《Совет-Сай Биримдиги》.
Команда мүчөлөрүнүн маанилүү кызмат орундуктары:
1. Команданын башкы лидери:
Кошбаев Байаман Борубаевич.
2. Команда башчысынын орун басары:
Арзыматов Жолболду Усонбаевич.
3. Команданын акыйкатчысы:
Касымбеков Нургазы Турсуналиевич.
4. Команданын катчысы:
Хакимов Акбар.
5. Команданын ички жана тышкы иш чараларынын жетекчиси:
Кубанычбек уулу Самарбек.
6. Спорт тармагынын жетекчиси:
Мойдунов Нурмухаммед Шакиржанович.
7. Финансы жана каржы бөлүмүнүн жетекчиси:
Карабаев Калмырза.
Команданын Платформасы:
1.1. Алтындан кымбат болгон убакытыбызды туура пайдаланып,
Совет-Сай айылыбызга түздөн-түз азда болсо салым кошуу.
2.2. Жергиликтуу эл менен тыгыз иштешип "Көйгөйлөр
Кутусун" уюштуруу.
3.3. Совет-Сай айылындагы мекенчил жаштардан Жаш лидер клубун түзүү.
4.4. Улуттук идеялогияны көтөрүү максатында Кыргыздын улуттук оюндарын жылына эки жолу өткөрүп туруу.
5.5. 《ССБ》 командасына кирген жаштарга физикалык, моралдык, жана руханий жактан жардам берүү.
6.6. "Бүгүнкү биздин аракет, Эртенки жаркын келечек". - деген девиз менен жаштарды айланабыздагы интеллект адамдардын катарына кошуу.
《ССБ》 командасынын алтын эрежелери:
1.1. Активдүүлүк.
1.2. Кенпейилдик.
1.3. Ыкчамдуулук.
2.1. Команданын өнөктөштүгүнө жекече иш алып баруу.
2.2. Команда мүчөсүнүн жеке ой пикири болсо, команда башчысына айтып кайрылуу.
2.3. Коомдук жерлерде команданын атынан сүйлөбөө.
3.1. Командага жекече салым кошуу.
3.2. Коомдук иш чаралар боюнча теориялык жана практикалык пикир алмаштыруу.
3.3. Команда башчысы лидерге итаат кылуу.
Урматтуу *《ССБ》* командасынын мучөлөрү биз изденүү, ишеним жолундабыз.
Биз келечектеги интеллект адамдарданбыз.
Биз азырынча 《ССБ》 командасынын, кийинчерээк айыл-аймактын, келечекте бүтүн Кыргызстандын пайдубалыбыз.
Оку, жараткан эгендин аты менен.
Ал, абдан айкол ызаттуу.
Ал, инсанга калем таанууну үйрөткөн.
Ал, инсанга окууну да, жазууну да үйрөткөн.
Ал, инсанга билбеген нерселерин билүүнү үйрөткөн.
《ССБ》 командасына кирген мүчөлөрдүн ээсине:
Бир мык таканы кармайт, ал эми така атты кармайт, ат үстүндөгү жоокерди кармайт, ошол жоокер өзүн, үй-бүлөөсүн, Ата-Мекенин кайтарат.
Мына биз ат үстүндөгү жоокерлербиз.
Тайманбай, биргеликте келечек үчүн алга!!!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев