*Аялдар кайсыл жерде даарат алышат?*
Эркектер ар бир таза жайда даарат ала беришет. Ал эми
аялдар чоочундар көзү түшпөй турган жайда даарат алышат
жана муну менен Исламдын жамынуу жөнүндөгү буйругун
аткарган болушат.
*Аял мисвак колдонобу?*
Мисвак колдонуу бекемделген сүннөт. Эгерде мисвак
колдонуунун мүмкүнчүлүгү болбосо, тиш шёткасы же колдун
манжалары менен тиштер тазаланат.
Аллахтын элчиси (САВ) айткан: “Эгерде үммөтүмө оор
болбогондо, аларга ар намаздын алдында мисвак иштетүүнү
буйраар элем” (Абу Давуд: 1/12); “Мисвак өлүмдөн башка ар бир
дартка даба” (“Кашфуль-Хафа”:1/457).
Кээ бир шарият китептеринде “Аялдар мисвакты такай
колдонсо, тиштери алсыздайт Ошондуктан аларга мисвак
колдонуу сүннөт эмес, мустахаб болот, сагыз анын ордуна
өтөт” деген сөздөр учурайт. (“Маракуль-Фалах”: 20).
Бирок ыйык хадистерде мисвак эркектер үчүн гана сүннөт
деген нерсе жок. Тескерисинче, Азирети Аиша (Аллаh андан
ыраазы болсун) энебиз мындай деген: “Расулуллох (САВ)
мисвак колдончу, анан аны жууш үчүн мага берчү. Мен оболу
аны тутуп (колдонуп), анан жууп, өзүнө кайра берчүүмүн” (Абу
Давуд: 1/13).
Имам Тахтавий болсо аялдардын сагыз чайноого
буйрулбагандыгын, мында эч кандай сооптун жоктугун айткан.
(Tахтави: 38). Негизи, мисвак үчүн буйрук бар. Сообу жана көп
тараптуу пайдасы бар экендигин Пайгамбарыбыз (САВ)
билдирген. Шыпаакерлер тиштин жемирилишинин, үстүндө
сары каттам пайда болушунун, мүлк жана ооздогу жаралар
жана сезгенүүлөрдүн алдын алуу, тамырлар, көздөр, дем алуу
жана тамак сиңирүү жолдорундагы түрдүү дарттарды жөнгө
салуу үчүн мисвак колдонууну кеңеш кылышат. Ал тургай эске
тутуу жана зээн алсыздыгы сыяктуу кемчиликтерди жана
жаман мүнөздү түзөтүүдө, оңдоодо да мисвак чоң курал.
Мынчалык сооптон, бүтүндөй, рухий жана ден-соолук
пайдаларынан куру калуу туура эмес.
Булагы: "Аялдарга тиешелуу эн зарыл шарият маселелери" китебинен
Даярдаган: Ахунов Акжол
______________________________________
______________________________________
🌟 Ислам Нуруна катталыңыздар 🌟
⭐ 4040 смс кызматы⭐
4040 кыска номерине:
FOLLOW islamnyrykg деп бир жолу смс жөнөтүңүз.
Катталуу акысы 1 сом
Эскертүү: Кызмат билайн жана мегаком операторлору үчүн гана жеткиликтүү.
______________________________
- Ok.ru/islamnurukg - www.facebook.com/islamnurukg - Vk.com/islamnurukg - Instagram.com/islamnurukg - Twitter.com/islamnyrykg
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев