а. айтат мен Пайгамбарыбыз с.а.в дын мындай деп айтканын уктум
Ар бир үммөттүн бир фитнасы болот (алар ошол фитнага кабылат) Менин үммөтүмдүн фитнасы байлык ( тирмизий)
Башка бир хадисте айтылган. Эгер Адам баласынын эки кокту малы болсо үчүнчү кокту малы болушун эңсейт ошентип олтуруп (кабырдын)топурагы гана тойгузат деген ( мишкат)
Пайгамбарыбыз с.а.в.дын айткандары эң туура
муну билип койо турган нерсе эмес.Күнүмдүк турмушта көрүп эле жүрөбүз, мына ушул байлыктын көпчүлүгүнөн канчалык бузукулук,сүткорлук,зынакорлук,кумар ойноо ,зулум кылуу,элдерди төмөн түшүрүү,ибадат кылууда жалкоолук болуу ж.б.
Кедейчиликте мунун ондон бирин гана болот.
Бир акын айткан экен ,"Акчаң болбосо базарды жакшы көргөн нерсең тилиңдин учунда гана калып калат экен " деп
Автор. жогорудагы хадистен жыйынтык биз ар кимибиз дүйнө чогултуу менен гана алек болуп жатабыз бир там алсак экнчисин алгангага тырышабыз,бир бизнес ачсак экинчисин ачканга аракет кылабыз ушинтип олтуруп өлүм келип өтүп кетебиз бул эң чоң фитна экенин айтып эскертип кеткен
Байлыгың ашып ташса эмне кылаарың билбей жаман күнөө иштердин эшиктери ачылат чоң сүйлөп өзүңдү чоң сезип көзүңө май толо баштайт, бул эң чоң фитна экенин айтып кетип эскертип жатат
Бул дегени байлык жаман начар чогулпагын дегени эмес болгону байлыктын фитнасына кабылып калбагың деген.
Көптөгөн бай берешен Адамдар бар алар өз байлыктарын туура колдонуп зекет,садака,жетим жесирлерге жардам берип мечит салып бир топ жакшы иштерди кылып жатышат бирок көпчүлүгүбүз байлыктын фитнасына кабылып калып жатабыз
Биз аз гана байлыкты деп бүгүнкү күндө өмүрүбүздү байлык чогултуу менен алек болуп калдык.Акыретибизге өзүбүзгө ыйманыбызга көнүл бурбай калдык!
Эмнеге биз күн сайын байлыкка кам көргөндөй өз ыйманыбызга кам көрбөй калдык? күн сайын өзүбүздөн сурак албай калдык! эмнеге күн сайын ыйманыбыз көбөйүштүн ордуна төмөндөп баратат?Эмнеге куран окууга намаз окууга кызыкпай калдык?Биз ыйманыбызга кам көрөйлү урматтуу бир туугандар дүйнө деп жүрүп топурака кирип кетпейли
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев