Ырыскы эки түрдүү болот
1. Убактылуу.
2. Түбөлүктүү.
Убактылуу ырыскы: Сиздин мүлкүңүздө болуп туруп, бирок Алла Таала Өзү каалаган кезде алып койгон ырыскы. Демек бул түбөлүктүү эмес, убактылуу гана ырыскы... Мисалы: Айдап жүргөн унааңыз, иштеген жумушуңуз, аялыңыз, же жашап жаткан үйүңүз, ушулардын бардыгы сиздин ырыскыңыз, бирок булардын бири да түбөлүктүү эмес..
Ал эми көзгө көрүнбөгөн, бирок кыямат күнүнө чейин сакталып кала турган амалдарыңыз - түбөлүктүү ырыскы деп аталат. Мисалы: Куран окуп же тасбих айтып Алланы зикр кылууңуз, сиз менен акыретке чогу бара турган, үзгүлтүккө учурабай турган ырыскы.
Адамдар мемиреп терең уйкуга чөгүп уктап жаткан кезде, кыштын кычыраган суугуна карабай түн ичинде туруп окуган эки рекет намазыңыз түбөлүктүү ырыскы. Ал ырыскыдан көптөгөн адамдар куру-жалак калууда.
Ажылык же Умра амалын аткарууңуз ырыскы.
Шашке намазын окууңуз ырыскы.
Бир туугандарыңыз сейилдеп келүү үчүн экскурсияга чыгып кетишкенде, ата-апаңыздын жанында калып кызматын кылып, дубасын алганыңыз эң чоң ырыскы.
Курандан жаттаган ар бир сүрөңүз, ар бир аятыңыз ырыскы.
Намазыңызга бекем болбой жүрүп, убакыттын өтүүсү менен такыбалык кылып намазды такыр калтырбай окуп баштаганыңыздын өзү чоң ырыскы. Калган иштериңизди да ушуга салыштырып көрүңүз, кайсынысы акыретке чейин сакталуучу ырыскы, кайсынысы убактылуу гана ырыскы...
Аягында айтаарым, убактылуу ырыскы үчүн кайгыга чөкпөңүз, убактылуусун тандап, түбөлүктүүсүн таштап койбоңуз.
Автор:
Абдишүкүр Нарматов
Даярдаган:Жаннат
______________________________________
______________________________________
🌟 Ислам Нуруна катталыңыздар 🌟
⭐ 4040 смс кызматы⭐
4040 кыска номерине:
FOLLOW islamnyrykg деп бир жолу смс жөнөтүңүз.
Катталуу акысы 1 сом
Эскертүү: Кызмат билайн жана мегаком операторлору үчүн гана жеткиликтүү.
______________________________
- Ok.ru/islamnurukg - www.facebook.com/islamnurukg - Vk.com/islamnurukg - Instagram.com/islamnurukg - Twitter.com/islamnyrykg
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев