып, бак айтпай таалайсыз болуп калганыңды карачы... Мага тилиң да колуң да тийгенине канчалык жүрөгүм тилинип канап сыздабасын, баары бир аталык жүрөгүм сага таарынбайт көлөкөм! Анткени, сени да түшүнөм. Тагдырдын оош- кыйыштуу жагдайына туруштук бере албай, ноюбас калбааттуу бекем боло албадың. Кайраты жок алсыздыкка моюн сунуп, чөгүп сындың балам... Кагылып- согулуп, өзүңдү жоготуп койдуң... Бирок сен менин жакшы көргөн уулумсуң балам, мен сени кечирдим! - деп алсыз оозун кыбыратып, жашка толгон көзүн ачат. Ошол учурда Айжаркындын күлүмсүрөп карап турган элеси көз алдына тартылып: "Айжаркыным, асылым, ардагым, сени сагындым... Өөөөх..." -деген боюнча, узап кетет... Дене башы сыздатып оорутканына чыдабай, ыйлап отурган Мөлмөлүмдүн көзү илинип кеткен эле. Бир убакта Мөлмөлүмдүн башынан бирөө мээримин төгүп сылап өткөндөй болуп, чочуп тура калат. Түн бир оокум болуп калган экен. Дубалга жөлөнүп отурган Элесбекти "атакелеп" ойготот. Атасы турбаганынан, эң кымбат сүйүктүү жалгыз таятасынан айрылганын кичинекей жүрөгү сезип, кучактап алып "атакелеп" боздоп ыйлап таң атырат.
Ошентип кыздары ыйлап-сыктап, Элесбекти акыркы сапарга узатып жерге беришет. Ошону менен ортосунда үзүлөйүн деп араң турган бир туугандык чынжыр "чорт" үзүлөт. Муңайым болсо максатына акыркы кадамын таштайт. Бир күнү Муңайым баштыгына спирт ичимдиктин түрүн салып алып, Зарылга келет. "Алтыным, асылым" деп ичи- койнуна кирип, ичкиликтен улам куюп берип атайын мас кылат. Мээси айланып деңгиреген Зарылды алдап-соолап, ала келген кагаздарына кол койдуруп алат. Жанталашып ары- бери чуркап жүрүп кыймылсыз мүлк, мал жандык болгон дүнүйөсүн өзүнүн наамына каттатып алып, мүдөөсүнө толук жетет. Муңайым билгениндей сатчусун сатып, акыры Зарылды жакын жолотпой кууп чыгат. Ошентип Зарыл болгон дүнүйөсүнөн кол жууп, куржалак көчөдө тентип калган эле.
Арадан билинбей бир топ убакыт өтүп, Зарылдын уул- кыздары чоңоюп калышкан. Муңайым балдарын Зарылга жакын жологус кылып чоңойтот. Өзгөчө кайын журтун жамандап: "Атаңардын аракеч болуп тентип кеткенине, ажыдаардай болгон энеси менен эжелери кунөөлүү! Бизди жөн жашатпай жеке жашообузга кирише беришип, канымды кашыктап ичип, күн көргөзүшчү эмес. Мени Зарылга жамандап тукуруп, сабатып аябай кордошкон. Акыры бизди ажыраштырып, атаңарды тентитип аракеч кылып жандары тынды. Аракеч атаңарга башында эле, силердин керегиңер жок болчу. Мени көгала койдой союп күнүгө тепкилегени аз келгенсип, силерди да чырылдатып урчу. Айлам кетип өлүп алайын деп силерди ойлоп, силер үчүн кармандым! Кыйналганыма карабай кара жанымды карч уруп, силерди боорума кысып, өзүм жалгыз багып чоңойтуп келатам да! Атаңар болсо силер жөнүндө кымындай да ойлонуп койгон эмес. Барсыңарбы жоксуңарбы, ал үчүн баары бир болчу! Мен болсо силерди багам деп жүрүп, оорукчан болуп калдым. Дагы менин кыйындыгыман, жашообуз тың! Болбосо атанардай селсаяк болуп тентип кетет белек..."- деп, жамандап жалган айта берип, балдары атасын жек көрүп чоңоюшат. Зарыл тилемчи болуп, көчөдө тентип калган. Балдарын сагынып, балдары үчүн өзүн колго алганга аракет кылган учурлары деле болот. Бирок ичкиликтин түбүнө түшкөн адам, түбүнүнөн кайра суурулуп чыгышы оңой болбосун жакшы түшүнөт. Анын үстүнө балдары өзүн жек көрүп, качып турушчу. Чоңойгон сайын сөгүп-сагып, тап берип урганга чейин барышчу. Балдары Муңайымдай мерез, кайдыгер болуп чоңоюп келатканына жаңы кейип, өзүн күнөөлөп кайра эле ачуусун ичкилик менен басчу.
Көчөдө каңгып жүрүп тоңуп калган Зарыл чыдабай: "Ичикиий суук кантет яа? Мен байкуш мындай сууктун канчасын башыман кечирдим... Бирок быйылкы кыштын ызгаар суугу жандан өтүп, тоңуп өлүп калчудайсың го..."- деп темселеп,
эжелериникине барат. "Үйүңөргө коё бергилечи, тоңуп калдым! Кичине эле жылынып алып кайра кетем! ..." деп жалдырап суранып, кимисиникине барып дарбазасын каккылабасын, бири да эшигин ачпай коёт. Ошондо Зарыл ичинен сызып: "Душманымды тууган тутуп, бир тууганымды кордодум эле... Эми минтип өзүм кор болуп, бир туугандан кол жуудум. Чала болот мага, чала!- деп тентиреп басып жүрүп, суукка чыдабай бараткан жаны: "Үйгө бир тийип көрөйүнчү. Жок дегенде балдарымдын боору ооруп, сарайына бир түнгө жаткырса да кууп чыгышпастыр? Бүгүнкү ызгаар түндөн эптеп аман-эсен чыксам болду, ушуну менен баарын токтотуп, оңолом! Бул жолкусунда эми сөзсүз бекем болуп, жашоомду жаңыча баштайм!- деп кетип баратып, өзүнө окшошкон селсаякка жолугуп калат.
--Оууу Зарыл, такыр эле тоңуп калыптырсың го? Кел кичине жүз граммдан ичип, жылып ал!- дейт бурчта бүрүшүп отурган тилемчи.
--Жок, мындан ары ичимдикке жакын жолобойм! Болду, жашоомду жаңыча баштайм, оңолом! Сен да ташта, ойлон, оңол!- деп биринчи жолу чын дилинен ичимдиктен баш тартат. Анда алиги селсаяк:
--И-хи-хи-хи, оңолот имиш... Биздей ийри, кыйшык адамдарды бир гана көр оңдобосо, түк оңоло албай калдык го? Чилде, чилде катуу түштү. Оңолот элем деп, суукта тоңуп өлүп калба, и-хи-хи-хи- деп корулдаган үнү менен каткырып күлүп кала берет. Зарыл калтырап-титреп, жөө- жалаңдап үйүнө араң жетет. Келсе дарбазасы ачык турган экен. Үйүнө сүйүнүп кирип барганда Муңайым Зарылдан чочуп кетип, балдарынан жардам сурап чаңырып жиберет. Атып чыккан балдарына: "Бул мени атайын өлтүрөйүн" деп келиптир... Колунда миздүү бычагы бар экен, дагы жетишип калып колунан алып ыргытып жибердим..."- деп жалган сүйлөйт. "Ой Муңайым, жаныңды жеп..."- деп келатканда бойго жетип чоңоюп калган улуураак эки баласы, Зарылды желкеден алып сыртка сүйрөп чыгышат. "Экинчи апама кол көтөрүп кордой албайсың, биз жол бербейбиз! Сени жек көрөбүз, сендей атанын барынан жогу жакшы! Биздин сендей атабыз жок, сен биз үчүн өлүп калгансың! Экинчи бул жака жолочу болбогун!"- деп ачууланып, башка- көзгө койгулап тепкилеп салышат. "Балдарым, апаңарга жамандык кылмак деле эмесмин... Үшүп тоңуп калганыман, кичине жылынып алайын деген элем..."- деген Зарылды укпай, короонун сыртына сүйрөп чыгышып, мүшөк ыргыткандай эле көчөгө ыргытып жиберишет. Калың кардын үстүнө "күп" деп жатып калган Зарыл эптеп бутуна туруп, үй жагын ыйламсырап карайт. Балдары сүйрөп чыкканда бир өтүгү чечилип короосунда калып калган экен, "ээ мейличи..." деп колун шилтеп жылаңайлак буту менен карды кычыратып басып, башы оогон жака басып кете берет. "Балдарымдан токмок жегенден кийин, ишим бүттү да..."- деген Зарыл ичинен сызып баратып, качандыр бир кезде өзү да атасын урганын эстейт. "Атаа... Ошондо кандай ахыбалда болгонуңузду, эми жакшы түшүндүм... Мени кечириңиз атаке"- деп ыйлап жиберет. Зарыл ары- бери сандалып темселеп басып жүрүп, такыр эле буту тартпай тоңуп калат. Калчылдап басып келатып, бак дарактын түбүндө турган отургучка, бүрүшүп жөлөнүп отурат. Тиши- тишине тийбей титиреп, ата-энесин эстейт... Мукактанып, көзүнүн жашын көлдөтүп: "Ардагым атакем... Асылым апам, силерди абдан сагындым. Ээх чиркин, баарын артка кайтара алган болсок кана аттиң! Силердин эмгек мээнет ишенич, умутуңөрдү актай албадым... Сый- урматымды арттырып, барктай алган жокмун. Тескерисинче азабымды тарттырып, шорго малып баарыңардын тубуңөргө жетип тындым... Апаке! Алтыным апакем... Сиздин безеленип "бир кадам артка ташта" дегениңизди эмне үчүн укпадым экен? Акылынызды угуп көзүмдү умачтай ачсам, балким тагдырымдын таш талканы чыгып талканбайт беле? Балким Айдайга кадам таштасам, жашоом бөлөкчө болор беле, апа? Эмне үчүн жаңылышып, эки баштуу ажыдаарга кадам таштап, баарыңардын жашооңорду тобокелге салдым экен, апа? Баарына бир гана жалгыз өзүм күнөөлүмүн, билем... Бир килтейген ынтымактуу жакшы бүлөнү тыптыйпыл кылып жок кылып жиберген Муңайымга таң калам? Чымындай алы менен баарыбыздын түбүбүзгө жетип, бизди сындырып койду... Көрсө башынан эле көздөгөн максаты дүнүйө болгон тура. Мен кеңкелес жок сүйүүгө мас болуп, көкүрөгүм өргө айдап өпкөм көөп, куру кыялга жетелениптирмин... Курч канжарын жалаңдатып, көргө сүйрөгөн душманым Муңайым экенин аңдабаптырмын! Улам денеме оролуп чаккан сайын өксүдүм, жан дүйнөм бөксөрүп, аксадым... Акыры мүдүрүлүп, казган оруна түштүм... Алсыз, кайратсыз болгон экемин...
Бизди ак жерибизден каралап, тебелеп- тепсеп күйгүзгөн боюнча, жыргап- куунап жашап кетпестирсиң Муңайым? Сенин да кезегиң айланып келип, кыянаттыгың кыянаттык менен кайтып келээр... Азыр бизди талап-тоноп жулуп алган дүнүйөңө туйтунсаң, зордуктун түбү кор менен бүтөөрүн унутпа Муңайым! Сени биздин убалыбыз уктатпастыр! Сенин да сыздап калаар күнүң келээр, шашпа! - деп кекенип, муштумун түйүп өксүп ыйлап Мөлмөлүмдү эстейт. Ата-энемдин жакшы көргөн күчүк боору эмес белең... Мага аманат болуп калганыңды түшүнбөй, баягы эле Муңайымдын тукуругунан, сени далай жолу чырылдатып уруп сыздаттым го байкушум... Мөлмөлүм, алтыным, мени кечирчи... Каап, балдар үйүнө барып сага жолугуп, өзүңөн кечирим сурасам, жаным тынчып калбайт беле... Жок дегенде сенин багың ачылып, бактылуу болчу алтыным... Баарын кеч түшүнүп, атамдын артынан калаар татыктуу туягы боло албадым... Балдарым, балдарыма ыйман берсин! Бир эле тилегим, энесин тартпай, менин жолумду жолдошпосун... Аттиң ай аттиң, арман дүйнө... Бир эле кадам, бир эле жаңылышкан кадам көп нерсени чечкен экен! Кечиргилечи мени... - деп ботодой-боздоп, өнгүрөп ыйлайт. Тоңуп калганынан каны коюуланып, бир убакта магдырап уйкусу келе баштайт. "Кечиргилечи мени алтындарым, кечирип койгулачы..."- деп оозун кыбыратып буркурап ыйлап отуруп, жүрөк тушун мыкчып кармаган боюнча, көзү жумулуп уктап калат.
Таң сүңүлүп жер бетине жарык түшкөндө, көчө жанданып ары-бери баскан элдин саны көбөйөт. Калың жааган кар бак- даракты карга ороп тонун кийгизип койгонсуп, тегерек- четтин баары жалтылдаган карга оронгон. Ошондой ак тончон бактын түбүндөгү отургучта бүк түшүп отурган, адам сымалданган мыкты жазалганы элдер кызыгып карап өтүп атышты. "Тоңуп калган адамдын сөлөкөтүбү, же колунан көөрү төгүлгөн таланттуу адамдын жазалгасыбы?- деп бир адам токтоп калып кызыгып карап, жанындагысына суроо узатат." Карасаң, эстеликтен көзүңдү айрый алчудай эмессиң! Ушунчалык адамдын жан дүйнөсүн эңшере турган маанилүү бир нерсени айтып тургандай, оозу кыбырагансыйт. Көзү жумулуп турса да, көлдөгөн жашы шорголоп агып кетпей муз болуп тоңуп калгансып, келиштирип жазалыптыр! Жүрөк тушун мыкчып кармап турган карылуу чоң колун карасаң?" Бул эмнеден маани берет болду экен? Балким сүйүүсүнөн жапа чегип, азап тарткан адамбы? Бир чокойсуз бутун да келиштирген. Карасаң, карасаң, тим эле жылаңайлак буту чок баскансып, өйдөрөөк көтөрүлүп турат. Бул жолунан адашып жаза баскан адамбы? Чокойу акыркы кадам таштаган жеринде калып, жашоосунан аксаганын чагылдырганбы? Балким жаңылышаттырмын? Жазалганы автору кандай ойду чагылдыргысы келген болбосун, бир жазалгасы менен килтейген адамдын тагдырынан кабар берип, басып өткөн татаал жолун так, даана көрсөтө алган! Мындай жүрөктөн чыккан жазалганы ар бир сүрөтчү жүрөккө жеткире, жеткиликтүү чагылдыра албастыр! -деген ойчул жолоочу, шакылдатып "чырк" эттирип сүрөткө тартып аткан жанындагы жолоочудан сурайт. Анда экинчиси ийнин куушуруп:
--Ким билет... - деп ойго чөмүлүп, ар кимиси өз тагдырына кадам таштап басып кетип баратышты. Күн жылып кар эрий баштаганда, көчөдө тоңуп өлүп калган адам жөнүндө кабарланат. Акыркы жаңылык, болуп көрбөгөндөй тездик менен элге тарайт.
Чыгарманын автору:
Нуржамал Бектенова
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев