Ажыдаардын каргышы.
_ Олли, Владыканы алып, аска тарапка кеткиле. __ кайра согуш майданына чыкты Итилгил.
Ли дароо нурлуу башкаруучунун колунан сүйрөп, ыраактан аска көрүнүп турган эңилчектер өскөн чуңкурга жетелеп жөнөдү. Кыз башында Эллди бир кычыкка тыгып салып, аны өзү калкалап тосуп алгысы келген, бирок ошол кезде анын көзүнө Тобазардын берген скриптустун жазуусуна опокшош жазуусу бар рун жазуусу чагыла түштү.
_ Биз куткарылдык. __ кудайга ыраазы боло, коюнундагы тумарын алып чыгып. _ Элл, сен бул макулуктарды, өз сыйкырың менен бир нече көз ирмемге алыстатып тура аласыңбы? __ шашыла сурады Ли.
_ Ооба __ Владыка дароо эле жооп берди. _ Бирок, мен ал үчүн бардык күчүмдү жумшоого туура келет.
_ Эч нерсе эмес. __ анын көңүлүн жайгарып койду мергенчи кыз. _ Бизге сенин ошол көз ирмемдерди белек кылганың эле жетет кетип калуубузга. Бул жерде тоо астына кирүүчү жол бар экен. Тиль! __скриптусту ташка коюп жатып, ачууланып согушуп жаткан досун өзүнө чакырды. _ Үч дегенде баарың артка чегинесиң! Er, atta... (бир, эки...) __ былк этпей, гномдор дүйнөсүнө өтүүчү дарбазанын акырын ачылышын күтүп, _ Nelde! (үч!) __ кыйкырды Оливия, аз жерден тең салмагын жоготуп ала жаздап, уркуюп чыгып турган жерди араң кармап үлгүрдү.
Жер силкинип, үстүндө турган түбөлүктүү токой менен анын жашоочуларын өзүнүн үстүнөн кагып, түшүрүп салгысы келгендей, катуу корулдаган үн чыгып, андан кийин керемет күч жерди жарып, андагы ташты, өсүмдүк, тамырларды сууруп, омкоруп кол салып жаткан зургарлар тарапка таштады.
Ольдт, жапырт жабыла асканын ачылган жерине шамалдай тездикте киришти, акыркы эльф аска бооруна кирген кезде, Ли рундагы скриптусту коё берип, Тоо-алдындагы дарбазаны жапты.
_ Гномдордун тумары, сенде кайдан жүрөт? __ оор күрсүнүп, колундагы куралын түшүрүп, базальт дубалдарга жөлөнүп туруп калды Итилгил.
_ Узун мурунума алмаштырып алдым. __ күлдүрүп, күңк этип, Оливия анын катарына тура калып, көздөрүн жалжылдатып.
_ Өкүнүчтүү. __ кызды ийини менен акырын түртүп, күлүп койду Итил. _ Биздин мурундарыбыз бирге жарашып калмак.
_ Оо жо-жок. __ Оливия аны капталына сөөмөйү менен сайып. _ Эки узун мурун жуптар, булар мукурап калгандар дагы эмес, булар-бир кыйроо болуп калат го....
_ Бул дагы эмне үчүн? __ чарчаңкы жылмайып, күлүп жаткан ольдтогу жолдоштору менен бирге күлүп, тигиле карады.
_ Ой, алар деген бири-бирин өөп жатканда мурду менен сайып албайбы. __ эльфтин мурдунун учуна чертип койду.
Үңкүр ичин шаңдуу күлкү жарып жиберди, анан Ли, жөлөнүп турган дубалдан силкине туруп, таш үстүндө олтурган Элладриилге басып барды.
_ Lle ulce? (өзүңдү жаман сезип жатасыңбы?) __Оливия коркуп кетип Владыканын колун кармады.
_ Көп күч короттум. __ оор үшкүрүп. _ Ал эми токой алыс. Кайрадан калыптанып алууга оор.
_ Сен, токойдон кубат аласыңбы?
_ Токойдон, суудан, абадан, жерден, дарыя-деңиздерден, гүлдөрдөн. __ алсыз жылмайды эльф. _ Айвендрилдеги баардык жандык, мени менен кубатын бөлүшүп турат. А бул таш, ал меники эмес. __ оор дем алып, күңүрт дубалдарды айландырып карап чыкты.
Ли, Владыканын жанына олтура калып, болуп жаткан жагдайды ойлонуп, кызыга түштү.
_ Элл, сен буга чейин Айвендрилден зургарларды көрдүң беле?
_ Бул, менин өмүрүмө биринчи жолу кол салуу эмес. __деди Элладриил. _ Эгер сени ушул суроо кызыктырып жаткан болсо. Бирок сен зирек экенсиң, зургарларга чейин дроулар коё берчү эмес.
_ Эмнеге сен буларды дроу деп ойлоп калдың?
_ Кара эльфтер, жер жүзүндө бир эле биз менен эмес, бүтүн жер үстүндө жашаган жашоочулардын баары менен согушуп келет. Дроулар кулдардын эсебинде жашашат, аларга эч айырмасы жок булар-- Эльф болобу, же гоблин, гном, адам же болбосо оркторбу, баары бир. Алар негизинен түнкүсүн кол салышып, олжолорун, туткундарын ошондо колго түшүрүшөт, ал эми күндүзү жалданмаларды жалдашат, эгерде кимдир бирөөнү өлтүргүсү келсе.
_ А, эмне үчүн күндүзү эмес, алар эмне өздөрү согушуга күчтөрү жетпейби?
_ Алар күндүз эч нерсе көрө алышпайт, момолой сыяктуу. Бирок караңгыда, жер астында мышык менен үкүдөн да мыкты көрө алышат. Байкашымча, менин Дорэнриэнн менен жолугушууга барарымды билип калган го.
_ Арабызда чыккынчы барбы? __ коркуп кетти Оливия.
_ Биздин арабызда, же болбосо Силмрахдтын адамдарынын арасында. __ өз оюн ортого салды Элладриил.
_ Мен бир нерсени түшүнбөйм: мындай көп сандагы зургарлар кантип Аххадтын чегарасынан өтүп, Айвендрилге кирип алды?
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 14