*Текеберденуу мактануу менменсинуу озуно озу тан калуу*
Аллах Таала айтты: Муса: "Мен Кыямат кунундо болуучу эсепке ишенбеген текеберлерге каршы силердин жана менин Эгемден сактоосун сурандым"-деди.(Гафир-27)
Пайгамбар саллаллаху алейхи васаллам айтты: "Кимдин журогундо кыпындай текебердик болсо, ал бейишке кирбейт",(Муслим)
Аллах Таала айтты : "Аныгында, аларга келген Аллахтын аяттары тууралуу укуксуз эле талашып- тартышкандардын журогундо текеберлик гана ,Алар максаттарына жете алышпайт.Аллах менен сактан".(Гафир-56)
Пайгамбар саллаллаху алейхи васалам айтты:
"Бир киши кийген кийимдери менен текеберденип басып баратканда Аллах аны жерге жуттуруп жиберди,ал кыяматка чейин жутулуп барат".
Пайгамбар саллаллаху алейхи васаллам башка бир хадисте айтты: "Заалым ,текебер адамдар кыямат куну майда кумурска сыяктуу тирилишет да ,аларды адамдар тебелеп журушот ". Кээ бир аалымдар Аллахка карата болгон эн биринчи куноо текебердик болгон деп айттышат.
Аллах Таала айтты:
Биз периштелерге Адамга сажда кылгыла!- дедик. Алар -Иблистен башкасы Адамга сажда кылышты ,Иблис баш тартып менменсинди жана каапырлардан болуп калды"(Бакара-34)
Кимде - ким Иблис сыяктуу акыйкатка баш ийбей текеберденсе , анын ыйманы эч качан пайда бербейт.
Пайгамбар саллаллаху алейхи васаллам айтты: "Текебердик -акыйкатты кабыл албоо жана адамдарды тоготпоо". Аллах Таала айтты : Чындыгында Аллах баардык мактанчаактар менен кекирейгендерди суйбойт".(Лукман-18)
Пайгамбар саллаллаху алейхи васалламдан риваят:Аллах таала айтты. "Улуулук жана текебердик мага таандык, ким аны менден талашса ,аны мен тозокко таштайм".(Муслим)
Пайгамбар саллаллаху алейхи васаллам башка бир хадисте айтты : "Бейиш менен тозок Аллахка арызданышат .Бейиш айтат:Оо, Аллах !Эмне учун мага адамдардын кучсуздору жана оз укугунан ажырагандар кирет".Тозок айтат:Мага заалымдар жана текеберлер гана кирет".Аллах Таала бейишке айтат: "Сен менин мээримимсин,каалаган пендеме сени менен ырайым кылам".Тозокко айтат: "Сен менин азабымсын,сени менен каалаган пендеме азап берем".
Аллах Таала айтты:
"Мына акырет журту, Аны (Бейишти)жер бетине менменсинбегендерге ,бузукулук кылбагандарга насип кылып коёбуз.Чындыгында жакшы акыбет такыбалардыкы. Аллах Таала айтты:
"Адамдарга кекирейбе жана жер устундо текеберлене баспа,Акыйкатта Аллах баардык мактанчаактар менен кекирейгендерди суйбойт",(Лукман-18)
Салаама бин Аква айтты:
"Бир киши Пайгамбар саллаллаху алейхи васалламдын астында тамакты сол колу менен жеди эле, Пайгамбар алейхис-салам он кол менен жештен (сени)текебердик гана тыйды деп. "Андай кыла албай кал! "деди,Ошондон кийин (тигил киши)он колун оозуна которо албай калды.(Муслим)
Пайгамбар саллаллаху алейхи васаллам башка бир хадисте айтты: "Силерге тозок элинен кабар берейинби?Алар. Оройлор ,заалымдар жана текеберлер "(Муттафакун алейх) Ибн Умар (андан Аллах ыраазы болсун)мындай деди:Пайгамбар саллаллаху алейхи ва саллам айтты: "Кайсы бир киши текебердене басып ,озун чон сезсе, Аллахтын ачуусу келген абалда жолуктурат".
Абу Хурайрадан риваят кылынган хадисте Биринчилерден болуп уч адам отко кирет:Зулумдук менен устомдук кылуучу падыша, зекет бербеген бай жана мактаанчак кедей".
Булагы: Чон куноолор
Даярдаган: Салия Мамасаипова
______________________________________
_________ _____________________________
🌟 Ислам Нуруна катталыңыздар 🌟
⭐ 4040 смс кызматы⭐
4040 кыска номерине:
FOLLOW islamnyrykg деп бир жолу смс жөнөтүңүз.
Катталуу акысы 1 сом
Эскертүү: Кызмат билайн жана мегаком операторлору үчүн гана жеткиликтүү.
______________________________
- Ok.ru/islamnurukg - www.facebook.com/islamnurukg - Vk.com/islamnurukg - Instagram.com/islamnurukg - Twitter.com/islamnyrykg
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев