Жашоо турмуш кээ бир адамдарга күндөгүдөй эле көрүнүштө өтүп жаткан сыяктуу сезилген менен, бирок табигый жаратылыштын ичинде көп, өтө сырдуу кагылуушу күч алып жүрүп жаткан. Бул жаратылыштын койнундагы согушка алып келген ошол кек, ошол окуялар албетте адам баласына да кээ бирде терс таасирин тийгизбей койгон жок.Акыркы катуу кагылуушуда баарын тындым кылгысы келген Кара Көлөкөнүн тилеги оңунан чыга канча бей күнөө адам баласына кол салып канчасынын жанын кыйган. Көэүнө эч нерсе көрүнбөй бир гана канды эңсеп калган учурунда далайлардын жанын алып, далай жолу сүйүктүүсүнүн тытынды көйнөгүн алып ыйлап чыкпады. Сүйүүнүн керемети ушунда, азабы ушунда заматта гүлдөй жигитти Кара караанга айлантып салды да калды. Анын далай ниетин таш каптыргандардын баарынан өчүн алып бүткөн сыяктуу терең дем алып ала, канчалагандардын канына колун жууган неме адатынча ошол жайына келе отура кеткен.
— Мени кечир! Бирок айлам жок!
Ал адатынча тытылган чүпүрөктү колуна орой жыттап жыттап алды. Кудум эле анда сулуусунун жыты өмүр бою сиңип калгандай көзүн жума искеп искеп бир саамга отура кетти. Өзү менен өзү сүйлөшүүнү адатка айланткан. Бир кездеги эң бактылуу жетелеген сулуусунун колдору экөө баскан таза жолдор азыр канга боёлгон.
Тек гана бакыт издеп сулууну сүйгөн жүрөгү күнөөлүү беле? Канчалаган сыноого түтүүсү мүмкүн эле. Жада калса өзүн өлгөнчө кыйнашса да мейли эле. Тек гана сүйүктүүсүн коргой албай калганына өмүр бою өзүн күнөөлөөчү болду.
Сулуусунун кубарган каны жок жүзүн карап алып, —Мейли сен канча адамдарды коркууга салсаң деле, бирок сенин жүрөгүң таза, балким алар муну билишпейт деп колунан аяр кармап өөп койгон элеси көз алдынан кетпей дале сакталуу калып кеткен тура.
Азыр да ошол абалда калып, азыр да ошол абалда ыйлап жаткан. Азыр муштумдай жүрөктө кымынчалык мээримдүүлүк калбай калган. Баарын тып тыйпылын чыгардым деген менен, бир гана Айдын жана кайран бөрүнүн эки чүрпөсү менен кол алдындагы кызматчысы кайда калганын эч кимиси биле албай койгон эле. Айдындын чоң атасынын накыл насааты менен Айдынды өзүнүн урпагына жөнөтсө, эки чүрпөсүн эч ким таба алгыс жакка жөнөтүп салган. Мына өмүр бою аларды издөө менен күн өткөрүп акыры ушул шаардан угуп, ушул шаарга келген кара көлөкө дале өч алып бүтпөй, канга тойбой жаткан сыяктуу. Бир гана өзүн сүйгөнүнүн жанынан тек гана бактылуу болууга умтулган өзүн көрчүү. Андай көздөр, арсыз дүйнөнү миң айланса да кайра көрө алган жок. Бир гана анын көзүнөн өзүн мээримдүү кылып көрө алчуу. Бирок андан бери далай жылдар өттү эмеспи. Баары бир деле жүрөгүндөгү кара так качан гана жер бетине алардын тукуму курут болуп жок болгончо өчпөшүн,өзү да жакшы билет болчуу. Бирок кантсе да кыз өзү тууралуу баардык нерселерди билишин каалады. Эмнеге андай кылаарын өзү да билбейт, кыздын жанын алууга эмес, кызга баарын ачык көрсөтүүгө ашыгып жатты. Андан да тиги кара көк жал бөрүнүн айбаттулугуна таң бере, көз алдына жанагы өзү тындым кылган жигиттин атасы дал көзүнө тартыла түшөт. Өмүрү эч нерседен тайманып, эч нерседен коркпогон кара көлөкөнүн көңүлүн бурган Айдын да оңой эмес экенине көзү жетип турду.
— Бул ошол, бул менин урпагым, уулумдан калган жалгызым.
Карыя жаш жигитке жакындай басып келип, маңдайына тура калды. Ээгинде чокчо сакалы бар, көздөрү ичкери кирип, бою бир аз пасыраак келген карыяны таң кала тиктеген жигит ордунда катып турду.
— Макул жүрүңүз үйгө, баарын баштан сүйлөшөлү.
Жанатан байкап турган киши, карыяны акырын ийинден таптай алды көздөй үйгө кадам шилтеди. Артынан баары ээрчий жөнөштү. Жигиттен көзүн албаган карыя көз алдына душманы менен кармашта көз жумган баласын келтирип алды.Жаш күчкө толуп турган жигиттин көзү да, өң келбет түзүлүшү бүткүл өзүнүн атасына окшош экени карыя жанатан жигитти көргөндө эле байкаган. Өкүнүчтүү өмүр өкүт. Аттиң өз баласын көрбөй кетти. Көзүнүн кычыгынан куюлуп түшкөн жашты акырын гана аарчып алган карыяны байкаган киши Айдынга кайрылды.
— Айдын уулум силер сырттагы жумушуңарды бүтүрсөңөр карындашыңарды ойнотуп жүрө тургула ээ??
Сыртта өзүнчө ойноп жаткан кичинекей кызын көрсөтүп койду киши.
— Макул сиз айткандай болсун.
Ордунан дароо туруп кеткен эки жигит сыртка чыгыша секелек карындашынын жанына отура кетишти.
— Кызык булар ким экен ээ? Байкадыңбы сени такыр башкача карашты?
Айдынга караган жигит таң кала суроолорду берип жиберди.
— Өзүм да билбейм.
Айдын ооз учунан анткен менен өзү да таң калып, ичинен тиги карыяны ойлонуп отурду.
— Досуңдун айтканын эки кылбай уулун чоңойтупсун. Сага ыраазымын бирок бүгүн аны алып кетишибиз керек, жана бул сөздөр эч кандай кайра талкууга түшүүсүн каалабайм.Сен мени түшүнөсүң деп ойлойм!
Жаш жигиттер сыртка чыгаары менен дароо сөздү кабыргасынан койгон карыя, кишиге тике карады.
— Жок мен мындай кыла албайм! Досума берген антты аткарышым керек. Досум көзү тирүү болсо кайтып келгенче! -деген менен карыя буга көнө койчудай эмес.
— Тилекке каршы досуңду жакында жерге бердик. Ал күчтүү душманы менен кармашта каза болуптур. Аны сыйлап уулун ушунча эрезеге жеткиргениң үчүн ыраазымын, бирок Айдындын атасы да ушул нерсени каалаган болоор эле.
— Жоок - жоок мен бул сөздөргө ишене албайм. Ал мага тирүү кайтып келем деп сөз берген. Жок ал өлгөн убакта да Айдын мага өз уулумдай, демек өзүм чоңойтом.
Карыянын азыркы сөзүнө оңой менен ишенгиси келбеген киши сунушту четке какты. Ал оңой менен Айдынды берип койгусу келбеди. Карыя да муну ички туюмунда сезип турган.
— Мейли мага ишенүү, ишенбес өз эркиң бирок ойлоп көрчү мен өз баламдын өлүмү тууралуу эмнеге сага жалган айтмак элем. Эгер Айдынды алып кетпесем бир эле анын эмес, өзүңдүн, балким бүткүл калааңдын, өмүрү коркунучта калуусу мүмкүн. Кандай ойлойсун атасынан өч алууну көздөгөн кара көлөкө баласын аяп койот дейсинби? Уулум туура иш кылбаса да, ал жалгыз карындашына жеңил, оңой өлүм каалады. Анткени биздин мыйзам такыр башка экенин жакшы билесин сен да. Эгер азыр Айдынды алып, бул жактардан баш алып кетпесем, мага да менин бүткүл калкымдын өмүрүнө коркунуч бар. Сен өзүң жакшы билесин, Айдын дагы бир аз бойго жетсе анын канындагы өзгөрүү кандай болоорун. Бул жерде ага калууга мүмкүн эмес экенин бирок билип туруп да акылсыздык кыла көрбө. Анан да өз балдарыңдын келечегин ойлосоңчу. Ким кепилдик бере алат, эртең коркунучтуу душман сенин эшигиңди какпашына???
Карыя аркы жакта там туң басып ойноп жүргөн кишинин эрке кызы менен баласын карап алды. Канчалык бергиси келбесе да, карыянын сөзү кишининин денесине суу сепкендей калтыратып жиберди. Ооба өзүнүн жанынан эмес балдарынын жанынан корккон кишинин алдына коркунучтуу душман элестей түштү. Кызы менен баласын бир саамга карай тиктеп турду да чечим кабыл алган эмедей кайра сөзгө өттү.
— Макул мен макулмун. Айдынды алып кетиңиз, бирок сөз бериңиз аны бойго жеткирип, атасы тилек кылгандай жигит кылып өстүрөсүз деген үмүттө калам. Эртең эмне болушубузду билбейбиз Айдын мага өз уулумдай болуп калган аны душман көзүнөн алысыраак алып кетесиз, небереңиздин өмүрү сиздин колуңузда болот. Мен досумдун арбагы мага нааразы болбогондой болушун каалайм менден. Чынында кара көлөкө баарын коркууга салып койду. Кайда качпайлы ал баары бир бизден өч алмайынча өлбөйт. Анын сүйүүсүнөн айрылган күн эсимден кетпейт. Ал жерде мен дагы бар элем, демек анын мага да келчүү күнү алыс эмес. Карыянын жүлжүйгөн көздөрүн караган киши колун акырын карыянын ийнине койуп таптап койду да, ордунан тура жигитти чакырганы сыртты көздөй чыгып кетти. Бул учурда Айдын баарын алачыктын сыртынан угуп турган. Качан киши сыртка чыкканда ары көздөй басымыш болуп калды.
— Айдын бул жакка кел уулум!
Кайра кишинин чыккан үнүнөн улам токтоп, артын карап алды. Айдындын көздөрү өзү азыр эле уккан чындыкка даяр эместей көзүнө жаш толо түшкөн эле. Мунун баарын кыраан киши байкап койду.
— Бул тагдыр уулум. Кечир мени мен сен мындай абалда угасын деп ойлогон эмесмин. Даярдык көр жолго аттанууң керек. Калганын чоң атаңдан угуп аласын.
Айдынды аяай караган киши чынында жүрөгү зыркырап турду. Кетиргиси келбей кыйылганы менен, өмүрүнө коркунуч салган кара көлөкөдөн алыс кылуусу керек экенин ойлой, чыйрала түштү. Акырын келе кучактап койгон кишини өз атасындай көргөн Айдын үчүн баарын таштап белгисиз бирөөлөргө кетүү оңой болбосо да айла жок экеннин сезип турду. Баары менен коштошо жолго аттанган Айдынды кишинин үй бүлөсү көзгө жаш алып узатып турушту.
— Балким дагы жолугуп калаарбыз, эң башкысы өзүңдү абайласаң болду.
Кучакташып коштошкон кишинин баласынын жүүнү бошой, үнү муңдуу чыкты. Маңдайынан өөп коштошкон кишинин жубайы да көзүн жаштап, колунда турбай жулкунуп ээрчиген Миренаны карап алды.
— Буйруса силерди албетте издеп келем, анда сен чооң кыз болуп каласын.
Секелек кызды колуна ала койгон Айдын жүзүнөн чоп эттире өөп койду да жерге түшүрө келген чоң атасы менен бирге узап кете беришти.Жан дүйнөсүн жулуп алып кеткен сыяктуу киши артынан караанын узатып карап кала берди
Ооба андан бери далай жылдар агылып, далай күндөр өтпөдү. Айдын чын эле өтө өтө алыстарга кеткен. Кара көлөкө алардын тукуму кайда калганын биле албай акыры душманынын досу кай жерде жашап жүргөнүн да билип ал жерге чабуул жасоону көздөдү. Качан гана алар баары кырылып жок болсо, кийин өзү тынчтана тургандай шашылып жатты.
Жүрөгү бир нерсени сезгендей, ал убакта кишинин түн уйкусу бөлүнүп ойлонуп, онтоп чыкчуу болду. Канчалык оор болбосун кызы менен баласын да кетирүүнү ойлоп турду. Жүрөгү бир жамандыкты сезгендей, экөөнүн өмүрүнөн корко баштады.Көп ойлонуп жанында жаткан жубайына да айткан менен ал жанынан карыш жылбасын жакшы билет. Акыры көп ойлонуп балдарын өзүнөн алыс кармоону ойлоду. Келсе да менден өч алса мейли бирок балдарына кантмек эле. Алар дале наристе экенин душманы карап отурбашын жакшы билет эле. Жакшы сүйлөшүп жубайы менен макулдашмакчы болуп, кызын эркелетип ары жакта отурган жубайын карап алды. Анын көз карашынан түшүнгөн зээнду жубайы кызын агасына кошуп берди да, өзү күйөөсүнүн жанына отура кетти.
— Эмнеге капалуусуз? Байкап жатам түн уйкуңуз бузулган, тынчыңыз кетип жатат. Эмне болду?
Аялы акырын кишинин эчак катып калган колдорун кармай сөз баштады.
Ичинен аялына ичи жылый түшкөн эркек аялынын жүзүнөн акырын сылай,
— Менин акылдуу жубайым. Сен уктап жатып да менден тынчсызданасын ээ, рахмат сага баары үчүн.
Эркектин сөзүнө аялдын көздөрү жайнай түштү.
— Сага сунушум бар! Бирок билбейм сен кандай кабыл алаар экенсин...
Көздөрүн ала качып жүзүн жер каратып башын шылкыйта ылдый салган эркекти эмне дей койоор экен деп ойлой аялы акырын үн катты.
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 21