670(1402). Абу Хурайранын (Алла ага ыраазы болсун) сөздөрүнөн пайгамбар алейхиссаламдын мыидай дегени рабаят этилет: «(Кыямат Күнү) төөлөр өз кожоюнуна (бул дүйнөдө) алар кандай (семиз) болсо, дал ошондой мыкты абалда келишет, эгер ал алардан (төлөнүүгө) тийиш болгон (зеккетти) төлөбөгөн болсо, алар аны туяктары менен тебелей башташат, койлор да өз кожоюнуна (бул дүйнөдө) алар кандай (семиз) болсо, дал ошондой мыкты абалда келишет, эгер ал алардан (төлөнүүгө) тийиш болгон (зекетти) төлөбөгөн болсо, алар аны туяктары менен тепкилеп, мүйүздөрү менен сүзгүлөп киришет».
(Пайгамбар алейхиссалам дагы) айткан: «Жана да алар саалып жатканда алдында ичерге суу болушуна укуктуу».
(Пайгамбар алейхиссалам дагы) айткан: «Анан Кыямат Күнүндө еилерден эч ким мага мойнунда маараган кою менен[9] менин алдыма келип, «Эй Мухаммад!»[10]-дебесин, себеби мен ага: «Сен үчүн менде эч нерсе жок, (анткени) мен (сага Алланын кабарын) жеткирген элем го!»-деймин. Анан да эч мага мойнунда бакырган төөсү менен менин алдыма келип: «Эй Мухаммад!»-дебесин, себеби мен ага: «Сен үчүн менде эч нерсе жок, (анткени) мен (сага Алланын кабарын) жеткирген элем го!» - деймин».
9 Мында адам тнйнштүү зекетин телөбогөн кой назарда тутулган.
10 Башкача айтканда, андай адам менден шапаат сурабасын. (Сахих Ал-Бухари)
671(1403). Абу Хурайранын (Алла ага ыраазы болсун) сөздөрүнөн Алланын элчиси алейхиссаламдын бул айтканы рабаят этилет: «Алла агаа кылган байлыктан зекет төлөбөгөн (адамдын) байлыгы Кыямат Күнү анын алдына көзүндө эки кара тагы[11] бар уулуу жылан болуп келет да анын денесине оролуп алып, (тишин) анын бетине магырат да: «Мен - сенин байлыгыңмын, сенин казынаңмын», - дейт». Анан (пайгамбар алейхиссалам төмөндөгү аягты) окуду: «Алла жоомарттыгы менен берген нерселердин (зекетин) берүүгө бакылдык (сараңдык) кылган кишнлер эч качан бул кылмыштарын оздөрү үчүн жакшылык деп эселтешпесин! Жок, бул кылган иштери (алардын) оздорү үчүн Жамандык. Бакылдык кылып бербеген нерселери Кыямат Күнүндө алардын (Сахих Ал-Бухари)
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев