21- БАП. Жан талашуу.
2025(6511). 'Аишанын (Алла ага ыраазы болсуи) мындай дегени рабаят этилет: «Пайгамбар алейхиссаламга орой бедуиндер келип, андан: «Ал Саат[48] качан келет?» деп сураган учурлары аз эмес эле, ал болсо алардын эң жашына карап: «Эгерде тигиге (узак) жашоо (насип кылышса), анда силер үчүн «ал Саат» ал карыган чал болгондон мурдараак келет», - дечү, алардын өлүмүн назарда тутуп.
48 Башкача айтканда, Кыямат Күнү.
22- БАП. Кыямат Күну Алла бүткүл Жерди Өз колунда кысат.
2026(6520). Аби Са’ид аль-Худринин (Алла ага ыраазы болсун) сөздөрүнөн бир жолу пайгамбар алейхиссаламдын: «Кыямат Күнү Жер нанга (окшоп калат), ал эми Кудуреттүү аны Өз колу менен силердин ар бириңер сапарга жөнөөр алдында наныңарды оодаргандай оодарат жана ал бейиштегилер үчүн сый тамакка айланат» - дегени рабаят этилет. Андан соң (пайгамбар алейхиссаламга) жөөттөрдүн бири келип: «Сени Рахман жалгасын, эй Абу-л-Касым! Сага бейиш тургундары үчүн Кыямат Күнүндөгү сый тамак жөнүндө айтып берейинби?» - деди. (Пайгамбар алейхиссалам:) «Ооба», - дегенде (ал жөөт:) «Жер наига (окшоп калат)...», - деп пайгамбардын айткандарын кайталаганда ал бизди карап, азуу тиштери көрүнгүчө күлдү. Анан (ал жөөтгөн:) «Сага алар аны эмне менен жешээри жөнүндө айтып берейинби?» - деп сурап, анан: «(Бул) балаам жана балык (болот)», - деди. (Адамдар:) «Ал эмнеси?» - деп сурашты. Ал: «Бука менен балык, анын боорунун (бир эле) бөлүгүн жетимиш миң адам жеп тоёт», - деди.
2027(6521). Сахл бин Сааддын (Алла ага ыраазы болсун): «Мен пайгамбар алейхиссаламдын: «Кыямат Күнүндө адамдар таза нандай[49] агыш-кызгылт жерде чогултулат», - дегенин укканмын» - дегени рабаят этилет.
49 Мында эленген майда ундан бышырылган нан назарда тутулуп жатат.
24-БАП. (Кыямат Күнүндөгү) чогулуу.
2028(6522). Абу Хурайранын (Алла ага ыраазы болсун) сөздөрүнөн пайгамбар алейхиссаламдын мындай дегени рабаят этилет: «(Кыямат Күнүндө) адамдар үч жол менен чогултулат: (биринчи болуп) каалагандар жана корккондор[50] чогултулат, (экинчи ыкма менен) төөлөргө экиден, үчтөн, төрттөн жана ондон (адам отургузулуп) чогултулат, ал эми калгандарын айтсам, аларды от чогултат,[51 ] ал алар түшкү өргүүгө токтогон жерде да, түнөгөн жерде да, алар таңды госкон жерде да, кечинде да алар менен бирге болот».
50 Башкача айтканда, бейиштен үмүт кылган жана оттон корккондор.
51 Мында аларды чогула турган жерге от айдап барары назарда тутулган.
2029(6527). ’Аишанын (Алла ага ыраазы болсун) сөздөрүнөн Алланын элчиси алейхиссаламдын: «Адамдар жылаңаяк, жылаңач жана сүннөт кылынбаган абалда чогултулат»,-дегенй рабаят этилет.
'Аишаиын айткан: «Мен: «Эй Расулулла, эркектер менен аялдар бири-бирине карашабы?» - деп сурадым эле, (пайгамбар алейхиссалам:) «Аларга аябай кыйын болгондуктан, бул жөнүндө ойлоого чамасы келбейт!» - деди».
25-БАП. Алла таала айткан: «Алар өздөрүнүн улуу бир Күндө - бардык адамдар бүткүл ааламдардын Раббиси алдында тик турун (эсеп-кысап бере турган кыямат) Күнүндө кайра тирилүүчүлөр экендигин ойлошпойбу?!» («Мутаффифуун», 4-6).
2030(6532). Абу Хурайранын (Алла ага ыраазы болсун) сөздөрүнөн Алланын элчиси алейхиссаламдын: «Кыямат Күнүндө адамдар ушунчалык (катуу) тердегендиктен, алардын терлери жерге жетимиш кез (тереңдикке) сиңет, ал эми алардын айрымдарынын ооздорун жаап салат[52], (себеби тер алардын) кулактарына (жеге көтөрүлөт)»,-дегени рабаят этилет.
52 Башкача айтканда, аларга сөз айттыра койбой ооздоруна куюлат.
26-БАП.Кыямат Күнүндо (ар кимдин өз) энчисинин берилиши.
2031(6533). Абдуллахтын (Алла ага ыраазы болсун) сөздөрүнөн пайгамбар алейхиссаламдын: «Кыямат Күнүндө) бириичи болуп ортолорунда кан болгон[53] адамдар соттолот» - дегени рабаят этилет.
53 Башкача айтканда, өлтүрүүгө укугу жок туруп адам өлтүргөндөр жана алар колдуу болгондор.
27-БАП. Бейиштин жана тозоктун сүрөттөлүшү.
2032(6548). Ибн Омардын (Алла аларга ыраазы болсун) сөздөрүнөн Алланын элчиси алейхиссаламдын мындай дегени рабаят этилет: «Бейиш эли бейиштен, ал эми тозокулар тозоктон орун алгандан кийин өлүмдү бейиш менен тозоктун ортосуна алып келип союшат, анан жарчы: «Эй бейиш тургундары, өлүм (эми) жок! Эй тозок тургундары, өлүм (эми) жок!» - дейт жана бул бейиш тургундарына кубаныч, ал эми тозок тургундарына кайгы кошот».
2033(6549). Абу Са’ид аль-Худринин (Алла ага ыраазы болсун) сөздөрүнөн Алланын элчиси алейхиссаламдын мындай дегени рабаят этилет: «Акыйкаг, Кудуреттүү жана Улуу Алла бейиш тургундарына кайрылып: «Эй бейиш тургундары!» - дегенде, алар: «Биз мындабыз, Раббибиз, Сага кызмат кылууга даярбыз!» - дешет. Ошондо Ал: «Силер ыраазысыңарбы?» - ден сурайт, алар болсо: «Биз эмнеге нааразы болмок элек, себеби Сен бизге Өзүң жараткандардын эч кимисине атаа кылбаган нерсени атаа кылдың!» - дешет. Ошондо Ал: «Мен силерге мындан да жакшыраак нерсе атаа кыламын!» - дейт. Алар: «Я Раббибиз, мындан эмне жакшыраак?» - дешкенде, ал: «Мен силерге Өзүмдүн жакшы дитимди атаа кыламын жана ошондон кийин эч качан силерге ачууланбаймын!» - дейт».
2034(6551). Абу Хурайранын (Алла ага ыраазы болсун) сөздөрүнөн пайгамбар алейхиссаламдын: «Каапырдын (эки) далысынын ортосундагы (аралык) шашылган атчан үч күндө өтө турган арачыкка (барабар болот)[54]», - дегени рабаят этилет.
54 Тозокулардын азабы дагы да күчтүүрөөк болсун үчүн алардын денелери дагы да чонойтулаары эске алынган.
2035(6559). Анас бин Маликтин (Алла ага ыраазы болсун) сөздөрүнөн пайгамбар алейхиссаламдын: «(Айрым) адамдарды от күйгүзгөндөн кийин (тозоктон) чыгышат[55] жана бейишке киришет, бейиш тургундары болсо аларды тозоктон чыккан адамдар /жаханнамийуна/ деп аташат», -- дегени рабаят этилет.
55 Алар тозоктон пайгамбар Мухаммад алейхиссаламдын шапаатынан кийин чыгышат.
2036(6562). Ан-Нууман бип Баширдин (Алла ага ыраазы болсуи) бул айтканы рабаят этилет: «Мен пайгамбар алейхиссаламдын мындай дегенин уккан элем: «Чындыгында Кыямат Күнү эң жеңил жазага тартылган адамдын буттарына[56] эки көмүр чогу коюлат, ошондон анын мээси казандагы же оозу ичке идиштеги нерсе кайнагандай кайнап чыгат».
56 Мында буттардын башы назарда тутулган.
2037(6569). Абу Хурайранын (Алла ага ыраазы болсун) сөздөрүнөн пайгамбар алейхиссаламдын мындай дегени рабаят этилет: «Бир да(адам) дагы да көбүрөөк шүгүр кылсын үчүн ага эгерде жаман иш кылса тозоктон (ээлей турган) орду көрсөтүлбөй туруп бейишке кирбейт, ошондой эле бир да адам анын өкүнүчү (дагы да күчтүү болсун) үчүн ага эгерде жакшы иштерди кылганда бейиштен (ээлей турган) орду көрсөтүлбөй туруп тозокко кирбейт».
28-БАП. Көлмө (тууралуу) Алла тааланын: «Албетте, Биз сага Каусарды тартуу эттик[57]» («Каусар»,!) дегени жөнүндө.
2038(6579). Абдуллах бин ’Амрдын (Алла аларга ыраазы болсун) сөздөрүнөн пайгамбар алейхиссаламдын мындай дегени рабаят этилет: «Менин көлмөмдүн (бир жээгинен экинчи жээгине жетүү үчүн) бир ай жол жүрүү (керек), анын суусу сүттон да агыраак, анын жыты мускустан (жыттуураак), ал эми анын жээгиндеги кумуралар асмандагы жыл- дыздардай (көп), ким андан ичсе, эч качан чаңкоону билбейт».
57 №1719-жана 1720-хадистерди кара.
2039(6577). Ибн Омардын (Алла аларга ыраазы болсуи) сөздөрүнөн пайгамбар алейхиссаламдын: «Алдыңарда (чоңдугу) Жарба менен Азрухтун[58] ортосундагы аралыкка барабар көлмө (болот)», - дегени рабаят этилет.
58 Жарба жана Азрух - Шамдын аймагындагы шаарлар.
2040(6580). Анас бин Маликтин (Алла ага ыраазы болсун) сөздөрүнөн Алланын элчиси алейхиссаламдын: «Менин көлмөмдүн (чоңдугу) Айла[59] менен Йемендеги Сананын ортосундагы (аралыкка) барабар, ал эми (анын жээгиндеги) кумуралар саны жагынан асмандагы жылдыздардай», - дегени рабаят этилет.
59 Айла - Шамдын Кызыл деңиз жээгиндегы шаары.
2041(6587). Абу Хурайранын (Алла ага ыраазы болсун) сөздөрүнөн пайгамбар алейхиссаламдын бул айтканы рабаят этилет: «(Бир жолу) түшүмдө (мага адамдардын) тобун (алып келишкенин) көрдүм[60], мен аларды тааныганда мени менен алардын ортосунда бир адам[61] туруп: «Шашылгыла!» - деди. Мен: «Каякка?» - деп сурадым. Ал: «Аллага ант ичем,отко!»-деди. «Аларга эмне болуптур?» -деп сурадым. Ал: «Сении (өлүмүңдөн) кийин алар (сенин диниңден) кайтып кетишти!» - деди, мен алардын кароосуз оттогон гөөлөргө окшогондорунан[62] башка кимдир-бирөөсү кутулганын көргөнүм жок».
60 №1343-хадистин түшүндүрмөсүн кара.
61 Мында периште назардатутулган.
62 Башкача айтканда, бир азынан башкасы, себеби кароосуз оттогон төө кемден-кем учурайт.
2042(6591). Харис бин Вахбдын (Алла ага ыраазы болсун) мындай дегени рабаят этилет: «Мен пайгамбар алейхиссаламдын өз көлмөсү жөнүндө айтып жатып: «(Анын чөңдугу) Медина менен Сананын ортосундагы (аралыкка) барабар», - дегенин укканмын.
(БААРДЫК ХАДИСТЕР САХИХ АЛ-БУХАРИДЕН АЛЫНДЫ)
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев