1
- Кеч жатып эрте турмай адатка айланды. Жумуш- жумуш...
Үй баягы эле ызы- чууга толгон көрүнүш. Балдарым жаш. Апасы бирин кармаса, экинчиси колунан суурула качып карматпай, шайын оодарып көпкө кыйнайт. Мен бул балдарымдын кыйкырыгынан чарчап, бат- бат кийинип үйдөн чыгып кетүүгө шашам.
- Алибек, кармачы тигил балаңды!- деп Чынара кыйкырып калды. Бутума ороло калып, аталап, мага эркелеген уулумду ачуум менен силкий булкуп апасына бердим. Али арамдыкты айырмалай элек бажырайган көздөрү менен мени тигиле караган уулум апасынын моюнуна колдорун ороп, менден жүзүн катты.
-Ачууң келип кетти го атасы? Эмне болду? Жумуштан коңгуроо кылыштыбы?
Күндөгүдөй эле жылдыздуу кареги менен мага эркелей сүйлөгөн Чынарам, уулума жасаган копол мамилемди билмексенге салып турду.
- Жок! Баары жакшы. Ушуларды сен чектен чыгарып эркелетесиң да! Бир тынч олтуруп тамактанып кеткен күнүм болобу жумушка?! Алып барчы өз бөлмөлөрүнө. Эй Бектен! Кийинсең боло, инилериңе ушундай үлгү көрсөтүп жатасыңбы?! Сен улуу агасысыңда. Тарталаңдап ич кийимчен куушуп ойнойсуң! - деп улуу балама корс эттим.
Баары тынчтана калып, мостоюшат. Аларга кошулуп апасынын кабагы салаңдай түштү. Кайра дароо жаркылдак кыялына салып, ууртунан жасалма күлүп, мага кофе жасап кирди.
- Алибек, жаным. Балдар али жаш да... Эң улуусу деле эми төртүнчү класс болбодубу. Сага эркелегиси келип кетти окшойт уулуңдун. Андан көрө, мага муну айтчы... Апамдар качан келебиз дешти эле?
- Койчу Чынара, обу жок эркелетесиң. Уул балага катуу болуш керек. Уктуңбу?! Катуу!
- Атасы, сенин катуу болгонуң жетишет. Экөөбүз тең катуу карайбыз деп балдардын кыялдарын бузуп албайлы дейм. Мен энелик мээримимди аябай бере турган жашта булар азыр. Бирөөбүздөн корккону жетишер?
- Ай ушу сенин акылмандыгың бүтпөдү. Деги түшүнбөйт экенсиң го. Мына достордун балдары кандай эле тартиптүү үйүнө барсаң. Созулуп учурашып, өз бөлмөлөрүнө кирип кетишет. Тынчыңды алышпайт. Сен баланы ээн- эркин тарбиялайм деп, үйдү баштарына көтөрүп алышса да унчукпайсың. Эгерде кызым болгондо, мына ошого аяр, сылык мамиледе тарбияласам жарашмак.
Мен оозумду жыя электе Чынарамдын көзүнө жаш тегеренип, жер тиктей баштады. Дагы оозумдан бүлк этип чыгып кетпедиби кашайып. А, мейли, билсин,- деп кайра ичимден чыйралып, Чынарамды сооротпой, каалганы карс жаап сыртка чыгып жөнөдүм.
- Алибек, а апамдарчы?- деп акырын ый аралаш артымдан сүйлөп кала бергенин чала угуп калдым.
Машинемди от алдрып жатып, үстүңкү кабаттын терезесинен эки уулумдун тиктеп турганын көрүп , ого бетер ачуум күчөп ызылдатып айдап жөнөдүм.
Менин төрт уулум бар. Бешинчи уулум төрөлүп, эки ай жашап чарчап калды. Бул оор сыноону көтөрө албай аялым көпкө төшөктөн тура албай жатып калган. Бара- бара убакыттан өткөн дары жок экен, ордуна келди. Кээде буга мени күнөөлөгөндөй сезилет. Албетте, жүзүмө айта албаса дагы көздөрүнөн сезем.
Бешинчи уулум төрөлгөндө төрөт үйүнө барбай койдум. Бул менин көктүгүм. Аны УЗИ аркылуу тешерип уул экенин врач айткан күндөн маанайым түшүп, үйгө бата албай жүрдүм. Кыздуу болууну самап, кыялданып келем. Кээ бир эркектер "уулум жок"- деп зарланса, меники тескерисинче. Аялымдын күнөөсү жок, аны жакшы билем. Ошентсе да ачуум мурун учуна чыгып, көбүнчө корс тийип капа кылып алам. Эми врачтар төрөй албайсың деп айтышыптыр. Акыркы төрөтү оор болуп келинчегим араң аман калган. Тобокелге салып төрөсө болот экен. Бирок, эненин өмүрүнө кепилдик бере албайбыз дешти.
Мен уулдарымды абдан жакшы көрөм. Болгону кыз бала күтүп, күйүтүмдөн жыл сайын өрттөнүп баратам. Бир эле кыздуу болсом арманым жок эле.
Акыркы күндөрү жөн эле себепсиз келинчегимди капа кылмай адат таптым. Апам абдан урушат, канча ирет "кудайдан корксоң боло!"- деп тилдеген күндөрү болду.
Кээде бул өзгөрүүмө Марал менен болгон мамилем себеп болуп жүрбөсүн деген ой дагы келет. Катуу капа болсом, маанайым чөксө дароо ага жолукмай адатым бар. Азыр дагы анын алдына жөнөдүм.
Марал экөөбүз капысынан түштөнүп олтуруп бир кафеден таанышып калганбыз. Анын айтымында биринчи турмушунан жакшылык көрбөй, көк муштумдун айынан ажырашканбыз дейт. Мен ага ишенгим келди, эмнегедир.Ошол учурда жумушумда көйгөй болуп, уулум дагы чарчап калган эле. Мага баары бир сыяктуу жан- дүйнөм селсаяктардай күн кечирип калган. Өзүмдү алаксытуу үчүнбү, айтор Марал менен ошондон кийин бат- бат кезикчү болдук.
Мүнөзү оор жакшы аял.
Уландысы бар
Эльвира Мейманова
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 14
Бирок кыз куткон эркекти биринчи корушум