Ажыдаардын каргышы.
Шумкар болуп жаткан иштин чоо-жайын Варгардтан сурап билип алмак болгон, бирок, Аххадтын батыш чек арасына жеткен кезде, Магрид анын досун толугу менен түшүндүрүп, ооз ачпай тургандай кылып койгонун түшүндү. Варгард эч нерсени толук түшүндүргөн жок. Болгону, Кассэль чек арадан кайтып келген отрядтардан, бирин-серин укканы, Грэммодрдагы кырдаал көзөмөлдөн чыгып бараткан өңдөнөт. Акыры суткаларда, Грэммодрдагы кордонго (кордон-чек ара коруучу отряд) макулуктар бир нече жолу күтүлбөгөн жерден кол салып, ал эле эмес, орктордун отряды менен жеке - жек да салгылашуу болгону Кассэлди сары-санаага салды.
Бирок Магрид бир жагынан алганда туура эле кылып жаткандай: албарстылар уйкулуу булуң тез-тез басып өткөнүнө караганда, Оливияны эртерек табуу керек болчу.
Анан калса Айвендрилден келген кабар да жубатардык эмес эле. Элладриилден келген катта, Касстын жубайы тунгуч туулгандардын империясында оң натыйжа берген жок. Балким кыз эльфтердин кулак укпаган, чытырман түнт токоюна жашынып алышы мүмкүн деген божомол бар. Бирок Элл өлкөнүн ар бир дарак, таш, жалбырактын астын аңтарып, кандай болгон күндө да аны Кассэлге кайтарып берем деди.
Джед, дель Орэн өзүнүн Шумкар Тырмагы сарайындагы коргоочу аскерлерине нускоочу кылып дайындаган, Касстан бешбетер сары-санаа болуп жатты. Эркин мергенчи, чоң булактын агымындай болгон кызыл чачын сербеңдетип, Кассэлдин бөлмөсүндө тынчсызданып ары-бери басып, Кассты кызды, бир жамандык болуп кеткенче, өз алдынча издөөгө көндүрө албай убара болуп жатты.
_ Биз аны кайдан издемек элек? __ чарчаңкы жүзүн сүртүп жооп берди Касс. _ Жада калса, мен кекчилдик-куштардын баарын багындырып алган күндүн өзүндө да, билесиңби, биз канча жерди айланып чыгышыбыз керек, ага дагы канча убакыт кетет?
_ Кандай айырмасы бар?! __ ачууланды кызыл чач. _ Сенин өтө мыкты бекитилген тепшиңдин ичинде күтүп олтургандан көрө, издеген жакшы эмеспи!
_ Оозуңа байкап сүйлө. __ күңк этти Касс. _ Бул тепши :менин урпактарымдын сарайы.
_ Тепши! __ өжөрлөнө башын кулжуңдатты Джед. _ Бул эмне деген сарай, токойго чыгуу үчүн өрдөккө окшоп, суу астынан сүзүп өтүү керек болгон?! __ токой аралап, ээн-эркин жүрчү мергенчиге бул төрт дубалдын ичинде кармалып олтуруу, Лиден кабар келбей жатканынан да көбүрөөк кыжырына тийип жатты жана бул тууралу ыңгайлуу учурду колдон чыгарбай, кайра-кайра Касстын кулагына да куюп жаткан.
_ Бул коопсуздук үчүн. __ мына, өжөр мергенчиге бул тууралу бир нече жолу түшүндүрдү.
_ Ооба! Билем... __ колун шилтеп ары басты Джед. _ Мында башка олтура албайм, бирдеме кылыш керек.
_ Миңдеген эльфтер Айвендрилдеги тоолорду, токой-сууларды кыдырып жүрөт.__ деди Касс. _ Ишен, мен эмне кылып жатканымды жакшы билем. Ошон үчүн да Оливиянын аурасын жеткирип келдим да. Анын аурасын сезери менен аны таанышат. Эльфтер адамдардын жүзүн эмес, ошол аурасын эсине сактап калат. Адамдын жүзү каарып, же болбосо таанылбагандай болуп өзгөрүп кетүүсү мүмкүн, бирок аурасы эч качан. Эгерде сага күтүү ушунчалык оор болуп жатса, кел андай болсо сенин тааныштарыңдан кабар алып кайтабыз. Балким Оливия кимдир бирөөсүнөн сага кат-кабар калтырган чыгар?
Джед эсине бирдеме түшүп кеткендей, селт этти да:
_ Муну неге ойлободум экен! Ооба, Зигги менен Хамродко милдеттүү түрдө барып кайтту керек! __ мергенчи бат эле жолго чыгууга камданып келе калды. _ Мен азыр, Лэйниге кеткендигим тууралу кабар берип коёюн, анан жолго чыга берсек болот.
Касс башын чайкап, Джед экөө жоктугунда сарайга баш көз болууга баштоочуну дайындоо үчүн, архонтту чакыруу белгисин коё берди. Дэрек бир жума мурун борборго кеткен, агасы анын кайра кайтып келүүсүн каалаган жок.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 6